Түз эфирде Путинди сөккөн журналист

Түз эфирдеги журналист Сүрөттүн автордук укугу RUSTAVI2

Грузиянын "Рустави 2" телеканалында түз эфир учурунда орус президенти Владимир Путиндин дарегине сөгүнгөн, орой сөз айтылганы талкууга түштү. Дүйшөмбүдө телеканалдын эфири үзгүлтүккө учурап, кайра жанданды.

RUSTAVI2

Телеканалдын алып баруучсу Георгий Габуния жекшембидеги "P.S." берүүсүндө Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, орой, оозго алгыс сөздөрдү колдонгон. Грузиянын бийлиги журналисттин билдирүүсүн айыптады.

"Бул өз өлкөсүнө каршы чыккан чагымчылдардын согушу, мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу менен ойногон жийркеничтүү оюн",-деди Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе.

Ушундай эле билдирүү тышкы иштер министри, парламент төрагасы, Тбилиси мэри жана өлкө президенти Саломе Зурабишвили тарабынан айтылды.

Жүзгө чукул активист телекомпания имаратына чогулуп, Георгий Габуниядан эл алдында кечирим суроону талап кылышкан. "Рустави 2" телеканалынын жетекчилиги кечирим сураган билдирүү таратты. Кайрылууда журналисттин аракеттери телеканал карманган стандарттарга каршы келери айтылган.

"Биз бул маселени карап чыгып, авторго карата чара көрөбүз",-деди "Рустави 2" телеканалынын башкы директору Ника Гварамия.

Ошол эле маалда Гварамия телеканалдын имаратынын алдындагы акцияны бийлик уюштурду деген божомолун айтып, редакциялык саясатка кийгилишип жатат деп айыптаган.

Теле алып баруучунун сөзүн грузин оппозициясы дагы айыптады. Бирок алар бийликти сөз эркиндигине кийгилишип жатат деп сынга алууда.

Парламент депутаты Серги Капанадзе бийлик тараптын бул окуяга карата реакциясын кооптуу коңгуроо деп атаган.

"Ар бир жолу ушундай жулунуп сүйлөнгөн сөздөр "Фейсбукта" акылга сыйбаган сезимдер менен бааларга шыкак болуп жатканы көп тынчсыздандырбай койбойт"-деп жазды.

Эрте менен "Рустави 2" каналы кайрадан үзгүлтүксүз обого чыга баштады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Тбилисиде соңку апталарда Орусияга каршы нааразылык жүрүштөрү өтүп жатат

Тбилисиде соңку апталарда Орусияга каршы нааразылык жүрүштөрү өтүп жатат. Нааразылыктарга Орусиянын Мамдумасынын депутаты Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отуруп, сөз сүйлөгөнү себеп болгон. (AbA)

Тектеш темалар