Арктика токойлорундагы өрттүн чыныгы масштабы

Токойлордогу өрт Арктиканын эбегейсиз чоң аймагына - Сибирь, Аляска, Гренландия жана Канадага тарады.

карта

Өрттүн түтүнү космостон дагы көрүнгөнүн спутниктен алынган сүрөттөр ырастап турат. Деген менен токойлордогу өрт боло келген эле көрүнүш. Бул жолу жайдын өтө аптаптуу болгону жана катуу шамал кырдаалды ого бетер курчутту.

Токойлордогу өрт боюнча Европа мониторинг кызматынын "Коперник" долбоорунун эксперти Марк Пэррингтондун айтымында, бул жылы өрттүн интенсивдүүлүгү болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкты.

Кайсыл аймактар жабыр тартты?

Эң көп жабыр тарткан аймактар Орусиянын чыгышы жана Аляска болду.

Токой чарбасы боюнча федералдык агенттик кабаралагандай, азыркы маалда 2,7 млн га токой өрт каптады. Бул өзгөчө адам колу жетпеген татаал аймактарда.

түтүндүн таралуу картасы

Ошол эле маалда "Гринпис Орусия" маалыматында кеминде 3,3 млн га токой күйүп жатканы айтылат. Бул Бельгиянын аянтынан чоң жер.

Түтүндөн улам бир нече аймакка өзгөчө кырдаал абалы киргизилди. Орусиянын Новосибирск сыяктуу ири шаарларында күн көрүнбөй боз-ала болуп турат. Айрым тургундар дем алуу кыйын болуп жатканын даттанышкан.

Сибирдеги өрттүн түтүнү Аляска жана Канаданын батыш жээктерине жетти.

Аляскада 31-июлга карата 107 ири өрт катталып, 0,7 млн га токой күйдү. Өрттүн негизги себеби көп учурда чагылган болгон, деди Аляска мекемелер аралык координация борбору.

Гренландияда өтө ысык аба ырайы муздардын ээришин тездетти.

Өрт Канаданын арктикалык бөлүгүндө дагы катталды.

өрттүн таралышы

Өрттүн зыяны

Өрт токойлорду жок кылгандан сырткары атмосферага зыяндуу заттарды жана токсин газын чыгарууда. Арктикадагы түтүн спутниктен алынган сүрөттөрдө дагы байкалат. Булуттардан түтүн айырмаланып турганын көрүүгө болот.

Спутниктен алынган сүрөттөрдө солдо кызыл чекиттер өрт болуп жаткан жер. Оңдо өрттөн кийинки көрүнүш. Өрттөн кийинки күлдүн адамга, жаныбарларга тийгизген зыяны чоң.

өрттун кесепти көрсөткөн карта

НАСА окумуштууларынын маалыматына караганда, өрттөн кийинки ыш-күйүктөр, күлгө айланган токой (көмүртек топтолгон) аянты күндүн нуру тийгенден соң атмосфераны ысытып баштайт. Эгерде аны шамал учуруп муз же карга жабышса бат ээритип баштайт.

Өрт атмосферага көмүр кычкыл газын чыгарып, глобалдык жылууланууга таасирин тийгизет.

спутниктен алынган карта
спутник сүрөтү
карта

1-июндан 21-июлга чейинки аралыктагы токойлордогу өрттөн улам атмосферага болжолу 100 мегатонн СО2 бүркүлгөн.

Батыш жарым шарда майдан октябрга чейин токойлордон өрт чыккан учурлар маал-маалы менен катталып турат. Бирок бул жолу анын абдан тездик менен тарап жатканы жана узак убакытка чейин өчпөй койгону биринчи жолу болду.

карта

Спутниктен алынган маалыматтарга таянсак, токойлордогу өрт өчпөй жатканын, андан дагы жаңы очоктору пайда болгонун көрүүгө болот.

токойдогу өрт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Орусия президенти Владимир Путин өрт өчүрүүгө аскерлерди тартуу боюнча буйрук берген. Бурятия жана Якутияда өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды. Айрымдар өрт өчүрүү боюнча бицликтин аракети чабал болуп жатканын сынга алууда.

Өрт өчүрүүгө атайын жабдылган 10 учак жана 10 тик учак тартылган. (AbA)

*

Тектеш темалар