Зордуктоо боюнча айыпталган Неймардын иши токтотулду

Неймар Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Неймар тагылган айыптардын баарын четке каккан эле

Бразилиянын Сан-Паулу шаарынын прокуратурасы белгилүү футболчу Неймарга карата козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялады. "Далил жетишсиздигенен улам кылмыш иши жабылды", деп айтылат расмий маалыматта.

Футболчуга карата кылмыш иши бразилиялык модель Наджила Тринидаденин арызынынан улам козголгон. Ал ушул жылдын май айында Париждеги мейманканада футболчу ага асылганы тууралуу даттанган. Арызында Неймар мас абалында келип, зордуктап койгонун жазат. Неймар бул айыптоолорду четке кагып, акча өндүрүү аракети деп баалаган эле.

Футболчунун өкүлдөрү "Франс-пресс" агенттигине азырынча тергөөчүлөрдүн чечими боюнча комментарий берүүгө даяр эмес экенин билдирген. Бразилиянын өзүндө Неймарга байланыштуу иш чоң резонанс жаратты.

Июнь айында "Пари Сен-Жермен" клубунун чабуулчусу "Инстаграм" баракчасы аркылуу билдирүү жасап, аны зордуктоо боюнча айыптап жатышканын билдирген. Неймар Whatsapp аркылуу бир аял менен жазышкан катын дагы скриншот кылып чыгарган эле.

Ал бул аркылуу "эч кандай зордуктоо болбогонун" далилдегиси келгенин жазат.

Тринидаде болсо болжолу футболчу менен жаңжалдашып жатканы тууралуу видеоролигин чыгарат. Кийин полиция модель кызга карата "жалган жалаа жапкан" деген берене менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө учурунда бир нече ирет адвокаттарын алмаштырды.

Эми прокурорлордун алдында Неймардын ишин аягына чыгарууга дагы 15 күн бар. Ушундан кийин гана сот акыркы чечимин чыгарат. (AbA)

Тектеш темалар