Индия Кашмир аймагынын атайын макамын жокко чыгарат

Индиянын өкмөтү конституцияны өзгөртүп, өзү көзөмөлдөгөн Кашмир аймагына атайын артыкчылык берген мыйзамдарды жокко чыгарат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Индиянын бийлиги эмитен эле он миңдеген аскерлерин Кашмирге жөнөттү

Конституциядагы 370-берене Индия көзөмөлдөгөн Кашмир аймагына автономия берген. Аны жокко чыгаруу абдан талаштуу. Анткени дал ушул берене үчүн Кашмир 1947-жылы Индияга кошулууга макул болгон. 370-беренеге ылайык, Кашмир менен Жамму штаттары өз конституциясын кабыл алууга, өз туусуна ээ болууга жана коргонуу, чет өлкөлөр менен мамиле түзүүдөн тышкары чечимдерди өздөрү кабыл алууга укуктуу болушкан.

Андан тышкары Кашмир аймагын Индия менен Пакистан талашып келет. Аймак экиге бөлүнгөн - Индия башкарган Кашмир менен Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмир.

Беренени жокко чыгаруу башаламандыкка алып барышы ыктымал. Индия көзөмөлдөгөн аймакта отуз жылдан бери жикчил аракеттер болуп, он миңдеген кишинин өмүрүн алды. Өзөктүк куралы бар Индия менен Пакистан Кашмир аймагын талашып, эки жолу согушка барган.

Индиянын бийлиги эмитен эле он миңдеген аскерлерин Кашмирге жөнөттү. Айрым маалыматтарга ылайык, аймакка эс алууга келген миңдеген туристтерди чыгып кетүүгө дагы чакырыктар болгон. Ошондой эле Индия көзөмөлдөгөн Кашмирде митинг өткөрүүгө тыюу салынды, уюлдук телефон менен интернет байланыштарына дагы чектөө киргизилди.

Парламент 370-беренени жокко чыгаруу боюнча жарыялоодон бир нече саат мурун, штаттын мурдагы эки башчысы үй камагына алынган.

Кашмирдин көйгөйү

Кашмир бул - дүйнөдөгү эң аскерлешкен чөлкөм. Ошондой эле ядердик эки өлкө - Индия менен Пакистан карама-каршы турган, тынчы жок, кооптуу аймак саналат.

Марттын башында Индия Кашмирдин Пакистанга таандык аймагына аба соккуларын жолдогону абалды андан бетер курчуткан эле.

Эмне үчүн Кашмирдеги чыңалуу кооптуу?

Индия менен Пакистан ортосундагы биринчи жаңжал 1947-1948-жылдары пайда болду. Анда Индия Британ тактысынан бөлүнүп, эгемендик алган эле. Пакистан болсо дүйнөнүн картасында пайда болгон учуру.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Индия менен Пакистандын чек арасында эл аралык тынчтык күчтөрү жайгашкан

Азыр бул аймак бир нече зоналарга бөлүнгөн. Индия менен Пакистан чөлкөмдүн ар башка бөлүктөрүнө ээлик кылат. Ошондой эле анчейин чоң эмес аймак Кытайга таандык.

Коңшулаш өлкөлөрдүн ортосундагы жаңжалды өзгөчө жергиликтүү тургундар жон териси менен сезүүдө. Карама-каршылыктан көп кан төгүлдү. Эки жолку согуш (1947-1965-жылдары), бир нече жолку аскердик операция, майда-барат кагылышуулар, аскерлерге жана жайкын тургундарга жасалган чабуулдар.

Мунун кесепетинен чөлкөмдүн экономикасы саясий кырдаал сыяктуу эле туруксуз абалга келди. Кашмирде жумушсуздук кеңири кулач жайган. Британ парламентинин мүчөсү Назир Ахмеддин пикиринде, Кашмир терроризмдин булагы дагы болуп калды. Чөлкөмдү кылдат байкоого алып жүргөн эксперттер деле ушундай эле пикирде. Буга көз жумду мамиле кылуу радикалдуу, диний топторго каршы күрөштү татаалдаштырмак.

Кашмир кимдики?

Индия Британ башкаруусунан чыга элек кезде, 1947-жылы эле Кашмир талаштуу аймак болуп калган. Британдыктар субконтинентти экиге бөлгөн - мусулмандар көп жашаган аймакка Пакистан, индустар үстөмдүк кылган аймак Индиянын көзөмөлүнө өттү.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Индия менен Пакистандын чек арасын чийген ким?

Кашмирдин башкаруучусу аймагы кайсыл өлкөгө биригерин чече албай туруп калды. Рефрендум өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Кийин Индия менен союз түзүүгө ыктап, бирок кечигип калган. Чөлкөм үчүн Индия менен Пакистан ортосунда согуш тутанып кетти.

Өлкөлөр жарашуу боюнча келишимге жеткенде, Пакистан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүдөн баш тарткан. Ошентип Кашмир экиге бөлүнүп калды. Кашмирдин чыгыш бөлүгү Аксайчин деп аталып, 1950-жылдардан бери Кытайдын башкаруусунда. Бул жерге дагы Индия доомат коюп келе жатат.

Индия менен Пакистан ортосундагы экинчи согуш 1965-жылы башталды. 1980-жылдан 1990-жылдарга чейинки бийликке болгон нааразылыктар чөлкөмдө ар кандай каршылык кыймылдарынын түзүлүшүн шарттады. Куралдуу кол салуу, массалык каршылыктар жана Пакистан колдогон куралдуу топтор өөрчүдү.

1999-жылга барып Индия менен Пакистан өзөктүк куралы бар экенин жар салды.

Кашмир үчүн болгон күрөштүн биринчи күнөн тарта эле бир нече миң кишинин өмүрү кыйылды.

Кашмирликтер эмнени каалайт?

1950-жылдардан тарта эле БУУ саясий чечим кабыл алууда Кашмирдеги тургундардын пикирин эске алуу керектигин айтып, референдум өткөрүүгө чакырып келет.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Индия - Пакистандын бөлүнүшүнө 70 жыл

Индия башында бул идеяны колдогон. Кийин референдум керек эмес деп калды. Пакистан дагы буга макул эмес. Чөлкөмдөгү тургундардын көбү Индиянын башкаруусу алдында жашагысы келбейт, анын ордуна Пакистанга карап же эгемен өлкө катары жашаганды артык коюшат дейт пакистандык бийлик.

Кашмирдин "индиялык" бөлүгүндөгү калктын 60 пайызы мусулмандардан турат. Бул Индиядагы мусулмандар көп жашаган жападан жалгыз штат. (AbA/AT)

Тектеш темалар