"Түркмөнстандын президенти тирүүбү же өлүүбү? Бул бизге табышмак"

Гурбангулы Бердимухамедовдун өзүнүн бир аптадан бери эл алдына чыкпай атканы толтура ар кандай жоромолдорго жем таштады. Сүрөттүн автордук укугу MIKHAIL METZEL
Image caption Гурбангулы Бердимухамедовдун өзүнүн бир аптадан бери эл алдына чыкпай атканы толтура ар кандай жоромолдорго жем таштады.

Чет өлкөлөрдө жүргөн түркмөндөрдүн "Эркиндикке жол" саясий уюмунун координациялык кеңеши түркмөн бийликтерине кайрылып, президент Гурбангулы Бердимухамедовдун саламаттыгы жана анын кай жерде экени жөнүндө расмий маалымат берүүнү өтүндү.

Координациялык кеңештин атынан кайрылууну анын лидери Максат Сапармурадов Фейсбук каналында түз байланышта жасады.

"Түркмөнстандын президенти тирүүбү же өлүүбү? Бул бизге табышмак",-деп айтты Максат Сапармурадов.

Ошондуктан координациялык кеңеш президент Гурбангулы Бердимухамедовдун өзүнө, Түркмөнстандын өкмөтүнө расмий кайрылып, ТИМдин, Президенттин өзүнүн сайты же ТВ аркылуу расмий түрдө президенттин саламаттыгы жана анын кай жерде экенин билдирүүнү өтүндү.

Сүрөттүн автордук укугу screenshot
Image caption Түркмөндөрдүн "Эркиндикке жол" уюмунун координациялык кеңешинин кайрылуусун анын лидери Максат Сапармурадов Фейсбук аркылуу жарыялады.

Координациялык кеңеш ошондой эле Түркмөнстандын өзүндө жана анын сыртында жашаган түркмөнстандыктарга кайрылып, түркмөн бийликтеринен расмий маалымат болмоюнча дүрбөлөңгө түшпөй турууну суранды.

21-июлдан бери Россиянын бир катар маалымат булактары аркылуу Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов каза болгону жөнүндө кабар тарап жатат. Кийинки күнү Түркмөнстандын Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөг элчилери бул маалыматты төгүндөдү. Түркмөн президенти жөнүндө жаман кабар тараткан Евразия проблемаларын мониторинг кылуу борборунун директору, политолог Аслан Рубаев кечирим сурады.

Ошого карабастан дагы эле түркмөн президентинин абалы, анын каякта экени табышмак болуп турат. Гурбангулы Бердимухамедов өзү бир аптадан бери эл алдына дагы, маалымат каражаттары аркылуу да байланышка чыга элек. Ошол себептүү эл ичинде ар кандай толтура жоромолдор айтылып жатат.

"Эркиндикке жол" чет өлкөдө жашаган түркмөндөр түзгөн саясий уюм. Анын максаты Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердумухаммедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өлкөдө экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүү, президенттик жана парламенттик эркин шайлоолорду өткөрүү экени жарыяланган. Анын биринчи жыйыны жакында эле Стамбулда болгон.(КС)

Тектеш темалар