КЭДРде жашоо чет өлкөлүктөр үчүн канчалык кооптуу?

Алек Сигли Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Алек Сигли өткөн аптада бошотулуп, Бээжинге учуп келди

Түндүк Кореянын бийлиги 29 жаштагы австралиялык студент Алек Сиглини бошотту. Ал өткөн жылдын июнь айында кармалып, бир жыл КЭДР аймагында кармалды.

Ал 5-июлда Жапонияга учуп келип, жубайы тосуп алган. Чет өлкөлүк студент Түндүк Кореяга кантип барган эле? Бул сыяктуу сырт дүйнөдөн бөлүнүп калган өлкөгө барган чет өлкөлүктөр саны канча?

"ММКлар үчүн тыңчылык"

Өткөн аптанын ишемби күнү Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирүү таратып, "Сигли чет элдик студент деген макамына жамынып алып, антикореялык ММКларга, тагыраагы NK News агенттигине маалыматтарды жана сүрөттөрдү, анализдерди берип турганын" айтты.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурагандан кийин бошотулган, дейт Түндүк Кореянын мамлекеттик агенттиги.

Түндүк Кореяга байланышкан темаларга адистешкен NK news агенттиги штаттан тышкары кабарчысы бошогонуна канааттануусун билдирип, ошол эле маалда Сигли жазган алты макала жарыяланганын, бирөөсүндө дагы КЭДР бийлигин сындаган же жашыруун маалыматтар болбогонун айтты. Болгону КЭДРдеги күнүмдүк жашоо-турмуш тууралуу баяндар жарыяланып келген, дейт NK news. Коомдук сайттарда дагы Алек Сигли курч темалардан качкан. Бирок өзү азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption КЭДР жарандары жаңылыктарды гезиттерден окушат

Түндүк Кореядагы чет өлкөлүктөр

Түндүк Кореяга негизинен Кытай жарандары келишет. Бээжин Пхеньян менен тыгыз кызматташып келүүдө. КЭДР лидеринин Кытайга сапарынан кийин кытайлык туристтердин агымы кыйла көбөйгөн. Өткөн жылы КЭДРге 120 миң кытайлык турист келип кеткен. Мурда беш миңден ашкан эмес эле.

Батыш өлкөлөрүнүн жарандары КЭДРде саналуу эле. Айрымдар эки жүздөй деп эсептешет. Алар элчилик, консулдуктар, гуманитардык уюмдарда иштешет. Андан тышкары Пхеньяндын илим жана техника университетинин чет өлкөлүк окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу боюнча программасы бар.

"Адатта сырттан келген чет элдиктер кандайдыр бир программа менен белгилүү мөөнөткө келет. Мындай кишилер деле көп эмес. Узак мөөнөткө келүү салыштырмалуу адаттан тыш көрүнүш десек болот",-дейт Кембриж университетинин жана Чатэм-хаус институтунун профессору Жон Нилссон-Райт.

Түндүк Кореяга виза алуу абдан татаал маселе.

Алек Сигли тууралуу эмне билебиз?

Алек биринчи жолу Пхеньянга 2012-жылы туристтик виза менен келген. Андан соң өзүнүн жеке турагенттигин ачып, Батыш өлкөлөрүнөн конокторду алып келе баштаган.

Сигли байланыштарды бекемдеп, акыры Ким Ир Сен атындагы Пхеньян университетине тапшырууну чечет.

"Ачык сынак менен өтүп кетүүгө мүмкүн эмес. Окууга өтүү байланыштардан көз каранды",-деп жазган блогдорунун биринде. Ушул жылдын апрелинде корей адабияты боюнча магистрдик курска кабыл алынган.

Анын айтымында, университетте башка дагы эки чет өлкөлүк болгон - Канада жана Швеция жарандары.

Кытай өкмөтү түндүккореялык окуу жайларда окугандарга жыл сайын 60 стипендия сунуштап турат, деп жазат кытайлык басылмалар. Дагы 70 чамалуу кытайлык студент окуу акысын өздөрү төлөйт.

Чет элдиктер кандай жашайт?

29 жаштагы Алек Сигли өзүнүн блогдорунда эркиндик тууралуу жазып, келген туристтерге караганда ээн-эркин жүргөнүн белгилеген.

Эки апта мурун Сигли Австралиядагы жакындарына телефон чалбай калган. Австралиянын КЭДР менен эч кандай дипломатиялык байланышы жок болгондуктан, анын тагдыры тууралуу кабарсыз эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Алек биринчи жолу Пхеньянга 2012-жылы туристтик виза менен келген

Кийин швед дипломаттары анын кармалганын тактап, бошотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Батыштан барган чет өлкөлүктөр чектөөлөргө кабылат. Айрым имараттарга, ресторан же шаардын кайсыл бир районуна атайын талон аркылуу кирүүгө мүмкүн. Чет жерликтер үчүн өлкөдө жүрүүнүн атайын эрежелери бар. Жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөнгө болбойт. Ошондой эле коомдук жайларда сүрөткө тартууга тыюу салынган.

Буга америкалык студент Отто Уормбирдин окуясын мисал келтирсек болот. Ал 2016-жылы мейманканадагы дубалдын бетине илинген саясый плакатты алып салганы үчүн айыпталып, бир жарым жыл абакта жаткан. Уормбирди 13-июнда эс-учун билбеген абалда Түндүк Кореядан АКШга алып келип, Огайо штатындагы Цинциннати шаарындагы ооруканага жаткырышкан болчу. Кийин ооруканада каза тапкан.

Ушундан кийин АКШ бийлиги өз жарандарынын Түндүк Кореяга баруусуна тыюу салган. (AbA)