ЕБ: Британиянын премьери татаал көйгөйлөрдү чечиши керек

Boris Johnson leaving a private reception in London Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Британиянын жаңы премьер-министри Борис Жонсон

Консерваторлор партиясы Британиянын мурдагы тышкы иштер министирин, Борис Жонсонду партиянын лидери катары тандады. Эми Жонсон жаңы өкмөт курап, өлкөнүн премьер-министр кызматын ээлейт.

Ал аңгыча Европа Биримдиги (ЕБ) Борис Жонсонду "татаал көйгөйлөр" күтүп жатканын эскертти. Британиянын жаңы премьер-министри 31-октябрга чейин өлкөнү Европа Биримдигинен чыгарышы керек.

Жонсон ЕБ менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мурдагы премьер Тереза Мэй сунуштаган келишимди өзгөртүүнү көздөп турганын айтты.

Европа Комиссиясынын жаңы шайланган президенти Урсула фон дер Ляйен Лондон суранса "Брексит" мөөнөтүн жылдырууга даяр экенин айтты.

"Көптөгөн түрдүү жана татаал көйгөйлөрдү чогуу чечишибиз керек. Алдыда оор мезгил күтүп турат. Менимче, бекем жана жигердүү иш мамилесин түзүү абдан маанилүү. Анткени Европа калкына жана британ элине пайдалуу болгудай ишти аткарууга милдеттүүбүз",-деди Урсула фон дер Ляйен.

АКШын президенти Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына Жонсонду куттуктады.

"Улуу Британияны мыкты адам башкарат - Борис Жонсон. Жакшы адам. Ал акылдуу жана мүнөзү бекем. Аны "Британиядагы Трамп" деп аташууда, бул жакшы нерсе. Мени британдыктар жактырат",-деп айтты Трамп.

АКШдан тышкары Европанын жана дүйнөнүн бир катар мамлекет башчылар Борис Жонсонду куттуктап, ийгилик каалашты.

Британиянын мурдагы премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда консерваторлор партиясынын лидерлигинен кеткен. Ал премьер-министрдин кызматын убактылуу аткарып турган.

Британиянын жаңы өкмөт башчысы опурталдуу "Брексит" көйгөйүн чечиши керек. Өлкө алдында турган чоң кыйынчылыктарга карабастан, консерваторлор партиясынын ичинде премьер-министр кызматын талашкандар көп болду.

Мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсонду коомчулук жакшы билет жана аны партия ичинде колдогондор да көп болду. Анткен менен ал саясаттагы айрым эрежелерди, нормаларды сактабаганы менен белгилүү.

Борис Жонсондун карьерасы

Британиянын жаңы премьер-министри карьерасын журналист болуп баштап, кийин парламентке шайланган жана тышкы иштер министри болуп иштеген.

Талдоочулардын көбү Жонсондун айланасындагы сын-пикирлер менен чуулгандуу окуялар анын карьерасына кедергисин тийгизет деп болжошкон.

"Ал эл менен туура сүйлөшкөндү билет. Карапайым эл менен тыгыз байланышта. Ошондуктан аны колдошот. Келбетинен тышкары, ал катуу иштейт, "жок" деген жоопту кабыл албайт",-деди Борис Жонсондун кеңешчиси Гуто Харри.

Жонсон Итон колледжинде билим алган жыйырманчы премьер-министр болуп калды. Британиянын жаңы премьери Оксфорд университетинде журналистика факультетинде окуган. Анын журналист катары атагы чыкканда, саясатка аралашкан.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Брексит": Эмне болуп жатканын билебизби?

Жаңы премьер Консервативдүү партиянын атынан депутат болуп, Лондон шаарынын мэри болуп да иштеди.

Жонсондун тарапкерлери анын абалды түшүнүүгө аракеттенген лидер экенин айтышат. Бирок ал жеке турмушундагы чуулгандуу окуялар үчүн сынга кабылган. Жонсон үйлөнгөндөн кийин ойнош күткөнү билинип калып, бир жылдан кийин жубайы менен ажырашкан болчу.

Жеке турмушунан тышкары кызматтык мамилелер да бузулган болчу. Жонсонду сындаган саясатчылар, жаңы премьердин "балп этип туура эмес сүйлөп салган адаты" бар экенин айтышат.

"Ишеним жок. Ал ишин аткарган жок. Маанилүү баяндамаларды окубай, керектүү жолугушууларга да келбей коет. Ал биринчи кезекке мамлекетти эмес, өз кызыкчылыгын коет",-деди саясат таанучу Сонья Пурнел.

Жонсон тышкы иштер министри болуп турганда да буга окшош сындар айтылган эле. Бирок премьердин жакындары жана Консерваторлор партиясы аны күчтүү саясатчы катары тааныйт.

"Брексит" боюнча референдум алдындагы өнөктүк иштеринде Жонсонду колдоп жүздөгөн адамдар чыккан. Бирок дал ушул "Брексит" көйгөйү Британияны экиге бөлдү. Эми жаңы премьер-министр кризистен чыгуунун жолун табышы керек.

Европа Биримдигинен чыгуу маселесинде эки бөлүнгөн өлкөнү жана парламентти бириктире алган лидер керек. Жонсон болсо референдум алдында "Брекситти" колдоп, талаш жараткан кайрылуулар менен чыккан учурлары дагы белгилүү. (AT)

Тектеш темалар