"Бейжиндик касапчы", Кытай компартиясынын мурдакы лидери Ли Пэн дүйнөдөн өттү

Тяньанмень аянтындагы студенттик демонстрацияны ырайымсыздык менен басканы үчүн Ли Пэн "бейжиндик касапчы" деген атка конгон. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Тяньанмень аянтындагы студенттик демонстрацияны ырайымсыздык менен басканы үчүн Ли Пэн "бейжиндик касапчы" деген атка конгон.

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мурдакы премьери, 1989-жылы Тяньанмень аянтында нааразылык жүрүшкө чыккан студенттерди танктар менен аскердин күчүнө салып, ырайымсыздык менен баскан коммунисттик лидер Ли Пэн 90 жашында дүйнөдөн кайтты.

Он жыл премьер кызматынан кийин Ли Пэн 1998-2003-жылдары Бүткүл кытайдын эл өкүлдөрү жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы болду.

Расмий маалыматтарга караганда, ал Бейжинде ооруп жүрүп көз жумду.

"Бейжиндик касапчы" ылакап атка Ли Пэнди бир катар эл аралык уюмдар кондурушкан. Анткени, 1989-жылы Тяньанмень аянтында студенттик манифестацияларды ырайымсыз менен баскан ушул адам. Анын буйругу менен аскерлер жүздөгөн бейкүнөө жарандардын канын төккөн.

Ли өзү кийин мындай кадамга аргасыз барганын, анткени кырдаал ошону талап кылганын айткан жери бар.

Синьхуа агенттиги жарыялаган расмий некрологдо Ли Пэн убагында Тяньанмень аянтындагы каршылык акциялардын учурунда тополоңду токтотуу жана контреволюциялык күчтөрдү басуу үчүн чечкиндүү чараларды көргөнү баса белгиленет.

Кытайда ошол убактагы каршылык акциясына чыккандар, курмандыктар жана аскерлер жасаган кылмыштар жөнүндө ачык айтууга болбойт, ал теманы козгогонго тыюу салынган.

Тяньанмень аянтындагы окуяларга жооптуу адамдын өлгөн учуру Гонкондогу кырдаал курчуган учурга туш келди. Бул жакта массалык жүрүшкө чыккан он миңдеген адамдар кылмышка шектүүлөрдү материктеги Кытайга экстрадиция кылуу мыйзамына каршы чыгышып, бара-бара демократиялык укуктарды камсыз кылуу жөнүндө чоң-чоң талаптарды кое баштады.

1989-жылы Тяньанмень аянтында болгон каршылык акцияларынын активисти, азыр Кытайдан сырткары жерде жашайт Уэр Кайси Ли Пэндин өлгөнү жөнүндө кабарга кубанып жатканын Би-Би-Сиге айтты: "1989-жылы жакындарын жоготкондор дагы эле акыйкат күн келерин күтүп жүрүшөт. Ли Пэн касапчы болчу, ал адамдардын эсинде жана тарыхта ушундай калыш керек".

1989-жылы эмне болгон?

1989-жылы апрелде демократиялык реформаларды талап кылган көп сандаган жаштар Бейжиндин Тяньанмень аянтын ээлеп алышып, коммунисттик Кытайдын тарыхындагы эң масштабдуу каршылык акциясын башташкан. Каршылык акциялары алты аптага созулган.

3-июнда аянтка танкалар басып кирген, аскерлер каршылык акциясына чыккандарга ок жаадырып, куралсыз көп адамды өлтүрүп же жарадар кылышкан.

Расмий адамдар андан кийин аянтта бир да адам өлгөн жок деп билдиришкен.

Кытайдын бийликтери каршылык акцияларын басууда курман болгондор жөнүндө эч качан эч кандай маалымат жарыялашкан эмес. Болжолдуу маалыматтар боюнча ошол кандуу окуяда курман болгондордун саны бир нече жүздөн бир нече миң адамга чейин барышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ли Пэн өзүнүн аялы Чжу Линь менен Макаого барган убагы, 2002-жыл.

Көп эксперттердин пикиринде, каршылык акцияларын күч менен басуунун башкы демилгечиси так ушул Ли Пэн болгон.

1989-жылы 20-майда ал улуттук телекөрсөтүу аркылуу чыгып сүйлөп, Бейжинде аскердик абал киргизилгенин жарыялаган.

Ошондон эки аптадан кийин Дэн Сяопин башында турган ошол убактагы Кытайдын коммунисттик партиясынын жетекчилиги аянтка аскерлерди киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Ошондогу кандуу окуялардын башкы күнөөкөрү болуп Ли Пэн эсептелет, бирок бул чечимди кабыл алууга партиялык жетекчиликтин башка мүчөлөрүнүн да тиешеси бар.

Кийин-кийин Ли Пэн 2010-жылы жарыялаган күндөлүктөрүндө ошол окуялардагы өзүнүн ролун башкача көрсөтүүгө аракет кылып, болгону Дэн Сяопиндин гана көрсөтмөсүн аткарганын жазган.

Бир убакта ачыкка чыгып кеткен "Тяньанмендин кагаздары" деп аталган партиялык документтер, каршылык акциясын күч менен басуунун демилгечиси да, Дэн Сяопинди буга шыкактаган да Ли Пэн болгону көрсөтөт. (KC)

Тектеш темалар