Орус-Кытай "аба күзөтүнөн" жаңжал тутанды

Archive photo of a Russian A-50 airborne early warning and control training aircraft Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Корея Орусиянын A-50 аскердик учагына эскертүү бергенин маалымдады

Орусиянын аба күчтөрү биринчи жолу Кытайдын учактары менен бирге күзөткө чыгып, Түштүк Корея менен Жапония жооп катары өз аскердик учактарын абага көтөрдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги төрт аскердик учагы истребителдердин коштоосунда Жапон деңизи менен Чыгыш Кытай деңизинде күзөткө чыкканын жар салды. Москва учактардын багыты алдын ала айтылган деп жатат.

Түштүк Корея Кытай-Орусия учактар өлкөнүн аба мейкиндигине кирип келгени үчүн эскертүү бергенин айтты. Корей аскер жетекчилеринин билдиришинче, Орусиянын аскердик учагы шейшемби күнү эки жолу өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, Жапония менен Түштүк Кореянын талаштуу аралдарынын үстүндө учуп жүргөн. Алар истребителден орус учагына эскертүү иретинде ок атканын айтып жатат.

"Орусиянын Коопсуздук кеңеши бул окуяга түшүндүрмө берип, тийиштүү чечим кабыл алышын талап кылабыз",- деди Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук башкармалыгынын төрагасы Чон Ый Ён.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Кореянын F-15K учагы

Жапония бийлиги өз кезегинде Москва менен Сеулга нааразылык билдирип чыкты.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо учактар Түштүк Кореянын аба мейкиндигин бузуп кирген эмес деп билдирди.

"Ту-95МС учактары эл аралык эрежелерди бузбай, белгилүү багыты менен бара жаткан. Учактар Токто (Такэсима) аралдарынан 25 чакырым аралыкта жүрдү, Түштүк Кореянын аба мейкиндигин бузган эмес. Токто (Такэсима) аралдарына жакын аймакта F-16 түштүккореялык аскердик учактары орус учактарына жакын келди. Алар кооптуу маневрларды жасап, Орусиянын стратегиялык учактарына коркунуч жаратты",-деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.

"Атайын жасалган кадам"

Түштүк Корея F-15F менен KF-16 аскердик учактарын абага көтөрүп, 20-миллиметрдик замбирегинен эскертүү ок чыгарганын айтышууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Кореянын F-15F и KF-16 учактары

АКШнын Тынч океандагы күчтөрүнүн мурдагы башчысы Карл Шустер эскертүү үчүн "замбирек колдонуу олуттуу" экенин белгиледи.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эскертүү үчүн замбирек колдонулду деген маалыматты четке какты.

"Түштүккореянын учактары эскертүү үчүн замбиректерин колдонгон эмес. Эгерде орусиялык учактарга коркунуч жаралса, алар дароо жооп кайтармак",-деди Орусиянын Коргоо министрлиги.

АНАЛИЗ

Вашингтонго баш оору болгон альянс

Жонатан Маркус, Би-би-синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы

Орусия менен Кытайдын "биринчи биргелешкен аба күзөтү" Москва менен Бээжиндин аскердик кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгып жатканынан кабар берет. Албетте, эки мамлекет аскердик альянс курап жаткан жок, бирок алардын биргелешкен машыгуулары жылдан жылга өнүгүп, татаал маневрлар менен коштолууда.

Эки мамлекеттин пикири келишпеген көйгөйлөрү көп. Ага карабастан Кытай менен Орусия экономикалык жана дипломатиялык байланышын бекемдеп жатат. Эки мамлекет Батыштын либерал демократиясын коркунуч катары санайт жана ага алтернатива болгон идеологияны сунуштап келишет. Бул идеология ички саясатка кийлигишпөөгө негизделген.

Кытай-Орусия аскердик өнөктөштүгү АКШнын стратегиясына коркунуч жаратат. Анткени Кытай технология жаатында Кошмо штаттарынан озуп кетип, чыныгы экономикалык державага айланууда. Ал эми орус армиясы мурдагыдай кубаттуу болбосо дагы Вашингтонго баш оору жаратып келүүдө. (AT)