Орусиядагы жарылуу: Москва жашыруун курал жасап жатканбы?

Test of Burevestnik cruise missile - from Russian defence ministry video Сүрөттүн автордук укугу Russian defence ministry

Орусиянын Северодвинск шаарынын чет жакасында жарылуу болуп, беш инженер каза тапты. Алар өзөктүк дүрмөтү бар ракетелар жасалган ишкананын кызматкерлери болчу. Инженерлер Москвадан 373 чакырым алыстыкта жайгашкан Саров шаарчасында жерге берилди.

Орусиянын мамлекеттик "Росатом" ишканасы эксперттер өзөктүк-энергетикалык кыймылдаткычты сыноодон өткөрүп жатканын билдирди. Бирок окуя боюнча эч кандай кошумча маалымат берген жок.

Сүрөттүн автордук укугу Vsarov.ru
Image caption Беш инженер Саров шаарчасында жерге берилди

Инженерлер Арктикадагы деңиз күчтөрүнүн ракетаны сыноо базасында иштеп жаткан. Орусия дал ушул жерде "Буревестник" өзөктүк-энергетикалык кыймылдаткычы бар канаттуу ракетасын сынаган. Бирок Кремль өткөн аптада болгон кырсыкта кандай система колдонулганын тактаган жок.

АКШнын президенти Дональд Трамп Северодвинск шаарынын четиндеги жарылууда кандай курал сыналып жатканы боюнча так маалыматым бар деп айтты.

"Кошмо Штаттары Орусиядагы ракета сыноосундагы жарылуудан кийин көп сабак алды. Бизде дагы буга окшош курал бар, бирок биздики алдыңкы заманбап технологияны колдонот. Орусиядагы "Скайфол" кырсыгынан кийин базага жакын жана алыс аймактарда жашаган карапайым эл абадагы химиялык заттарга тынчсызданып турат. Бул жакшы эмес",-деп жазды Трамп "Твиттер" баракчасына.

SSC-X-9 Скайфол - Орусиянын 9М730 "Буревестник" өзөктүк-энергетикалык кыймылдаткычы бар ракетанын коддук ысымы.

Жарылуудан кийин Северодвинсктин расмийлери радиация деңгээли саатына 2 микросивертке чыканын, андан кийин нормага саатына 0.11 микросивертке төмөндөгөнүн маалымдашты. Мындай деңгээлде радиация коркунуч жаратпайт.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Северодвинск шаарынын чет жакасындагы база

Кырсыкта дагы үч инженер жарадар болгон. Азыр алар ооруканада экенин "Росатам" ырастады.

Жергиликтүү жана эл аралык эксперттер Москва 9М730 "Буревестник" ракетасына байланышы бар системаны сынап жаткан деген пикирде. Орусиянын президенти Путин жаңы ракета системасы тууралуу 2018-жылы март айында парламентте сөз кылган. НАТО уюму болсо ракетага SSC-X-9 Скайфол деген ысым ыйгарган.

Президент Путин "Буревестник" ракетасы каалаган аралыкка жете алат деп айтканы белгилүү.

New York Times гезити болсо, американын чалгын кызматындагы булагына таянып, Северодвинск шаарынын четинде кырсыкта дал ушул "Буревестник" ракетасы сыналып жаткан деп жазды. Бирок расмий органдар эч кандай маалымат тараткан жок.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Саров шаарчасындагы аскердик музей

Жаңы курал системасы эл аралык аренадагы кырдаалды өзгөртөбү?

Орусиянын курал-жарагы боюнча эл аралык талдоочу Марк Галеотти "жаңы системалар совет доорунда иштелип чыгарылган. Бирок аларды жаңыртып, инвестиция салынып, эми мурдагы идеялар ишке ашып жатат" деп айтты.

Бирок талдоочу "Буревестник" ракетасы ийгиликтүү болот дегенге кепилдик жок экенин айтат. Ал "Булава" системасы "көп жылдар бою сыналып, аягында иш токтотулганын" жүйөө катары кармайт.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык комплекси

Орусиянын мамлекеттик "Российская газета" басылмасы өткөн айда "Буревестник" боюнча макала чыгарып, жаңы система узак аралыкка радарларга көрүнбөй учуп барып, бутага таамай тиет деп жазган. Ошондой эле "Буревестник" баллистикалык ракеталар колдонулгандан кийин стратегиялык мааниге ээ болгон инфраструктуралык имараттарды жок кылуу үчүн пайдаланылат деп жазылган.

Жакында эле АКШнын президенти Трамп СССР менен жетишилген орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарга тыюу салган келишимден баш тарткан. Талдоочулар бул кадам кайрадан "жарыша куралданууга" түрткү болушу мүмкүн экенин айтууда.

АКШ менен НАТО жаңы муундагы ракеталарын иштеп чыгып, келишимди бузду деп Орусияны айыптап келген. Москва дооматтарды четке кагууда.

"Согушка түздөн-түз барбаса дагы, АКШ орто аралыкка учуучу ракета системаларын жаңыртууга көңүлүн бурат. Орусия болсо Кытайдын аракеттерин дагы кооптонуп, жаңы системаларды иштеп чыгууда",-дейт Галеотти. (AT)

Тема боюнча башка макалалар