Екатеринбургда кыргызстандык ишкерге ок атылды

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын мурдагы лидери Камчыбек Каримовду белгисиз кишилер атып кетишти.

Image caption Окуя 2-июль күнү саат 15:00 чамасында Калинин көчөсүндө өзү жашаган үйдүн жанында болгон

Окуя 2-июль күнү саат 15:00 чамасында Калинин көчөсүндө өзү жашаган үйдүн жанында болгон. Учурда Тергөө комитети жана укук коргоочулар окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Окуянын чоо-жайы айтыла элек.

Күбөлөрдүн айтымында, эки киши Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү кара унаа менен келген. Маркумга эки жолу ок чыгарып, өздөрү айдап келген унааны таштай качышкан. Маркум Каримовдун жанында ири суммадагы акча болгону айтылды. Бирок ага тийген эмес.

"Биз түшүнбөй жатабыз, эмне себептен ал жалгыз жанына чоӊ суммадагы акчаны алып жөнөгөнүн жана кайда алып баратканын. Унаасын токтотуп өзү жашаган короону көздөй баратканда, каракчылар кол салышкан. Ал учурда жанында эч ким болгон эмес",-деди Каримовдун жардамчысы Урмат Курманбаев. Анын айтымында, маркумдун жанында алып жүргөн ири көлөмдөгү накталай акчасы тууралуу эч кандай маалыматы жок.

Каримов кол салгандардан коргонуу үчүн алар менен мушташа баштаган. Окуяга күбө болгондор аралашкан кезде кол салгандар эки же үч ирет ок чыгарып, из жашырып кеткен. Ок бутуна жана курсагына тийген. Каракчылар жанындагы акчага тийишкен эмес. "Тез жардам" кызматы жетип келген маалда Каримов жан берген экен. Жардамчысынын айтымында, буга чейин анын өмүрүнө коркунуч келтирген эч кандай белгилер болгон эмес. Бул окуя анын жакындары менен достору үчүн күтүүсүз болду.

Шектүүлөр айдап келген Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү унааны милиция жүктөп кеткен. Унаа кимге таандык экени айтыла элек.

Екатеринбурдагы кыргыз диаспорасын көп жылдан бери жетектеп келген Камчыбек Каримов базарда жеке ишкерлик менен алектенчү. Мекендештери Каримов мигранттарга жардам берип, коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөнүн айтышат. Кыргызстандан келген студентерге ар дайым колдоо көргөзүп, кайрымдуулук менен алектенген.

"Ал студенттерден эч качан жардамын аячу эмес, абдан жоомарт киши болчу. Кыргызстандан келген студенттерди аэропорттон тосуп алчу. Студенттерге кандай жардам керек болсо түз ага кайрылат элек. Студенттер өткөргөн иш чарага акчалай жардам берип, биздин иш чараларга келип берчү. Анын күтүүсүз дүйнөдөн өтүшүнө кыргызстандык жалпы студенттер абдан кайгыруудабыз",-дейт Орусияда окуп жүргөн Элимбек Багачаров.

Камчыбек Каримов кыргызстандык мигрантарга ар дайым жардам берип, кол сунуп келгенин коомдук сайттарда мекендештери тереӊ кайгыруу менен эскеришүүдө.

Маркум быйыл 54 жашка чыккан, артында жубайы менен үч баласы калды. Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

Тектеш темалар