Идлиб: Ыңгайсыз кишилердин көзүн тазалообу же жоочуларга каршы акыркы кармашпы?

Идлиб Сүрөттүн автордук укугу Anadolu Agency

БУУнун эсебинде Идлиб провинциясынын аймагындагы тынымсыз аба соккуларынан 500дөй жайкын тургун мүрт кетти. Чабуулду Орусиянын аба күчтөрүнүн колдоосуна таянган Сириянын куралдуу күчтөрү жолдоп жатат.

Сириянын адам укугун коргоо (SNHR) уюму Идлибде өлгөндөр саны мындан дагы көп дейт. Алар 781 киши каза тапканын жана алардын жүз кыркы аялдар, эки жүз сегизи балдар экенин айтууда.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Марк Лоукок шейшембидеги Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Идлибдеги окуяларды "кыргын" деп атады. Катаал тактиканы колдонуп жатат деп, расмий Дамаск менен Москваны айыптаган.

Орусиянын БУУдагы өкүлү болсо, Лоукок тарабынан айтылган фактылар ишенимсиз булактардан алынып, жалган экенин билдирген.

Идлибде кимдер жашап жатат?

Сүрөттүн автордук укугу Anadolu Agency
Image caption БУУнун маалыматында июль айында эле Идлибде өткөн бир жылдагыдан көп балдар каза тапканы айтылат

БУУнун маалыматында июль айында эле Идлибде өткөн бир жылдагыдан көп балдар каза тапканы айтылат.

Сириянын өкмөтү менен Орусия аскердик операциялар террорчуларга каршы жүрүп жатканын билдирүүдө.

Идлиб - президент Башар Асадка оппозиция болгон күчтөрдүн көзөмөлүндөгү эң акыркы провинция. Ошол эле маалда Идлибдин чоң бөлүгү оппозиция эмес, радикалдуу жихаддык топтор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

АКШ армиясынын жогорку даражалуу генералдарынын биринин болжолунда Идлибде 20-30 миңдин тегерегиндеги куралдуу жоочулар бар. Ушундай эле санды БУУ дагы ырастап жатат.

Сириянын бийлиги Идлибде 100 миң жихадчы бар дейт. Ошондуктан "экстремизмдин очогун" жок кылуу зарыл деген.

Ошол эле маалда Идлиб миңдеген сириялык оппозициянын жактоочуларынын башкалкалаган жайына айланды.

БУУнун маалыматына таянсак, учурда Идлибде үч миллион чамалуу жайкын тургундар бар жана алардын ар бир үчүнчүсү балдар. Бул кишилердин 40% чамалуусу мурда оппозиция көзөмөлдөгөн башка райондордо жашаган.

Сүрөттүн автордук укугу Anadolu Agency
Image caption 2011-жылдан бери уланып жаткан согуштан Сириянын айрым шаарлары түп-тамыры менен кыйрады

Москва жана катаал тактика

Эгерде Асаддын күчтөрү Идлибди толук көзөмөлүнө алса, өкмөткө каршы оппозициянын жеңилгени катары саналат.

Сириянын армиясы өткөн жылы август айында эле Идлибди көзөмөлүнө аларын жарыялаган. Бирок анда чабуул жасалган эмес.

2018-жылдын сентябрында Сочиде өткөн Түркия жана Орусия президенттеринин жолугушуусунан соң, Идлибде де-эскалация тилкесин түзүү келишими кабыл алынган.

Ок атышпоо тууралуу келишмдер мурда сакталбай келген эле. Бирок ушундан кийин кан төгүү азайды.

2019-жылдын апрель соңунда Асаддын күчтөрү жихадчылар де-эскалация келишимин бузуп жатат деген нигизде Идлибке чабуул койду.

Азыр Идлибде күн сайын жайкын тургундар окко учкан учурлар болуп жатат. Акыркы үч жумада тынымсыз аба соккулары жолдонгону айтылды.

БУУнун өкүлү "жер менен жексен кылуу" тактикасы колдонулуп жатканын айтып, Кафр Набуда шаарында үч айдын ичинде бир дагы имарат соо калбаганын айткан. Чабуулга Орусиянын дагы катыштыгы болгону айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

«Идлибдеги де-эскалация тилкеси аталган аймактан 90 күндөн бери Сирия өкмөтүнүн жана Орусиянын бомбалоосу жана аткылоосунан жайкын тургундар жоготууга учурап жатат. Спутниктен алынган сүрөттөр (Идлибде) 17 калктуу конуш талкаланып жана бопбош калганын күбөлөп турат",-деди Лоукок.

"Идлибдеги тургундардын азап-тозогонунун бүтүшү жана тынчтыктын ачкычы Орусиянын колунда",-деди Би-Би-Сиге берген интервьюсунда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Британиянын туруктуу өкүлү Карен Пирс. - Эгерде Орусия бомбалоого катышпай койсо, мунун баарына чекит коюнуну эң мыкты жолу болуп калмак".

Пирстин пикиринде, Сириядагы согушту токтотуу үчүн Орусия Асадды сүйлөшүү үчүн олтурууга көндүрүшү керек. Көрсөтмө үчүн эле эмес, маңыздуу саясий жөнгө салуу жараянын башташ керек дейт британ дипломаты.

Москванын болсо Идлибдеги окуялар боюнча көз карашы такыр башка.

Шейшембидеги Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Орусиянын БУУдагы өкүлү Небензя «Идлибде террордук анклавды сактап калуу батыш өлкөлөрүнүн негизги максаты болуп жатканын" айтты.

Ал ортодо Казакстанда кезектеги сүйлөшүүлөр башталып, Сириянын келечеги кандай болору талкууланып жатат. Бул жолу сүйлөшүүлөргө сириялык оппозиция өкүлдөрү дагы келишти. Делегациянын жетекчиси Ахмад Тума журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, сүйлөшүүдө Идлибдеги ок атышууну токтотуу маселесин козгой турганын айтты. (AbA)