Санарип доорундагы эркиндик: ноу-хау жана "этият оптимизм"

Бишкек конференция_санарип доорундагы плюрализм

Бишкекте санариптик трансформация доорундагы сөз эркиндиги жана плюрализм темасын талкуулашты. Эл аралык конференцияда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн медиа эксперттери электрондук маалымат каражаттарынын эркиндиги чектелип жаткан мисалдарга токтолушту.

Интернет дүркүрөп өнүккөн доордо бүт дүйнөдө, анын ичинде Борбордук Азияда салттуу маалымат каражаттары баары санарип түрүнө жапырт көчүп жатышат. Бирок плюрализм, маалымат каражаттарынын эркиндиги мурдакыдай эле көп өлкөлөрдө актуалдуу маселе болуп кала берүүдө. Бийлик өзүнө жакпаган же сындаган маалымат каражаттарынын оозун басыштын ар кандай амалын көрүүдө. Бул үчүн мыйзамдык, техникалык, финансылык жана башка күчтөрдүн баары колдонулууда. Санариптик трансформация доорунда сөз эркиндигине болуп жаткан тоскоолдуктар жөнүндө ЕККУнун массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Арлем Дезир да баса белгиледи.

"Казакстандагы ноу-хау"

Сүрөттүн автордук укугу screenshot
Image caption Казакстанда президент Токаевдин инаугурациясы болгон күнү көчө акциясында кармалган активисттер көтөргөн башкы ураандардын бири сөз эркиндиги жөнүндө болду.

Мисалы, быйыл Казакстанда отуз жылдан бери биринчи жолу президент алмашып, ошол себептүү бийликтин планына тоскоол болуп кала турган көп медиа ресурстарга бөгөт коюлду, ал түгүл Интернет бүт өлкө боюнча ачылбай калган күндөр да болду.

Интернетте ар кандай айтылган ой-пикир бийликке жакпай калса, ал үчүн сайтка бөгөт коюлуп, керек болсо автор кылмыш жоопкерчилигине тартылып кетиши мүмкүн болууда. Мындай жоопкерчиликке тартылып жаткандардын арасында журналисттер, блоггерлер, жарандык активисттер көп.

"Казакстандагы ноу-хау, 274-беренени айтайын, жалган маалымат таратуу боюнча. Бул берене менен адамды пикир айтып койгон үчүн эле жоопко тартышы мүмкүн. Бул азыр коркутуп-үркүтүү үчүн көп колдонулуп жатат. Анын менен баарын коркутуп жатышат",-дейт Казакстандагы укуктук медиа-борбордун юристи Гульмира Биржанова.

"Этият оптимизм"

Ал эми коңшулаш Ɵзбекстанда журналисттер мурдакыга караганда эркин сүйлөп калышты. 2018-жылдын май айында мурдакы режимдин тушунда жабылган ондогон сайттарга мунапыс болуп, кайрадан ачылып иштеп жатат. Алардын арасында Би-Би-Синин өзбек кызматы да бар экенин айта кетели. Ошону менен катар мамлекеттин колунда сөз эркиндигин ооздуктап койгонго мурдакыдай эле толтура мүмкүнчүлүк бар. "Информатизация жөнүндө мыйзамда" жалган маалымат тараткандыгы үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тигил же бул маалымат каражатына, блогерге катуу чара колдонулат деп жазылган. Бийлик өзүнүн оюна туура келбеген маалыматты өзү каалагандай чечмелеп жалганга чыгарып коюшу мүмкүн. Ошондуктан Ɵзбекстандагы азыркы кырдаал журналисттерге үмүт жандырган менен кооптонуу баары бир бар.

"Албетте, Ɵзбекстанда жаңы бийлик сөз эркиндигине сабырдуу мамиле кылып жатат. Мен саясий темадагы макалаларды жазып атам, ар кандай талкууларды кылабыз. Бул жактан азыр проблема жок. Адамдар Фейсбукта, Инстаграмда, Телеграмда саясатты абдан активдүү талкуулашууда. Биз бул учурду "этият оптимизм" деп атап жатабыз",-деди Ташкенттеги "Газета уз." сайтынын редактору Никита Макаренко.

Тажикстанда мамлекеттик күч жана сот органдары экстремизм түшүнүгүн өтө кеңири чечмелегенге көнүп алышты. Ошондуктан коомдук сайттагы бир караганда кадыресе айтылган ой-пикир үчүн түрмөгө түшүп калышың толук мүмкүн.

Бул жагынан Кыргызстанда кырдаал чын эле жакшы. Коомдук сайт болобу, медиа сайттар болобу, ар ким оюна келгенин жазууда. Соттун чечимисиз Интернеттеги сайтты эч ким өчүрө албайт. Бирок бул өлкөдө эркиндикке жамынган экстремизм, уулуу контент деген башка көйгөйлөр бар. (КС)