"Пепси" ордуна ичимдик: азыркы доордогу бартер же товар алмашуу

Плакат Пепси Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Советтик базарга кирүү үчүн Pepsi компаниясы убагында өз продукциясын аракка же башка товарларга алмашуу амалын жасаган

Бартер же товар алмашуу - бизнес жүргүзүүнүн байыртан келе жаткан ыкмасы. Айырбаштоо, алмашуу акча пайда боло электе эле жаралып, кишилерди коомдошуп жашоого түрткөн себептердин бири катары чечмеленип жүрөт.

Бүгүнкү күндө бул түшүнүк экономикасы чабал өлкөлөр менен байланышта каралып калды. Маселен, Венесуэлада соңку жылдары акчанын куну кескин түштү. Ошондуктан бул ыкма кадыресе ишейт. Айталы, балыкчылар өз олжосун тамак-аш, медикаменттерге алмашып алат.

Сегиз жыл мурунку Грециядагы каржы каатчылыгы учурунда дагы товар алмашуу күчөгөн. Бартер менен жеке эле кишилер эмес, мамлекеттер дагы алектенген мисалдар арбын.

Мындай кадамга өлкө кайсыл бир каржы каатчылыгын башынан өткөрүп жатканда, эл аралык изоляцияга кабылганда барат. Буга азыр Венесуэла менен Иранды мисал тартсак болот.

Иран мунайды индиялык күрүчкө айырбаштайт. Күрүч - ирандыктар эң көп колдонгон азыктардын бири.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Иран мунайды индиялык күрүчкө айырбаштайт. Күрүч - ирандыктар эң көп колдонгон азыктардын бири

Бартер бул эки өлкөгө тең АКШ тарабынан салынган экономикалык блокадданы жашап өтүүгө жардам берди. Кээ учурда бартерди ири компаниялар дагы колдонуп жүрөт.

Маселен, 1996-жылы индонезиялык учак кураштырган Industri Pesawat Terbang Nusantara (IPTN) компаниясы өзүнүн эки транспорттук учагын 110 миң тонна тай күрүчүнө алмашкан.

Мындай кызыктуу учурлардан дагы санап өтөлү. 1970-жылдары америкалык Pepsi компаниясы өзүнүн газдалган ичимдиктерин советтик томат пастасына алмашкан экен. Муну менен компания советтик базарга кирүүнү көздөгөн. Газдалган суусундуктар арак, ал тургай советтик эски аскер кемелерине дагы алмашылган учурлар болгон.

Шведдердин поп-группасы АББА учурунда автордук калем акысын СССРден товар түрүндө алган. Жашылча-жемиш, мунай түрүндө берип, кийин анысы базарда сатылган.

Венесуэла менен Кубанын лидерлери Уго Чавес жана Фидель Кастро дагы бартерди жакшы эле колдонгон.

Image caption Шведдердин поп-группасы АББА учурунда автордук калем акысын СССРден товар түрүндө алган

Иран 1979-жылдагы ыңкылаптан кийин өзүнүн экономикасын кармап калуу аргасы менен товар алмашууга барып турган. Анда өлкө америкалык биринчи санкцияга кабылган эле. 2010-2015-жылдары БУУ тарабынан санкцияга кабылганда, бартерге болгон талап андан бетер күчөдү.

Иран өзүнүн валютасын дүйнөлүк базарда колдоно албайт эле. Ошондуктан күрүч, өсүмдүк майын, чайды өзүнүн мунай жана алтынына алмаштырып алган.

2015-жылы жетишилген келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилет. Анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган. Келишимге АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия, Германия жана Иран кол койгон. Тегеран кайрадан соода-сатыгын кеңири жүргүзө баштады.

Бирок өткөн жылы АКШ президенти Дональд Трамп келишимден Вашингтон чыгып кеткенин жарыялады. Кайрадан Иран санкцияларга кабылды.

Ошентип Тегеран мурункудай алмашуу жолу менен соода кылууга өттү. Индия менен күрүчтү мунайга алмаштыруу системасын жаңылоого аргасыз болду. Бул ирет татаал ыкмага өтүп алды. Иран өзү өндүргөн мунайды индиялык рупийге сатууга макулдук берди. Бирок бул акча индиялык банкта сакталат. Аны Иран күрүч жана башка импорт продукцияларын сатып алууга жумшайт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Венесуэла

Франция, Германия жана Британия ушуга окшогон эле схеманы ишке салып, бул аркылуу Иран менен соода кылган компанияларына мүмкүндүк берүүдө. Чынында, мунун деле мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Венесуэлада бартер товарларды алмашуу менен эле чектелбейт. Жумушчуларды дагы алмаштырышат. Кантип? Каракас күн сайын Гаванага 50 миң баррел мунай жеткирет. Буга Куба жооп кылып, Венесуэлага кесипкөй дарыгер, мугалим, экономикалык кеңешчилерди жөнөтүп турат. Бул эми аргасыздыктын арты менен болгон айырбаштоо.

Айрым учурда кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды алмашуу өкмөттөрдүн валюталык резервин сактап калууга дагы жардамын тийгизет. Мындай өлкөлөрдүн бири - Малайзия. 1990-жылдан бери бул өлкө пальма майын орусиялык аскер учагына алмашып келген. Бул жылы дагы өзүнүн куралдуу күчтөрүн модернизациялоо үчүн мындай алмашууну дагы сунуштады. (AbA)