Гонконг: каршылык акциялар уланууда

Police fire tear gas Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Полиция көздөн жаш агызган газ жана желим ок колдонду

Гонконг шаарында эки күн катары менен нааразылык акциялар болуп, демократияны жактаган демонстранттар менен полиция кагылышты. Активисттер полициянын ашыкча күч колдонгонуна нааразы болушууда.

Коопсуздук кызматкерлери Кытай өкмөтүнүн кеңсесине кирип барууну көздөгөн демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызган газ жана желим ок колдонду.

Нааразылык акцияга он миңдегендер чыкты деп маалымдалууда. Гонконгдо эки айдан бери дем алыш күндөрү демократияны жактаган активисттер көчөгө чыгышууда.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Демонстранттар "Гонконгго эркиндик" деп кыйкырып жатышты

Жекшемби күнү активисттер жолдорду тосуп, "Гонконгго эркиндик" деп кыйкырып жатышты.

Гонконг 1997-жылы 1-июлда Улуу Британиядан Кытайга өтүп, 50 жылдык мөөнөткө Кытайдын атайын административдик районунун макамын алган. 1997-жылдан берки Гонконг мындай масштабдуу жана массалык акцияны көрө элек эле. Британия Гонконгду өзгөчө укуктар менен Кытайдын башкаруусуна өткөрүп бергенде ушундай чоң жүрүштөр орун алган.

Нааразылык акциялар эмнеден башталды?

Гонконгдо бир айга жакын убакыттан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна миллиондогон адам каршылык билдирип чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Демонстранттар Гонконгдун негизги көчөлөрүн бууп салды

Нааразылык билдиргендер муну менен Бээжин Гонконгдун автономиялык үлүшүнүн чоң бөлүгүн жок кылып жатат деп сынга алууда.

Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Экстрадиция боюнча 20 өлкө менен келишим түзгөн. Анын ичинде АКШ жана Британия сыяктуу өлкөлөр менен. Бирок Кытайдын өзү менен эч кандай келишим жок. Сүйлөшүүлөр соңку жыйырма жылдан бери жүрүп жаткан эле.

Ɵкмөт бул мыйзамды кароону убактылуу токтоткон, бирок митингдер токтогон жок. Демонстранттар полициянын ашыкча күч колдонду деп айыптоодо. Андан тышкары өткөн жекшембиде кылмыштуу топтордун мүчөлөрү метродогу тынч демонстранттарды, журналисттерди жана жөн жай тургундарды сабап кеткен эле.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Активисттер кылмыштуу топтор полиция менен биргеликте иш алып барды деген пикирде. Коопсуздук кызматкерлери дооматтарды четке кагып келет. Полиция метродогу окуяны уюштурду деп 12 кишини камакка алган, алардын тогузу кылмыштуу топтун өкүлдөрү экени аныкталган.

Учурда экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзамга каршылык көрсөтүү кеңири кыймылга айланды. Нааразылык акцияга чыккандар мыйзам долбоорун күн тартибинен таптакыр алып салууну, полициянын ашыкча күч колдонгону боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү жана демократия багытындагы реформаларды талап кылышууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 1997-жылдан берки Гонконг мындай масштабдуу жана массалык акцияны көрө элек эле

Ошондой эле каршылык митингисине чыккандар Гонконгдун башкаруучу Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылышууда. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар