Бразилия: Абактагы козголоңдо 16 кишинин башы алынды. Себеби эмне?

Altamira prison riot, Jun 2019

Зомбулук менен коштолгон козголоң Бразилиянын абак жайларындагы оор абалды көрсөттү. Кеминде 57 киши өлүп, алардын он алтысынын башы алынган.

Өлкө түндүгүндөгү Альтамир түрмөсүндөгү козголоң беш саатка созулду. Абактагылар түрмөнүн бир тарабын ээлеп алышып, будуң-чаң салышкан. Жыйынтыгында 16 кишинин башы алынып, калгандары өрттөн улам тумчугуп каза табышканы белгилүү болду.

Түрмөнүн эки кызматкерин барымтага алып, кийин кайра бошотушкан. Абак жайдагы эки кылмыш тобу бири-бирине кол салган деп айтылды.

Январдын биринчи аптасында эле абак жайдагы ушундай тирешүүлөрдөн камактагы жүздөй кишинин өмүрү кыйылды. Абак жайдын күзөтчүлөрү муну токтотууга күчү жетпей жатат.

Мындай козголоңдор Бразилияда кеңири жайылган көрүнүш. Бразилия абакта кармалгандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда. Анын алдында АКШ менен эле Кытай бар.

Түзөтүү мекемелеринде 700 миңдей адам кармалып турат.

Би-Би-Синин Бразилия кызматынын кабарчысы Наталья Пассарино менен чогуу абак жайлардагы козголоңдун себептери тууралуу айтып берүүгө аракет кылабыз.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Бандалардын тиреши

Бразилияда эки ири кылмыш тобу бар. Алардын бири Сан-Паулуну көзөмөлдөгөн "Борбордун биринчи тобу" деп аталган кылмыш тобу жана Рио-де-Жанейродон чыккан "Кызылдар" аталаган топ. Экөөнүн ортосундагы тирешүү 20 жылдан бери уланып келүүдө.

Би-Би-Синин Бразилия кызматынын кабарчысы Наталья Пассаринонун айтымында, "Борбордун биринчи тобу" өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгышында аракеттенген. "Кызылдар" дагы алардын аймагында иштөөгө аракет кыла баштаган.

Бир учурларда алар биргелешип иштеп баштаган экен. Курал жана баңгизатын соодалашкан. 2016-жылы эки кылмыш тобунун ортосундагы кызматташтык токтогон. Өлкөнүн түндүк-чыгыш райондорунда "Борбордун биринчи тобу" бир нече майда топторго бөлүнө баштаган. Муну менен өзүнүн мурунку таасирин жоготот. Ушундай жол менен Альтамирде "Класс А тобу" деген дагы бир кылмыш тобу пайда болот. Мына ушул топтун мүчөлөрү жергиликтүү абак жайындагы козголоңду уюштурганы айтылып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эмне үчүн баш алышкан?

"Мындай ыкма көбүнчө майда кылмыш топторуна мүнөздүү,-дейт Пассарино. -Топ анчалык кубаттуу эмес жана туруксуз болсо, алар зомбулук менен коштолгон үрөй учурган ыкмаларды көп колдонушат. Мындай жол менен башкаларды чочулатып, ким кожоюн экенин көрсөткүсү келет".

Журналист белгилегендей, "Борбордун биринчи тобу" сыяктуу ири оюнчулар баңгизаттын көмүскө соодасын монополияга айландырып алган. Өзгөчө Сан-Паулуда алардын таасири күчтүү. Ошондуктан аларга жогорудагыдай көпчүлүктүн көңүлүн бурган ыкмалардын зарылчылыгы жок.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Альтамирдеги түрмө

2011-жылы Альтамирден алыс эмес жерде Belo Monte гидроэлектростанциясы курулуп баштаган. Кыска убакыттын ичинде эле чакан шаар ызы-чуулуу калк жыш отурукташкан аймакка айланды. Албетте, көпчүлүк менен чогуу кылмыш топтору дагы акырын жылып кирди.

Суу жолдору дагы ар кайсыл багытка баңгизаттарын жеткирүү үчүн ыңгайлуу эле. Зомбулукка жана баңгизат соодасына каршы күрөштөн улам, абак жайларга кишилер толду.

Альтамирдин 200 кишиге ылайыкталган абак жайында 309 киши кармалат. Бирок бийлик өкүлдөрү абак жай толуп клаганы тууралуу маалыматтарды четке кагат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Негизги көйгөй - абак жайлардын толуп калганы

Пассарино түшүндүргөндөй Бразилияда түшүнүксүз айлампа бар: мамлекет кылмыштуулук менен күрөшөт, көп кишини абакка салат, түрмөлөр көп сандагы кишилерди батыра албай убара, кылмыш топтору абактарда бийликти колго алып, катарына жаңы мүчөлөрдү тартууда. Ошентип алар эркиндикке чыкканда майда уурудан чоң кылмышкерге айланат.

Аз сандагы абак кызматкерлеринин даярдыгы чабал болуп, бул көйгөй менен күрөштө алсыз. Айлык акы төмөн болгондуктан кесипкөй кишилерди тартуу мүмкүн эмес.

"Салыштырмалуу бай делген Сан-Паулу штатында дагы бир күзөтчүгө абакта жаткан 300-400 киши туура келет",-дейт социолог Камила Диас.

2017-жылы январда бир нече абак жайда козголоң тутанып, эки ири кылмыш тобу тирешкен. Анда 130 киши каза тапкан эле. Ушул жылдын май айында бир күндө төрт башка түрмөдө орун алган козголоңдө 40 киши өлтүрүлдү.

Ресурстардын жетишсиздиги

Альтамирдеги окуядан өлкө президенти Жаир Болсонару абак жайларды кеңейтип, көзөмөлдү күчөтөрүн убада кылды.

Бирок бул оңой жумуш эмес. Анткени каражат тартыш экени айтылып келет. Ошол эле маалда абак жайларына каражат коротуу өкмөттүн алдындагы негизги приоритет эмес. Коомчулук мунун маанисин көп түшүнгүсү келбейт. Коркунучу, кесепети оор экенин аңдабайт, дейт эксперттер. (AbA)

Тектеш темалар