Гонконгдогу кыргызстандык студенттердин ата-энелери президенттен жардам сурады

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Гонконгдогу кырдаал курчуп кеткенден кийин жогорку окуу жайлар убактылуу жабылып, студенттер каникулга таратылган.

"Гонконгдогу каршылыктар күчөп кеткенине байланыштуу, бизди шаардын четине алып келип жайгаштырышты. Менимче, кыргызстандык студенттердин баары эле коопсуз жердебиз. Окуу токтотулган, ушул семестрди бүтүрүп, өзүңөрдүн өлкөңөргө барсаңар болот деди. Колдон келишинче, электрондук жол менен окууну улантып жатабыз. Абал жайгарылса, окуу мурдакы нугуна түшөт деп айтышты. Демонстрациялар шаардын борбордук бөлүгүндө болуп жаткандыктан биз аны көргөн жокпуз",-деди Гонконгдо окуган кыргызстандык студенттердин бири Амирбек Абдирасулов.

Гонконгдо билим алган кыргызстандык студенттердин ата-энелери кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, балдарын аман-эсен кайтарып келүүгө жардам сурады.

"Кытай өкмөтүнө караштуу Гонконг автономиялуу аймагында саясий абал курчуп кетти. Окуу жайлар чет өлкөлүк студенттерди кезексиз каникулга таратты. Мындай кооптуу кырдаалда балдарыбызды эсен-аман кайтарып келүүгө жардам берүүңүздү жана жол чыгымдарына материалдык жактан көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз. Урматтуу Президент! Биздин балдар бир нече татаал сынактардан кийин миңдеген жаштарды озуп чыгып, Гонконг шаарындагы дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайларына студенттик катарга тандалып алынган эле. Өлкөбүздүн эртеңки келечеги болгон алтын муунга мамлекет тарабынан камкордук болот деген терең ишенимдебиз",-деп айтылат кайрылууда. Маалыматтарга караганда, Гонконгдо жыйырмадан ашуун кыргызстандык студент бар.

"Уулум быйыл эле IT тармагы боюнча эң алдыңкы Гонконг шаардык университетине өтүп, окуп жаткан. Кечинде байланыштык, аларды мейманканага чыгарып коюптур. Кооптуу болуп жатат, өлкөңөргө барып тургула деп айтышыптыр. Өзүм пенсионермин. Уулум ЖРТ, TOEFL сыяктуу тесттердин баарынан эң жогорку упай алгандыктан, аны ушул жакка окууга жөнөтүүгө макул болгонбуз. Эми азыр кабатырланып жатабыз. Аларга билет карап баштадык. Кайра өлкөгө келишине өкмөт дагы кол кабыш кылса деп кайрылдык эле",-деди ата-энелердин бири Майрам Бакирова.

Гонконгдогу кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, ал жактагы жарандарына бир катар сунуштарды берди. Анын ичинде студенттерге дагы өзүнчө сунуштар айтылган.

Эл чогулган жерлерге барбоого, жашаган жерин таштап кетпөөгө, кырдалды интернет аркылуу талкуулоодон алыс болууга чакырды.

Учурда Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук менен биргеликте Гонконгдогу кыргыз жарандары менен байланышта деп кабарланды.

Ошондой эле министрлик Гонконгдон коңшулаш Казакстандын Алматы шаарына аптасына үч жолу каттам бар экени, Орусия аркылуу дагы каттамдар иштеп жатканын кошумчалаган.

Бүгүн Гонконгдо полиция менен демократияны жактаган демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда бир адам каза тапты. 70 жаштагы тургун түшкү тамактануу учурунда көчөдө басып баратканда, башына таш тийген.

Нааразылык акциялардан улам өлкөдө мектеп, университеттер жабык бойдон турат. Полициянын айтымында, университет студенттери колго ар түрдүү курал жасап, коопсуздук кызматкерлерине каршы колдонууда. Ал аңгыча, Кытайдын лидери Си Цзиньпин Гонконгдогу "бир мамлекет, эки система" принциби коркунучка кептелгенин эскертти.

Гонконгдо төрт айга жакын убакыттан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршы миллиондогон адамдар катышкан акциялар токтобой жатат.

Гонконгдогу акция Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Протесты в Гонконге Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Гонконгдогу акция Сүрөттүн автордук укугу AFP
Бийлик кырдаалды атайын курчутуп жатат деп, "сырткы күчтөрдү" айыптады Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Бийлик кырдаалды атайын курчутуп жатат деп, "сырткы күчтөрдү" айыптады

Нааразылык билдиргендер муну менен Бээжин Гонконгдун автономиялык үлүшүнүн чоң бөлүгүн жок кылып жатат деп сынга алышкан.

Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Экстрадиция боюнча 20 өлкө менен келишим түзгөн. Анын ичинде АКШ жана Британия сыяктуу өлкөлөр менен. Бирок Кытайдын өзү менен эч кандай келишим жок. Сүйлөшүүлөр соңку жыйырма жылдан бери жүрүп жаткан эле.

Ɵкмөт бул мыйзамды кароону убактылуу токтоткон, бирок митингдер токтогон жок. Демонстранттар полициянын ашыкча күч колдонду деп айыптоодо.

Учурда экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзамга каршылык көрсөтүү кеңири кыймылга айланды. Нааразылык акцияга чыккандар мыйзам долбоорун күн тартибинен таптакыр алып салууну, полициянын ашыкча күч колдонгону боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү жана демократия багытындагы реформаларды талап кылышууда.

Ошондой эле каршылык митингисине чыккандар Гонконгдун башкаруучусу Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылышууда. (AbA)

*