Казакстанда соттолуп жаткан шинжаңдык активист Серикжан Билаш ким?

Казакстанда "Атажурт" кыймылынын лидери Серикжан Билаштын үстүнөн сот иши башталды. Аны "улут аралык кастыкты козуткан" деп айыптап жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу RUSLAN PRYANIKOV/AFP

Билаш Кытайдын батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунунда туулган. Кийин Казакстандын жарандыгын алат. Ал Кытайдагы этникалык казактардын укугун коргоп жүрүп белгилүү болгон. Билаш негиздеген "Атажурт" кыймылы Кытайдагы адам укугу жаатындагы жагдайлар тууралуу маалыматтарды таратып келүүдө. Тагыраагы жергиликтүү мусулмандар кармалып жаткан "тарбия лагерлериндеги" абалга эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып келет.

Активист Шинжаңдагы кытай бийлигинин жергиликтүү элге карата басымы тууралуу бир нече ирет маалымат жыйынын өткөрдү. ММКларга берген маектеринде "тарбия лагерлеринде" бир эле уйгурлар эмес башка этникалык топтор дагы запкы көрүп жатканын айтканы бар.

Билашты "улут аралык кастыкты козуткан" деп айыптап жатышат. Мындай берене менен жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Активист муну саясий негиздеги айыптоо катары четке какты.

Алгачкы сот отурумуна анын бир топ тарапташы келди. Алар "боштондук" деп кыйкырып, Билашты актоону талап кылышкан.

Укук коргоочулар Билаштын ишин саясий негизде деп, казак бийлигин айыптап жатышат. Билаштын кармалышын Eurasianet сайты "Нур-Султандын Бээжин менен жакшы мамилени сактап калуу каалоосунан улам болушу мүмкүн" деп жазды.

Казак активистти март айында Алматыда кармалып, кийин баш калаа Нур-Султанга алып келинип, үй камагына алынган. Баш коргоо чарасынын мөөнөтү кийин бир нече ирет узартылды.

"Атажурттун" офисинде тинтүү жүргүзүлүп, Шинжаңда кармалган кишилер тууралуу маалыматтар сакталган компьютер, дисктер алынганын "Франс пресс" агенттиги жазып чыккан эле.

Укук коргоочулар Кытайдын Шинжаң аймагында эч кандай сот жана тергөөсү жок эле жүз миңдеген мусулмандарды камакка алынганын айтып келет. Бээжин дооматтарды четке кагып, мыкты кайтарылган жайларды экстремизм менен күрөшкөн "билим берүү борбору" катары көрсөтүп, ага шинжаңдыктар өз ыктыяры менен келип жатканын маалымдоодо.

Уйгурлар Шинжаңдагы калктын 45 пайызын түзөт. Кытайлар болсо 40 пайызга чукул. Калгандары этникалык азчылыкты түзгөн башка улуттар. Бейрасмий маалыматтарга караганда чөлкөмдө жашаган казактар саны миллион чамалуу. (AbA)

Тектеш темалар