Сибирдеги өрт дүйнө назарында

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
31-майдан бери Сибирде үч миллион гектардай токой күйдү

Орусиянын президенти Владимир Путин Сибирдеги өрттү өчүрүүгө армия тартыларын айтты. Мындай чечимин Путин министрлер менен чукул жыйында жарыялады.

Учурда үч миллионго чукул гектар жерди өрт каптады. Экологияны коргогон Greenpeace уюму муну "айлана-чөйрөдөгү катастрофа" деп мүнөздөдү.

Жергиликтүү тургундар болсо өрт өчүрүү үчүн жетиштүү чараларды көргөн жок деп, бийликке нааразылык билдирүүдө. Сhange.org сайтында Сибирдеги өрттү өчүрүү талабы менен петицияга кол коюп жатышат. Ушул учурга чейин 800 миңден ашуун киши кол койгон.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги токойдогу өрт тургундарга коркунуч жаратпайт деген жүйөө менен, өрттү өчүрүү аракеттери болбойт деп билдирген. Жергиликтүүлөр бул бирдирүүгө кескин нааразы болгон эле.

Бир күн алдын коомдук сайттардын колдонуучулары жана атактуу кишилер "Сибирдеги өрттү өчүргүлө" деген хэштег менен чыгышкан. Белгилүү актер Леонардо ди Каприо дагы четте калган жок. Орусиядагы өрт тууралуу бүтүн дүйнө сөз кылып жатат.

Сибирь токойлорундагы өрттүн кандай тараганын көрсөткөн спутниктен алынган карта

Леонардо ди Каприо "токойлордогу өрт климаттык кризистин кесепети болуп жатканын", Гренландия, Сибирь жана Аляскадагы өрттүн түтүнүн "космостон көрүүгө дагы мүмкүн" экенин жазды. Өрт кырсыктары атмосферага көп сандагы көмүр кычкыл газын таратып жаткана көңүл бурган.

Флешмобду шоумен Максим Галкин жана орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысынын кызы Лиза Пескова дагы сүрөнгө алды.

"Эгерде токой "НАВАЛЬНЫЙ" деген сөздүн формасында күйгөн болсо, анда алда качан эле өчүрүп салышмак", -деп тамашалап жазат блогер Руслан Усачев.

31-майдан бери Сибирде үч миллион гектардай токой күйдү. Бул Бельгиянын аймагынан дагы чоң, болжолу Каталониянын аянтына барабар жер.

Сүрөттүн автордук укугу Andrei Samsonov/TASS
Image caption Сибирдин айрым шаарлары түтүнгө тумчукту

Шаршембиде президент Владимир Путин өрттү өчүрүүгө Коргоо министрлигин тартуу тууралуу чечим кабыл алды. Көп өтпөй Коргоо министрлиги Красноярск аймагына он Ил-76 учагы жана 10 тик учак бара турганын айтты. (AbA)