Екатеринбург: кыргызстандык айдоочулар жумушка чыкты

019-каттам

Орусиянын Екатеринбург шаарында иш таштоого барган кыргызстандык айдоочулар жумуш орундарына кайтып келди.

Екатеринбург шаарындагы №012, 019 каттамдарында иштеген 40ка чукул кыргызстандык айдоочу иш таштаган эле.

"Бир күндүк айлыгыбыздан 750 сом кыскартышты. Анан балдар "иштебейбиз, токтоосуз автобустарды алып барып беребиз" деп чыгышты. Бүгүн кечке чейин иштейли, кечинде мүдүрдү чакырып чогуу сүйлөшөлү деп, жумуштан кийин мүдүрдү чакырсак, "иштей тургандар калгыла, иштебей тургандар кете бергиле" деди. Анан айдоочулардын баары чыгып кетти, эртеӊ менен жумушка эч ким чыккан жок",-деп айтып берди өз ысымын жашыруун калтырууну өтүнгөн кыргызстандык мигранттардын бири.

№012, 019 каттамдарды тейлеген «Восток» компаниясы эч кандай эскертүүсүз айдоочулардын айлыгын кыскартып салган. Алдынала эскертилбегени айдоочулардын нааразычылыгын жараткан экен.

"Биз акчаӊарды кыскартабыз деп бир жума мурун алдынала эскертип айткан болсо, биз ошого даяр болуп, башка иш издештирип баштамакпыз. Өкүнүчтүүсү бир күндө келип туруп эле, бүгүндөн баштап ушундай болот деди. Айдоочулар буга чейин күнүгө 3000 рубль тегерегинде акча таап келишкен. Азыр эми күндө жакшы болсо 1500-2000 рубль алабыз",-дейт айдоочу болуп иштеген кыргызстандык мигрант.

Ошол эле учурда айдоочулар жумуштун оор экенин, күн сайын жумасына беш күн он алты сааттан иштеп келишкенин айтып жатышат.

"Мунун жоопкерчилиги дагы чоң. Кеминде күнүнө 16 саат иштейсиӊ. Үйдөн эрте менен таңкы 5те чыгабыз. Жумуш таӊкы алтыда башталат. Ошентип түндөсү 10-11де үйгө келесиӊ. Түйшүктөнүп, жаныңды оозго тиштеп журүп алганың 1500 рубль болсо, баарынын эле жаны күйөт да. Көчө шыпырып иштегендер айына 30 миӊ айлык алышат".

Айдоочулар иш таштагандан кийин кыргыз диоспарасынын өкүлдөрү компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

"Булар күнүгө каттамды төрт жарым ирет айланат экен. Ар бир жолу айланганы үчүн 200 рублдан, ар бир сатылган билеттен 2,50 рублдан, андан тышкары күнүгө жумушка чыкканы үчүн 500 рубль алып келишкен. Биздин айдоочулардын таза алган айлыгы ушул экен. Эми компания 4 жарым жолу каттаганы үчүн айдоочуга ар бир жолу 200 рублдан бергенде 900 рубль болот. Булар ошол акчаны кыскартып коюшуптур. Билетти 3 рубль кылып көтөрүп коюшкан",-деди окуя тууралуу түшүндүрмө берген Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчисинин орун басары Урмат Курбанбаев.

Ал эми «Восток» комапаниясына маалымат алуу максаты менен байланышканыбызда, алар комментарий берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандык мигранттардын иш ташташынын негизги себеби - «Восток» компаниясы май куйуучу компанияларга 8 млн рубль карызга батып калгандыктан келип чыккан деп айтылууда. Компания карыздан кутулуш үчүн айдоочулардын айлыгын кыскартууга мажбур болгон. Муну убактылуу деген компания өкүлдөрү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында айдоочулар ушул жылдын 15-сентябрына чейин компаниянын азыркы талабына иштеп берүүгө макул болушкан. Компания 15-сентябрдан кийин айдоочулардын маянасын кайра мурдагыдай калыбына келтирүүгө убада берген.

Тектеш темалар