Орусиядагы соттолгон хизбутчулар

Соңку жылдары Орусияда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна байланыштуу соттолгондор көбөйдү Сүрөттүн автордук укугу Valery Matytsin/TASS
Image caption Соңку жылдары Орусияда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна байланыштуу соттолгондор көбөйдү

Орусиянын Жогорку Соту "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү деп соттолгон төрт крымдык татардын доо арызын карады.

Орусияда "Хизб ут-Тахрир" террордук уюм катары таанылган. Доо арыз каралып жаткан маалда сот имаратынын алдында каршылык акциясы өттү.

"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун Крымдагы ячейкасынын уюштуруучусу катары айыптуу деп табылган Энвер Мамутовду буга чейин Түндүк-Кавказ аскердик аймактык соту 17 жылга эркинен ажыраткан эле. Калгандары тогуз жылдан абакка кесилген. Доо арызды караган Жогорку сот Энвер Мамутовдун жаза мөөнөтүн 16 жыл, 9 ай деп, үч айга кыскартты.

Ремзи Меметов, Рустем Альбитаров жана Зеври Абсеитовдун жаза мөөнөтү дагы үч айдан кыскартылды.

Айыпталгандар көрсөтмө берүүдөн баш тартып, күнөөсүн моюнуна алган эмес. "Мемориал" укук коргоо борбору аларды саясий туткун деп тааныган.

Орусиянын Жогорку Соту "Хизб ут-Тахрирди" 2003-жылы террористик уюм деп таап, ишмердигине тыюу салган. (ред. Кыргызстанда дагы бул уюм экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган).

Орусияда уюмду ишмердигин жүргүзгөн деп шектелгендерге, адабияттары табылса, башкаларды азгырганы белгилүү болсо, "терроризм" беренеси менен айып коюлат.

"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна байланышкан соттук чечимдер соңку жылдары Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Челябинск, Татарстан, Башкортостан жана Дагестанда чыкты. Көптөгөн укук коргоочулар уюмдун мүчөлөрү көп учурда катаал жазага кириптер болуп жатканын белгилеп келишет.

"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн Орусияда "террористтик ишмердик" беренеси менен соттошот дейт "Мемориал" укук коргоо борборунун директору Виталий Пономарев.

Мындай берене Кылмыш кодексине 2013-жылы киригизилип, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ошондуктан адабияттарды тараткан же тыюу салынган уюмдун идеологиясы тууралуу сүйлөгөн кишилерге деле оор жазалар берилип калууда дейт укук коргоочулар.

Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин жарым аралдагы уюмга шектүү кишилер кармала баштады. Украинада уюмдун ишмердигине тыюу салынган эмес экен.

2016-2017-жылдары "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна байланышы бар деп, Бахчисарайдын 10 тургуну кармалган. Андан башка дагы ялталык алты киши шектелип кармалып, соттук териштирүү жүрүүдө.

"Хизб ут-Тахрирдин" идеологиясы

"Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" партиясы 1953-жылы Чыгыш Иерусалимде негизделген. Көптөгөн жылдар партиянын негизги идеологиясы Палестинаны израилдик оккупациядан бошотуу болуп турду.

Уюм негизделгенден тарта эле антиизраилдик риторикага басым жасайт. 2003-жылы Германия "Хизб ут-Тахрирди" антисемитизм үчүн айыптап, ишмердигине тыюу салган. Бирок аталган кыймыл муну мойнуна алган эмес.

Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө "Хизб ут-Тахрир" мыйзамдуу деп эсептелет. Бирок, Германия, Орусия, андан тышкары көпчүлүк араб өлкөлөрүндө - БАЭ, Йемен, Ливанда тыюу салынган уюм. Ал эми Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Пакистан, Тажикистан жана Өзбекстанда дагы экстремисттик уюм катары ишмердигине тыюу салынган.

"Хизб ут-Тахрир" өзүн исламчыл партия катары көрсөтөт. Алар батыш демократиясынан баш тартып, халифат курууга чакырып, радикалдуу чакырыктарды карманышат. Бирок ошол эле маалда өз максатына жетүү үчүн зомбулук колдонууга кескин каршы. Алардын чакырыктары, карманган идеологиясы опурталдуу дейт айрым адистер. Маселен, алардын адабияттарын дин адистери "халифат курмайынча, адилеттик болбойт" деген тезистин тегерегинде" экенин, алар "светтик бийликте адилеттик жок, капырлардын, Батыштын моделинде турган мамлекеттер" деп аташарын, "диндер арасындагы кагылыштарга чакырыктар бар" экенин белгилеп жүрүшөт. (AbA)