Европада рекорддук аба ырайы күтүлүүдө

Бул аптада европалык өлкөлөрдө рекорддук аба ырайы күтүлөт.

Мээ сызгырган 35 градус ысыктан улам көптөгөн париждиктердин эрмеги шаардагы фонтандар болуп калды Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мээ сызгырган 35 градус ысыктан улам көптөгөн париждиктердин эрмеги шаардагы фонтандар болуп калды

Метеорологдордун божомолунда абанын температурасы Европанын батыш тарабында 40 градуска жетет. Буга Испаниядан Швейцарияга чейинки бир катар өлкөлөр кабылат.

Апта башында Франция менен Италиянын айрым аймактарында күн катуу ысыды.

Адистер аба-ырайындагы мындай аномалдуу көрүнүштү - шамалдын багыты Сахарадан Европаны көздөй келип жатканы менен түшүндүрүүдө.

фонтан тегеректеген балдар Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Парижде температура 34 градуска жетип, улам көтөрүлүп баратат. Шаар бийлиги кошумча фонтандарды ишке киргизип, иче турган суу менен камсыздоо, жана имараттарды жана парктарды кондиционер менен жабдуу жагын колго алууда.

ысык аба ырайы Сүрөттүн автордук укугу AFP

Өлкөнүн Билим берүү министрлиги бул аптадагы экзамендердин баарын жылдырды.

ысык аба ырайы Сүрөттүн автордук укугу AFP

Франция президенти Эммануэль Макрон кары-картаңдарга, оорулуу кишилерге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

карыя аял Сүрөттүн автордук укугу AFP

Италиянын борбордук жана түндүк бөлүгүндө күндүн ысыгы 37ден 40 градуска чейин жетти. Римде, Флоренцияда, Милан жана Турин сыяктуу жети шаарда бул айда рекорддук жогорку температура күтүлүп жатат.

суу ичип жаткан кыз Сүрөттүн автордук укугу AFP

Римдин бийлиги шаардагы фонтандарга сууга түшкөнү үчүн сегиз туристке 450 евро айып пул салганга жетишти. Шаарда муздак суусундуктарга болгон талап кескин жогорулады.

ысык аба ырайы Сүрөттүн автордук укугу AFP

Немис метеорологдору Франкфуртта күн катуу ысыйт деп эскертти. 1947-жылдан бери биринчи жолу июндук рекордду (38,2°С ) жаңыртат.

ысык аба ырайы Сүрөттүн автордук укугу EPA

Ысык аба-ырайы айрым скандинавиялык өлкөлөргө дагы жетти. Бул аптада Дания жана Швециянын түштүгүндө температура 30 градуска жетет. Бул кышы суук, жайы салкын болгон өлкөлөр үчүн өтө эле жогору температура.

ысык аба ырайы Сүрөттүн автордук укугу AFP

Эксперттер барган сайын мындай ысык аба ырайы Европа үчүн көнүмүш боло берет деп эскертүүдө. Глобалдык жылуулукка каршы күрөш күчөгөнүнө карабай ушундай болот.

ысык аба ырайы Сүрөттүн автордук укугу AFP

Мурунку аномалдуу ысык Европада 2003-жылы катталган. Анда ысыктан болжолу 20 миң киши каза тапкан. (AbA)

***