"Үч талак": Индия мусулманча бир заматта ажырашууну кылмыш деп тааныды

Индияда мусулман аялдардын бир бөлүгү "үч талакты" кылмыш деп тааныган жаңы мыйзамды колдоп жатышат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Индияда мусулман аялдардын бир бөлүгү "үч талакты" кылмыш деп тааныган жаңы мыйзамды колдоп жатышат.

Индиянын парламенти "үч талак" берип ажырашкан мусулмандардын салтын кылмыш деп тааныган мыйзам кабыл алды.

Мусулманчылыкта үч жолу "талак" деп айткан эркек аялы менен ажырашкан болуп эсептелет. Кээ бир мусулман элдеринде талакты ар кандай формада, анын ичинде электрондук текст түрүндө да жазып жиберип, ажырашкан учурлар бар.

Индиянын Жогорку Соту бул практиканы 2017-жылы эле Конституцияга каршы келет деп тааныган.

Эми үч талак берип ажырашкан эркекти жаңы мыйзам боюнча үч жылга чейин түрмөгө камаса болот.

Жаңы мыйзамдын жактоочулары аны мусулман аялдардын укуктарын коргоонун маанилүү чарасы катары карашууда. Каршы болгондор бул өтө эле катаал чечим деп жатышат жана мунун артында бөрк ал десе баш алмай да болбой койбойт деп кабатыр болууда.

Бул мыйзам долбоору парламентти биринчи жолу 2017-жылы каралган, бирок анда парламенттин жогорку палатасында колдоого алынган эмес.

Индиянын башкаруучу партиясы болгон "Бха́ратия джа́ната па́рти" (БДП) бул мыйзамды колдоого алды, ал эми оппозициядагы партия Улуттук Конгресс каршы болууда.

Парламент кылмыш катары тааныган "үч талак" практикасы мусулман аялдарга карата тарыхый жаңылыштыкты оңдоп, өлкөдө гендердик теңчиликти камсыз кылууга өбөлгө болот деп жатышат.

Индияда мусулман эркектер кат же телефон аркылуу, керек болсо WhatsApp жана Skype менен "үч талак" берип аялы менен ажырашкан учурлар болууда. Талакты тааныбай кээ бир аялдар сотко кайрылышкан.

"Үч талак" менен ажырашуу шариатта да, Куранда да эч жерде жазылган эмес дешет, бирок бул практиканын жашап жатканына ондогон жылдар болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кээ бир мусулман аялдар өздөрү да жаңы мыйзамга каршы чыгышты

Ислам окумуштуулары өз кезегинде Куранда ажырашуунун жолу башкача жазылган дешет, ал үчүн үч ай күтүүгө туура келет, ошондой эле жарашууга кеминде эки жолу мүмкүнчүлүк болушу керек.

Ислам өлкөлөрүнүн көпчүлүгү, анын ичинде Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Бангладеш үч талак менен ажырашууга тыюу салышкан. Бирок Индияда никеге туруу жана ажырашуу боюнча бирдиктүү мыйзамдар болбогондуктан, талак менен ажырашуу сакталып калган экен.

Жаңы мыйзамга кршы болгон саясий күчтөр, анын ичинде аялдар өздөрү дагы, талак менен ажырашууну кылмышка айлантуу мурда болуп көрбөгөн иш деп сынга алышууда.

Башкалары үй-бүлөлүк мамилени жөнгө салууга мамлекет катышпаш керек дешет. Кээ бир мусулман аялдар өздөрү да жаңы мыйзамга каршы чыгышты

Мыйзамды колдогондор "үч талак" менен ажырашуу аялдарды эң жаман басмырлаган практика катары мыйзамдуу түрдө түрдө жазаланууга тийиш дешет.

Юстиция министри мыйзамды кабыл алуу учурунда парламентте сүйлөп жатып, тыюу салып койгон менен "үч талак" тыйылбай койгонун билдирди. Анын айтымында, сот органдарында "үч талак" менен ажырашуу жөнүндө беш жүздөн ашык арыз катталган.

«Чечим чыгарылган, бирок үч талакка эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ошондуктан биз бул мыйзамды кабыл алып жатабыз, анткени мыйзам тартипке чакырган фактор", -деди министр.

Тектеш темалар