Филиппин: жээкке чыгып калган таңгакталган кокаин

Март айында жергиликтүү балыкчылар таңгакталган 39 баштыктыкты таап алган Сүрөттүн автордук укугу Mauban police
Image caption Март айында жергиликтүү балыкчылар таңгакталган 39 баштыктыкты таап алган

Акыркы айларда Филиппиндин чыгыш жээктерине таңгакталып, желим баштык менен оролгон кокаиндер чыгып калууда. Алардын баасы миллиондогон долларды чапчыйт.

Жекшембиде мындай таңгакталган жети баштык Кесон провинциясындагы деңиз жээгинен табылды.

Март айында жергиликтүү балыкчылар таңгакталган 39 баштыктыкты таап алган. Полиция жалпы баасы 4 млн. долларга бааланган баңгизат экенин айткан. Андан мурун февралда дагы табылган эле.

Эмне үчүн ушул аймактан көп табылып жатат? Буга азырынча жооп жок.

Жекшембиде Кесон провинциясынын Маубан шаарындагы деңиз жээгинде эс алып жаткан үй-бүлө сууда калкып бара жаткан таңгакталган баштыктарды көргөн. Алар полицияга дароо кабар беришкен экен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Филиппиндин көмүскө базарында кокаинге болгон суроо талап деле жогору эмес

Провинциянын полиция бөлүмүнүн жетекчиси Рамиль Монтиллья желим баштыктарга оролгон таңгактын сыртында суусундуктун этикеткасы болгонун айтты. "Бирок ичиндеги зат боюнча химиялык анализ жүрүп жатат. Эгерде кокаин экени аныкталса, анда анын баасы 682 миң долларлык болот",- деди полиция.

"Мунун бир нече себеби бар,-дейт АКШдагы баңгизат саясаты боюнча институттун атайын долбоорунун кызматкери Саньо Три. -Баңгизат менен соода кылгандар кээде артынан түшкөндөрдөн из жашырыш үчүн ушундай кадамга барышат. Алар катуу ылдамдыкта жүргөн катерлерден ташып бараткан мыйзамсыз товарын ыргытып жиберип, далил буюмду жок кылууга аракет кылышат. Ошентип таңгакталган баңгизаты Филиппин жээктерине сүрүлүп чыгып калууда".

Бул табылгандар деңиз аркылуу ташылган баңгизаттын бир бөлүгү гана болушу мүмкүн дейт Три.

"Айрым учурда мындай желим баштыктарды торго салып туруп, кеменин якоруна илип алып өтүүгө аракеттенишет. Кээ бирлери якордон үзүлүп түшүп калат".

Ошол эле маалда Филиппиндин Баңгизатка каршы күрөшүү агенттиги сууда калкып жүргөн желим баштыктарды баңгизат соодасы менен шугулдангандардын атайын тактикасы деп эсептейт.

"Күч түзүмдөрү бардык аракетин деңиздеги ушундай желим баштыктарды табууга сарптап жатканда, алар баңгизаттарды чыгарып кетүү айласын көрөт",-деген февралдагы маегинде агенттиктин жетекчиси Аарон Н. Аквино.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эмне үчүн ушул аймактан көп табылып жатат? Буга азырынча жооп жок

Филиппиндин улуттук полициясынын жетекчилиги баңгизат ташыгандар мындай кымбатка түшкөн тактиканы колдонот дегенден шек санайт.

Полиция из жашырыш үчүн сууга ыргытылган болушу мүмкүн деген божомол чындыкка жакын дейт. Ошондой эле табылган баңгизаты Австралияга ташылып бараткан болушу мүмкүн. Анткени бул өлкөнүн көмүскө базарында кокаинге болгон талап бар.

Филиппинде президент Родриго Дутерте баңгизатка каршы согуш жарыялап, полиция жана атайын жалданган ыктыярчылар тарабынан миңдеген баңгимандар жана баңгизат соодасы менен алектенгендер атып өлтүрүлгөн эле. (AbA)

Тектеш темалар