Еревандагы демонстранттарга ок атуунун артында ким турган?

2008-жылдын 1-мартында Ереванда митингчилерге ок атылып, он киши каза тапкан. Бул Армениянын соңку тарыхындагы эң трагедиялуу окуя болуп калды. Би-Би-Си тергөөнүн айрым маалыматтары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алды.

Сүрөттүн автордук укугу KAREN MINASYAN/AFP/Getty Images
Image caption 2008-жылдын 1-мартындагы окуянын күнөөкөрлөрү жазалана элек

Тергөө маалыматтарында демонстранттарга ок атуу операциясына генерал-майор Самвел Карапетян (Огановский) жетекчилик кылганы айтылат.

Андан сырткары тергөөдө бул окуяга катыштыгы болгон мурдагы эки президенттин жана таасирдүү эки бизнесмен депутаттын ысымы аталган.

Иликтөө өтө чоң саясий мааниге ээ жана Армениядагы саясий күчтөрдүн абалын өзгөртүшү мүмкүн.

Тергөө материалдарынан эмнени билдик:

  • Демонстранттарга генерал Карапетян (күбө катары суралып жатат) жетектеген карабахтык күчтөр ок чыгарган;
  • Отряд президенттик администрациянын жер төлөөсүнө жайгаштырылганын сурак учурунда тергөөчүлөр аныктаган;
  • Карабахтык күчтөрдүн келгени тууралуу эки президент Роберт Кочарян менен Серж Саргсян кабардар болгон деп тергөө эсептейт.
  • Тергөөдө эки таасирдүү бизнесмендин - Гагик Царукян менен Самвел Алексаняндын ролу тууралуу да териштирилип жатат. Демонстранттарды таратуу үчүн Ераванга алып келинген карабахтык күчтөрдү каржылаган болушу мүмкүн деген шек менен аларды суракка алышкан.

Армения менен Карабахтагы булактар тергөөдөгү сурак учурунда айтылгандардын айрымдарын ырасташты. Бирок митингчилерге ок атылган окуя боюнча көз карандысыз пикирлерди алууга мүмкүн болгон жок.

Сүрөттүн автордук укугу KAREN MINASYAN/AFP/Getty Images
Image caption 1-марттагы окуя коомчулукту катуу кыжырданткан

Генерал-майор Карапетян эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын (НКР) армиясында кызмат кылат. Тоолуу Карабах Азербайжан менен Армения ортосундагы талаштуу аймак. Де-факто армяндар тарабынан көзөмөлдөнүп, Тоолуу Карабахтын аскер күчтөрү менен Армениянын күчтөрү тыгыз байланышкан.

Саргсяндын эки жолку президенттик мөөнөтү учурунда 1-марттагы окуянын күнөөкөрлөрү табылган эмес.

2008-жылдагы окуяларды кайра тергөө боюнча демилгени Никола Пашинян көтөргөн. Ал элдик толкундоолордун арты менен бийликке келген.

Кайра тергөө боюнча демилгени армян коомчулугу кубаттоо менен кабыл алды. Анткени 10 кишинин өлүмү боюнча иштин жабык калышы оор травма бойдон калган эле.

Бирок жаңы бийликтин эмоционалдык билдирүүлөрү, тергөөнүн жабыктыгы жана саясий мүнөздө экени сот системасына кысым болбойбу деген суроолорду жаратууда.

2008-жылы азыркы премьер Пашинян утулуп калган талапкердин штабында иштеген жана митингдерди уюштурган. Кийин ошол окуялар боюнча соттолгон.

Жаңы иликтөөнү жүргүзүп жаткан Армениянын Атайын тергөө комитети (АТК) премьерге баш ийет.

Айыпталып жаткандардын бири, мурдагы президент Карапетян Би-Би-Сиге маек берүүнү каалаган жок.

Бизнесмендер Царукян менен Алексанян 2008-жылдагы окуянын ролу тууралуу айыптоолорду четке кагууда.

Саргсян комментарий берүүдөн баш тартты.

Ок атууну ким жетектеген?

Сүрөттүн автордук укугу MAX SIVASLIAN/AFP/Getty Images
Image caption 1-март окуясы Армениянын эгемен тарыхынын трагедиялуу барагы болуп калды

Тергөөчүлөр генерал-майор Самвел Карапетян (Огановский деген ысым менен дагы белгилүү) демонстранттарга ок атууну жетектеген дейт.

Карапетян 2008-жылы Ереванга алып келинген карабах күчтөрүн жетектеген. Бул фактыны 2018-жылдын 15-августундагы сурак учурунда айткан. Ал суракка күбө катары чакырылган экен.

Сурак төрт саатка созулган. Би-Би-Синин колуна сурактын протоколу тийди.

Сурак жүрүп жаткан маалда Карапетян Тоолуу Карабахта коргоо министринин орун басары эле. Бул кызматынан 2019-жылы апрелде отставкага кеткен.

Бирок март окуясы боюнча тергөө версиясы менен генералдын пикири эки башка.

Тергөө маалыматы боюнча Карапетян кол алдындагы 20 кишиден турган атайын топ түзүп, президенттик резиденциянын жер төлөөсүнө жайгаштырган. Дал мына ушул топ митингчилерге ок аткан деп айтылат.

Сурак учурунда Карапетян бардык айыптоолорду четке кагып, "ок чыгаруу боюнча эч кандай буйрук болбогонун" айткан.

Би-Би-Синин суроосуна Карапетян электрондук кат аркылуу жооп берип, "тиешелүү тараптарга бул боюнча түшүндүрмө берип койгонун" жазды.

"Мен ага кайра кайрылуунун зарылчылыгын көрбөй турам",-деп кошумчалаган генерал.

Сүрөттүн автордук укугу Armenpress
Image caption Тергөөчүлөр генерал-майор Самвел Карапетян (Огановский деген ысым менен дагы белгилүү) демонстранттарга ок атууну жетектеген дейт

Атайын тергөө комитети Би-Би-Синин колундагы документтер боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, аны "тергөө кызыкчылыгынан улам" деп түшүндүрдү.

Би-Би-Синин колундагы документте Тергөө комитети экс-президент Серж Саргсянды эки жолу, 1-6-февралда күбө катары суракка алганы айтылат.

Экс-президент Кочарян 2018-жылдын июлунда сурактан кийин камакка алынган.

Армениянын баш калаасына алып келинген аскерлер бийликке жакын саналган бизнесмендерден сыйлыкка акча алган, дейт Тергөө комитети.

Бизнесмендер Гагик Царукян жана Самвел Алексанян армян экономикасына таасири бар ишкерлер. Алар миңдеген жумушчу орундарын түзгөн.

Жергиликтүү басылмалардын айтымында, алар депутаттык макамынан улам олигарх болгон.

2018-жылдын декларациясы боюнча Царукяндын активи 222 миллион доллар, Алексаняндыкы 8 миллион деп көрсөтүлгөн.

Экөөсү тең Би-Би-Синин суроосуна жооп берип, тагылган айыптарды четке какты.

"Царукян 1-марттагы окуяларга эч кандай байланышы жок экенин буга чейинки кайрылууларында бир нече ирет айткан",-деп билдирди электрондук кат аркылуу жооп берген жардамчысы Тоноян.

Алексанян телефон аркылуу жооп берип жатып, 1-март окуясындагы ролу тууралуу айыптоолорду четке каккан.

Сүрөттүн автордук укугу HAKOB BERBERYAN/AFP/Getty Images
Image caption Левон Тер-Петросян 2008-жылдагы президенттик шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгонун айтып келүүдө

"Айыптуулардын баары жазага тартылат"

2008-жылы президенттик шайлоонун тыянактарына нааразы болгондор Еревандын борборунда митинг өткөрүшкөн. Шайлоо тыянактарына президент Кочарян жана анын үзөңгүлөшү Серж Саргсян таасир эткен деп айыпташкан.

1-марттын таңында полиция "Эркиндик" аянтына тигилген чатырларды алып салган. Кечинде кагылышуулар орун алып, сегиз жайкын тургун жана эки полиция кызматкери каза тапкан.

Армян коомчулугунда 1-март окуясы боюнча бири-бирине карама-каршы келген эки көз караш бар, дейт саясат таануучу Грант Микаелян.

Көпчүлүк бул окуяны "тынч жүрүштү курал менен таратуу окуясы" катары карап, буга президент Кочарянды айыпташат.

"Никола Пашинян менен Тер-Петросян башында турган каршылык акциясы радикалдашып, анан кан төгүлгөн кагылышууга алып келди" деп айтылат экинчи пикирде.

2008-жылы Пашинян митингдин уюштуруучусу катары айыпталып, бир жарым жыл абакка кесилген. Ал бийликке келери менен он жыл мурдагы окуяны кайра иликтеп чыгуу маселесин көтөрдү.

Сүрөттүн автордук укугу KAREN MINASYAN/AFP/Getty Images
Сүрөттүн автордук укугу KAREN MINASYAN/AFP/Getty Images

2008-жылдын февраль жана март айларындагы окуялардын өнүгүшү:

  • 19-февраль - Армения президентин шайлоо күнү.
  • 20-февраль - Бийликтин талапкери Серж Саргсян биринчи айлампада 52,8% добуш алып, жеңип чыкты. Оппозиция лидери Тер-Петросян 21,5% добуш алган. Эки талапкер тең өздөрүн жеңүүчү атады.
  • 21-февраль - Айрым добуш берүү жайларында олуттуу мыйзам бузуулар белгилүү болгон. Ошол эле күнү митингде Тер-Петросян коргоо министринин эки орун басары колдоо көрсөткөнүн айтып, армия саясий тирешүүгө аралашпай турганы боюнча билдирүү жасайт.
  • 24-февраль - БШК шайлоонун акыркы тыянагын жарыялайт. Ага ылайык, Саргсян биринчи айлампада 52% пайыздан ашуун добуш менен утуп чыгат.
  • 25-29 февраль - Оппозиция күн сайын массалык митинг өткөрүп турат. Жарандык кийимчен чагымчылар митингчилерди радикалдуу кадамдарга барууга чакыра баштайт.
  • 1-март - Полиция аянттагы чатырларды тазалап, митинчилерди кууп, тараткан күн. Тер-Петросян күч менен үйүнө жеткирилет. Кагылышуу орун алып, он киши каза табат. Өлкөдө өзгөчө кырдаал абалы жарыяланып, митингге тыюу салынат.
  • 2-март - Шаардын көчөлөрүнө аскерлер алып келинип, Тер-Петросян демонстранттарды тарап кетүүгө чакырган. Оппозициялык сайттар жана басылмалар жабылган.

Толуу Карабах жана Армения

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабах республикасы Азербайжан менен Армения ортосундагы талаштуу аймак.

Баку бул аймакты армяндар оккупациялап алган деп эсептейт. Ереван Тоолуу Карабахтын көз карандысыздыгын формалдуу түрдө тааныбаганы менен аны менен тыгыз байланышкан союздашы.

Сүрөттүн автордук укугу Government of Armenia
Image caption Пашинян карабах элитасы менен тил табыша алган жок, деп эсептейт талдоочулар

Экөөнүн куралдуу күчтөрүнүн байланышы өтө тыгыз жана Армениядан келип, Карабахта кызмат өтөгөндөр бар.

Арменияны башкарган төрт президенттин экөөсү Карабахтан чыккан. Тоолуу Карабах тургундарында Армения паспорту бар. Бирок алар шайлоодо добуш бере алышпайт.

Эксперттердин айтымында, Пашинян Карабахтын аскер жана саясий элитасы менен тил табышып кете алган жок. (AbA)

Тектеш темалар