"Инстаграмда" троллду токтотконго жасалма интеллект жардам берет

Instagram Сүрөттүн автордук укугу Instagram

"Инстаграм" Интернетте басмырлоо жана шылдыңдоого каршы күрөшүүнүн жаңы функцияларын киргизди. Жасалма интеллектин жардамы менен иштеген жаңы каражат обу жок же мазактаган контентти тааный алат.

Эми "Инстаграм" пикир жазуудан мурун отуруп ойлонуп алууну сунуш кылууда.

"Биз "Инстаграмда" буллингдин алдын алуу үчүн дагы көп иш жасай алабыз, жок жерден ыдык көрүп жаткандарга өздөрүн коргоого жардам бере алабыз",-деп жазды кызматтын башкы директору Адам Моссери.

Жаңы каражаттар адегенде англис тилдүу колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот, бирок бара-бара башка тилдерге да жетет.

Instagram компаниясынын жетекчилиги бир топ жаңжалдан кийин коркунучтуу контенттке каршы күрөштү күчөтүү чараларын көрүүгө аргасыз болду.

"Ойлонуп жаз"

Жаңы механизмдин мааниси, эгер кимдир-бирөө "Сен келесоосуң" деп жазса, анда андан: "Сиз чын эле ушундай жазгыңыз келип атабы? Көбүрөөк бил" деп сурайт. Ошондон кийин "Көбүрөөк бил" кнопкасынын алдына "Дагы бир жолу ойлонуп көрүңүз, мындай пикирлерге даттануулар көп болуп жатат" деген жазуу пайда болот.

Сүрөттүн автордук укугу FAMILY HANDOUT/PA WIRE
Image caption Молли Рассел кибербуллингден көп азап чекти

Албетте, колдонуучу ошого да карабай өзүнүн оюн бербей, пикирин жазып кое алат, бирок тесттер көрсөткөндөй, мындай эскертүү көп учурда максатына жетпей койбойт.

"Чектелсин"

Ошондой эле өспүрүмдөр үчүн мазактаган комментарийлерди чыпкалоочу дагы бир жаңы опция -механизм "Restrict" ("Чектөө") иштелип чыкты. Бирок бул башка колдонуучуларды таптакыр чыгарып салууга алып келбейт.

"Биз өзүбүздүн жаш колдонуучулардан аларга жаман сөз жазгандарды жаап же аларга даттангысы келбегенин угуп жатабыз. Анын үстүнө алар реалдуу турмушта билген адамдар болушу мүмкүн",-деди Моссери.

Сүрөттүн автордук укугу PA

Жаман сөз жазып жаткан колдонуучуга "чектөө" кирер замат, анын комментарийлерин анын өзүнөн башка эч ким көрбөй калат. Эң кызыгы, "чектөөгө алынган" адам аны өзү да билбейт. (КС)

Тектеш темалар