Путин Грузияга каршы санкция киргизүү демилгесин колдобойт

Путин Сүрөттүн автордук укугу Mikhail Metsel/TASS

Орусия президенти Владимир Путин парламенттин Грузияга каршы санкция киргизүү демилгесин колдобой турганын айтты.

Мамдуманын депутаттары Путиндин дарегине айтылган мазактоого жооп кылып, Грузияга экономикалык санкция киргизүү сунушу менен чыккан.

Владимир Путин "грузин элине болгон сый-урматынан улам эч кандай каршы санкцияларга барбай турганын" айтты.

Екатеринбургдагы форумга барган орус президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, грузин телеканалындагы окуя боюнча дагы пикирин билдирди.

"Эми бирөө чыгып, бирдемени балп этиптир. Ал тууралуу мурда эч ким билген эмес, азыр баары ошону кеп кылып жатат. Бул жагынан алганда максатына жетти. Аны эки айга жумуштан четтетиптир, эс алып келип, жумушун уланта берет",-деген Путин.

Сөгүнгөнү үчүн теле алып баруучуга кылмыш ишин козгоо тууралуу демилге жөнүндө Путин: "Аны баркын көтөрүп эмне кереги бар. Мындайларга кылмыш иш козгоп, барк-баасын көтөрүүнүн кереги жок, - деди ал.- Берүүсүн уланта берсин".

Путиндин эч кандай санкцияларга барбайбыз деген билдирүүсүн Грузиянын Тышкы иштер министрлиги кубаттады.

Гурзиядагы белгилүү телеканалдын алып баруучсу Георгий Габуния жекшембидеги "P.S." берүүсүндө Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, орой, оозго алгыс сөздөрдү колдонгон. Грузиянын бийлиги журналисттин билдирүүсүн айыптады.

Сүрөттүн автордук укугу RUSTAVI2
Image caption Гурзиядагы белгилүү телеканалдын алып баруучсу Георгий Габуния жекшембидеги "P.S." берүүсүндө Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, орой, оозго алгыс сөздөрдү колдонгон

Жүзгө чукул активист телекомпания имаратына чогулуп, Георгий Габуниядан эл алдында кечирим суроону талап кылышкан. "Рустави 2" телеканалынын жетекчилиги кечирим сураган билдирүү таратты. Кайрылууда журналисттин аракеттери телеканал карманган стандарттарга каршы келери айтылган.

"Биз бул маселени карап чыгып, авторго карата чара көрөбүз",-деди "Рустави 2" телеканалынын башкы директору Ника Гварамия.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "бул орус-грузин мамилесин чыңалтууну каалагандар тарабынан жасалган чагым болобу же акылсыздыктан айтылдыбы, кандай болгондо дагы грузин элине татыксыз окуя болгонун" белгиледи.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо, болуп өткөн окуяны "орус-грузин мамилесин бузууга багытталган грузиялык радикалдуу күчтөрдүн ачык чагымы" деп баалаган.

Бул окуядан кийин Орусиянын парламенти Грузияга крашы экономикалык чараларды көрүү сунушу менен чыккан эле. Депутататтар кайрадан грузин виносуна жана минералдык сууларга, акча которууларга тыюу салууга чакырды.

Сүрөттүн автордук укугу Anton Novoderezhkin/TASS
Image caption 2018-жылы Орусияга экспорт болгон грузин виносу 12,4 пайызга өсүп, жалпы экспорттун 62,3% түзгөн

Грузиянын расмий маалыматтарына таянсак, 2018-жылы Орусияга экспорт болгон грузин виносу 12,4 пайызга өсүп, жалпы экспорттун 62,3% түзгөн.

Орусияга вино ташыган өлкөлөрдүн ичинен Грузия экинчи орунда. Биринчиде Испания, анын үлүшү 20,3%.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Грузия тарабынан Орусияга экспорттолгон товарлардын ичинде "Боржоми" минералдык суусу дагы бар.

Тбилисиде соңку апталарда Орусияга каршы нааразылык жүрүштөрү өтүп жатат. Нааразылыктарга Орусиянын Мамдумасынын депутаты Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отуруп, сөз сүйлөгөнү себеп болгон. (AbA)

Тектеш темалар