Атамбаевдин Москвага сырдуу сапары

Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн көп адамдын коштоосунда жолго чыкты Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн көп адамдын коштоосунда жолго чыкты

Алмазбек Атамбаев шаршембиде түштө Канттагы аскердик аба майданынан Москвага учуп кетти. Ал Кой-Таштагы үйүнөн жолго чыгар алдында сапарынын максатын ачык айткан жок. Анын Москвага «Сухой Суперджет-100» учагы менен учуп кеткенин бир катар маалымат агенттиктери жазышты.

Атамбаев менен бирге ЖК депутаты Ирина Карамушкина, КСДП партиясынын төрайымы Асел Кодуранова, анын орун басары Мурадыл Мадеминова, Кундуз Жолдубаева, Темирлан Султанбеков кошо кеткенин Кундуз Жолдубаева Фейсбукка жазып, учактын бортунда түшкөн сүрөтүн кошо жарыялады.

Сүрөттүн автордук укугу facebook

Мурдакы президент жолго чыгып баратып, журналисттерге өзүнүн эртең кечки саат жетиде кайтып келүү планы бар экенин билдирди. Ал ошол эле убакта Москвага эмне максат менен баратканын, ким менен жолугушарын ачык айткан жок.

Анын эмне үчүн "Манас" аба майданы аркылуу учпай жатканы жөнүндө суроого Атамбаев азыркы бийликти күнөөлөгөн жооп узатты.

"Ар бир акылдуу адам түшүнөт, Кыргызстанда эч ким мыйзамды сыйлабайт, ар ким каалаганын жасап атат. Азыркы бийлик өзүнүн гана чөнтөгүн ойлоп атат. Мен баарына даярмын, бул бийликтен баарын күтсө болот",-деп жооп берди.

Мурдакы президент ошондой эле анын учуп кете турган учагы аскердик жана жеке менчик компанияга таандык эмес экенин гана айтты.

Атамбаевди коштоп эки жүздөй жеңил унаа кошо чыкканын айтып жатышат.

Алмазбек Атамбаевди Жогорку Кеңеш бир нече кылмыштарга катышы бар деп шектенип, экс-президент макамынан ажыраткандан кийин аны үч жолу суракка чакырышты. Ал үч жолу тең баруудан баш тартты.

Мурдакы президентке кримтөбөлдүн абактан бошотулушу, Бишкек Жылуулук электр борборун, Тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү, баш калаага көмүр сатып алуудагы коррупция, мыйзамсыз жер алуу сыяктуу беш чоң кылмышка аралашкан деген шек түшүп жатат.

Атамбаевдин Москвага учуп жатканына бийлик тараптан расмий түрдө эч кандай реакция болгон жок. Бир нече кылмышка аралашкан деген шек түшүп аткан адамдын эмне үчүн Москвага ээ-эркин учуп кетип жатканы, эмне үчүн аны кармоо чаралары көрүлбөй жатканы жөнүндө суроолор көп. Бул кырдаалда бийликтин оюнда эмне бар экени, жасай турган аракеттери көп жагынан түшүнүксүз болуп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу SULTAN DOSALIEV
Image caption Элди эң кызыктырган суроо: Атамбаев Москвада Путин менен жашыруун жолугабы?

Айрым эксперттер Атамбаевдин Кремлде колдоосу бар, ошол себептүү аны кармоого кыргыз бийлиги азыр батынбайт деген пикир айтышууда.

Равшан Жээнбеков бийлик мурунку мамлекет башчысына карата чечкиндүү аракеттерге бара албайт деген ишенимде:

"Бийлик камай албайт. Себеби, Атамбаевдин Москвага барышы, саясатчы катары анын экинчи деминин ачылышына түрткү болот. Анын саясий позициясы Москвага барып келгенден кийин кескин түрдө өзгөрөт. Ал бийликке мындан да көбүрөөк баш ооруларды жарата баштайт",-деди Равшан Жээнбеков Би-Би-Сиге.

Ошол эле убакта башка эксперттер Атамбаевдин Москвага баратканын өзү анын азыркы абалынын оор экенин көрсөтөт дейт.

"Башка бир да жерге бара албайт, болбосо коркот. 2010-жылдан кийин Атамбаев Орусияга эки чоң убада берип, экөөнү тең аткарды: америкалык Ганси авиабазасын чыгарды жана өлкөнү Бажы биримдигине киргизди. Ошол себептүү, Атамбаевдин тагдырына Орусия кайдыгер болбойт болуш керек. Чоң саясатка кийлигишпе деп коюшу толук мүмкүн",-дейт профессор Алмазбек Акматалиев. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар