Тогуз миллион калктуу шаар суусуз калды

Индияда тогуз миллион калк жашаган Ченнаи (1996-жылга чейин Мадрас) шаары бир нече аптадан бери суусуз калды. Бул шаар калкынын саны боюнча өлкөдө алтынчы орунда турат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Мегаполистин жашоосу дээрлик токтоп калды. Көптөгөн бюджеттик мекемелер, кафе, ресторан жана мейманканалар жабылды. Суу менен камсыздоону шаардык кызматтар 40 пайызга чейин кыскарткан. Шаар боюнча кондиционерлерди өчүрүштү. Ооруканаларда бейтаптарга кызмат көрсөтүү кыйынга туруп жатат. Көп компаниялар кызматкерлерин үйүнө жөнөтүшкөн.

IT боюнча жергиликтүү бирикменин жетекчиси Винот Калигай Би-Би-Сиге ырастагандай, компьютердик фирмалардын кызматкерлери үйүндө иштөөгө аракет кылып жатат. Бирок мунун чоң деле жардамы болбой турат.

-Үйдө деле суу түгөнөт да, биз эмне кылабыз?-деп алакан жайды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Индияда майдын ортосунан тарта эле күн катуу ысып, масштабдуу кургакчылыккка алып келди. Ысыктан бир нече киши көз жумду.

10-июнда өлкө баш калаасы Нью-Делиде көлөкө жердеги абанын температурасы Цельсия боюнча 48 градуска чыгып, бул айдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Мындан бир нече күн мурун Индиянын түштүк-батышындагы Чуру шаарында термометр 50 градусту көрсөткөн.

Климаттын глобалдык өзгөрүүсү өлкөдөгү жамгыр сезонуна дагы таасирин тийгизген. Сезондо жамгыр мурдагыдан көп жана узак убакытка жаап жатканы байкалууда.

Таза суу тартыш болуп жаткан дүйнөдө башка дагы бир нече мегаполис бар. Айталы, Москва, Бээжин, Стамбул, Лондон жана Токио. Өткөн жылы Түштүк Африканын баш калаасы Кейптаунда таза суу запасы дээрлик калбай калганы белгилүү болгон.

Суу үчүн кармаш

Ченнаинин тургундары күн сайын бир нече саат ысык аптапта таза суу алып келген цистернаны күтүп олтурушат. Сууну болсо аймактагы башка штаттардан ташып келип жатышат.

Шаарда чыңалуу өсүп жатат. Үйүнө суу алып бара жаткандарга кол салуу болгону тууралуу кабарлар чыгууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Шаар бийлиги суунун альтернативалуу булагын табууга аракет кылууда. Маселен, жергиликтүү кудуктардан сордуруп алууда. Тилекке каршы кудуктардын көбү кургакчылыктан улам соолуп калган.

Өлкөнүн өкмөтү толук масштабдуу гуманитардык катастрофаны жоюуга көп деле күч үрөп жаткан жок. Анткени жамгыр сезонунан үмүттөнүп турат.

"Мындай кырдаалда Ченнаини жамгыр гана куткарат",-деп айтты федералдык чиновниктердин бири Би-Би-Сиге интервьюсунда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Штаттын жогорку министри кризисти журналисттер күчөтүп жатканын айткан. Ошол эле маалда эксперттер мындай кырдаалга Индиянын чоң шаарлардын кимиси болбосун кабылып калышы мүмкүндүгүн белгилеп жатат.

Учурда суу таңкыстыгын ар кандай деңгээлде 600 млн киши жон териси менен сезүүдө. (AbA)

Тектеш темалар