Перс булуңундагы бир жаңжалдын босогосунда

Иран айдын аягында 2015-жылы жетишилген өзөктүк долбоор боюнча келишимдин негизги милдетин аткаруудан баш тартаарын жар салды.

Ирандын Атомдук энергия уюмунун башчысы 27-июндан тарта, байытылган урандын көлөмү үч жүз килограммдан жогору болот деп айтты. Чектөө Иран жана алты өлкө кол койгон келишимде бекитилген болчу.

Дональд Трамп 2015-жылы кол коюлган өзөктүк долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып, Тегеранга каршы жаңы санкцияларды сала баштагандан кийин кырдаал курчуп кетти.

Май жана июнда Перс булуңунда бир нече мунай танкерлерине кол салуу болуп, АКШ Иранды айыптап, чөлкөмдөгү аскердик даярдыгын күчөттү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Оман жээктериндеги чабуулга кабылган танкерлердин бири

13-июнда Перс булуңунда Сауд Арабиянын Сингапурга жана Тайванга бараткан эки мунай танкеринде жардыруу болду.

Перс булуңу - дүйнөдөгү эң тынчы жок аймактардын бири жана соңку 40 жылда бир нече ирет куралдуу жаңжалдар орун алды. Булуңдагы өлкөлөрдүн ар бири этияттап саясат жүргүзгөнү менен кээде чөлкөмдөгү таасир талаштан бири-бирине үстөмдүк кылуу үчүн агрессивдүү кадамдарга барган учурлар болот.

Вашингтон танкерлерге кол салууга Тегеранды айыптап жатат. Иран өз кезегинде бул дооматты четке кагууда.

Иран

Иран региондо башкы ролду ойногусу келет жана өзүнүн саясатын АКШ жана Израил менен катуу каршылыкта жүргүзүп келатат.

Израилдин чалгын кызматынын маалыматы боюнча, Тегеран Газа секторунда израилдик конуштарды аткылаган "Ислам жихады" тобун астыртан колдоого алып келатат.

Иран өзүнүн өзөктүк программасынан улам көп жыл бою санкциялардын кысымында болуп келип, 2015-жылы абалын жеңилдеткен келишимге жетишкен. Санкциялары алынган, бирок убактылуу эле.

Иран убагында Саддам Хусейин башкарып турган Ирак менен кармашкан. Ирандын бул региондогу стратегиялык атаандашы - Сауд Арабия. Ал Тегеранды шиит азчылыктарын басмырлап жатат деп айыптап келатат.

Соңку айларда кырдаал курчуп кетти. Ɵлкөнүн чоң кызматтагы өкүлдөрү танкерге болгон чабуулду чагымчылык деп четке кагып, эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырууда.

Орусия менен мамилеси

Абдан жакын. Эки өлкөнүн ортосунда соода жана аскердик кызматташтык бар. Орусиялык адистер Бушердеги атомдук станцияны курушкан. Москва менен Тегеран Сирия согушунда Башар Асад тарапта болушту.

Орусия дайыма Иранды санкциялардан коргоп келди, 2015-жылы Крымды кошуп алгандан кийин өзү санкцияга туш болгонуна карабай, Иранга инфраструктуралык долбоорлор үчүн 7 млрд. доллар насыя берген.

АКШ менен мамилеси

Иран менен АКШ ортосундагы мамиле чыңалып турат. АКШ 2015-жылы кол коюлган өзөктүк долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды кайрадан киргизгенден бери Иран экономикалык кыйынчылыктарга туш болду. 2015-жылы жетишилген келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган.

Ошондой эле Тегеран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макулдук берген. Бирок шектенүүлөрүнөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган.

10-15 жылдан кийин Иран кайра эле өзөктүк программасына кайтып келет деп, Дональд Трамп келишимди катуу сындап келген. Ал 2018-жылы май айында келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга каршы санкциялар мурдагы абалына келген. Ноябрь айында Ирандын мунай жана финансы тармагына каршы жарыяланган санкциялар күчүнө кирди. Санкциялардан улам Иранда экономикалык кыйынчылыктар болуп, өлкөдө инфляция чоң көйгөйгө айланды.

Танкерлерге болгон кол салуудан соң АКШ чөлкөмдөгү аскердик кийлигишүүсүн күчөттү.

20-майда Трамп Иранды катуу опузалап, эгерде эки өлкө ортосунда согуш чыгып кетчү болсо, таш-талканың чыгат деп коркутту.


Сауд Арабия

Дүйнөдөгү негизги мунай өндүрүшчү жана мунайдын баасы боюнча саясатты аныктаган өлкөлөрдүн бири. Региондогу башкы саясий оюнчу, исламдын суннит агымын активдүү жайылтып, ошонун идеологиясын бекем коргоп келүүдө.

Дүйнө коомчулугу Сауд Арабияны террордук уюмдары каржылайт деп катуу сындап келген. Ошондой эле Ооганстандагы талибдердин бийлигин расмий тааныганы үчүн катуу сын-пикирлерге кабылган.

Сауд Арабиянын региондогу негизги таандашы - Иран. Булардын ортосундагы келишпестик диний көз караштан улам. Сауд Арабия калкынын дээрлик көпчүлүгү сунниттер. Ал эми Иранда шииттер үстөмдүк кылат.

Орусия менен мамилеси

Совет мезгилинде, тагыраагы 1930-жылдардан СССР ураганга чейин бул эки өлкөнүн ортосунда эч кандай дипломатиялык мамиле болгон эмес. 1990-2000-жылдары байланыштар түзүлдү, бирок эки өлкө өтө эле жакын мамиледе эмес.

2010-жылдардан кийин эки өлкөнүн жолу кесилишкен учурлар бар. Айталы, Сириядагы согушта президент Башар Асадды колдоп жатат. Сауд Арабия ага каршы күрөшкөн топторду колдоого алды.

Деген менен соңку мезгилде эки өлкөнүн мамилеси жакшырып жатат. Орусияга Батыш өлкөлөрү санкция киргизгенде, саудиялык саясатчылар муну сынга алды.

2017-жылдын октябрында Владимир Путин саудиялык падыша Сальман бен Абдель Азиз аль Саудду Москвада кабыл алды. Ушул айдын башында Кремль маалымат таратып, Путин дагы жооп кылып, визит менен бара турганын кабарлады.

АКШ менен мамилеси

Буга чейин да, азыр дагы АКШ менен Сауд Арабия жакшы мамиледе болуп келген жана боло берет.

АКШ - Сауд Арабиянын негизги стратегиялык жана соода өнөгү. Сырткы саясаттагы көп суроолор боюнча биргелешип аракеттенишкен.

Американын курал-жарагынын чоң бөлүгүн Сауд Арабия сатып алат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Журналист Жамал Хашогжинин өлүмү АКШ менен Сауд Арабиянын ортосундагы мамилени сынады

Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунун имаратында АКШда жашаган журналист Жамал Хашогжи өлтүрүлгөн окуядан кийин эки өлкө ортосундагы мамиле салкындап кетти.

Сенаторлор журналисттин өлүмүнө катыштыгы болгон чиновниктерди тизмесин түзүп, аларга санкция киргизүүнү демилгелеген. Президент Дональд Трамп журналисттин өлүмү боюнча ишти териштирүү убадасын берип, бирок кескин чараларга барууга каршы чыккан.


БАЭ

Бириккен Араб Эмирлиги чөлкөмдө өтө этият жана кылдат саясат жүргүзөт. Мамлекеттик деңгээлде бийлик радикалдуу исламга каршы.

Бул өлкөдө терроризмге шектелген уюмдардын банк эсептери тоңдурулган.

Орусия менен мамилеси

Мамлекеттик деңгээлде жакшы. Владимир Путин 2017-жылы апрелде Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мохаммед аль-Нахайянды Кремлде кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосунда "бардык суроолор боюнча ачык баарлашууга аянтча бар" экени айтылган.

11-июнда орус президент жана ханзаада телефон аркылуу региондогу стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо зарылдыгын талкуулады.

БАЭ менен Орусия региондогу жаңжалдарды чечүүдө кызматташып келүүдө. Андан сырткары БАЭ орусиялык куралдарды сатып алат.

Кеминде 2000-жылдардан бери Дубай жана Абу-Даби орусиялык бизнесмен жана чиновниктерди өзүнө тарткан шаар болуп калды.

АКШ менен мамилеси

Орусиядан кем калбаган тыгыз байланыштар бар. Абу-Даби жана Дубайда америкалык компаниялардын миңге чукул офистери жайгашкан.

АКШ эмираттардан мунай сатып алып, курал соодасында Орусия менен атаандашып келүүдө. БАЭ портторун америкалык аскер кемелери пайдаланат.


Катар

Бул өлкө басып өткөн тарыхында Сауд Арабия менен жакын союздаш болуп келген. Бирок акырындап Сауд Арабия менен Ирандын ортосундагы тең салмактуу саясатты жүргүзүүгө жетишти.

Катарда дүйнөдөгү эң ири араб телеканалы "Аль-Жазиранын" штаб-квартирасы жайгашкан. Регион үчүн күтүүсүз кадамга барып, Израиль менен соода-дипломатиялык мамилелерди түзүүгө аракеттенип жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Катар мына ушундай өз алдынча болгону үчүн изоляцияга дагы кабылды

2018-жылы Катар ОПЕКтен чыгып, мунай жана газ өндүрүү үчүн өз алдынча саясат жүргүзүп жатат.

Катар мына ушундай өз алдынча болгону үчүн изоляцияга дагы кабылды.

2017-жылы майда Сауд Арабия, БАЭ, ошондой эле Бахрейн жана Египет биригип, Катар менен дипломатиялык мамилелерди үзгөнүн жарыялашкан.

Мунун формалдуу шылтоосу - болжолу Катар террордук топторго каржылык көмөк көрсөткөн деп айыпташкан.


Кувейт

1990-1991-жылдардан бери бул өлкө региондогу жаңжалдар учурунда калыс позицияны карманып келе жатат.

Бир гана учур бар: Йемендеги шииттердин аскерлешкен уюмдарына каршы күрөшкөн эл аралык коалицияга мүчө болгон.


Ирак

30 жыл мурун Ирак менен Иран согушкан. Саддам Хуссейнден кийин өлкө жетекчилиги Тегеран менен кызматташып келе жатат.

Акыркы жылдары бул өлкө өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ менен күрөштөн баш көтөргөн жок.

Орусия менен мамилеси

Орусия жихаддык топторго каршы күрөштө Иракты колдоп, кызматташып турган. Андан сырткары көп жылдан бери курал-жарак сатат. Ирак орусиялык куралдарды сатып алган дүйнөдөгү Индиядан кийинки эле экинчи өлкө.

АКШ менен мамилеси

Америкалык аскер күчтөрү Иракта 2011-жылга чейин болду. Азыркы учурда Ирак менен АКШнын кызыкчылыгы мунайга байланыштуу. Мунайдын экспорттук көлөмү чоң экенине карабай согуштан кийин өлкөнүн экономикасы бутуна тура албай келүүдө. (AbA)

Тектеш темалар