Дүйнө назарында: Кыргызстан, Орусия жана Кытай

Дем алыш күндөрү Орусия баш калаасы Москвада соңку сегиз жылдан берки эң масштабдуу митинг өттү. Каршылык акциясына он миңдеген кишилер келди.

Сүрөттүн автордук укугу VASILY MAXIMOV/AFP via Getty Images

Митингден кийин чогулгандардын бир бөлүгү президенттик администрацияны көздөй жөнөшкөн. Бирок милициянын атайын күчтөрү тарабынан күч менен таратылды. Полиция эки жүздөй кишини кармаганы белгилүү болду.

2011-жылы Болотная аянтында өткөн акциялардан бери мындай саясий жүрүш боло элек болчу.

27-июлдагы митингден кийин "массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен көп кишиге кылмыш иши козголгон. Анда уюштуруучулар деген шек менен 13 киши кармалган эле. Бирок ошого карабастан бул жолу да коркпой-үркпөй он миңдеген кишилер каршылык жүрүшүнө келип кошулду.

ММКлар ишембидеги митинг бардык көрсөткүчү боюнча - чогулгандар саны, тематикасы, географиясы боюнча дагы масштабдуу болгонун жазууда. Анын чордонунда көбүнчө 20дан 35 жашка чейинки жаштар болушту.

"Коммерсант" басылмасы ишембидеги митингдин резолюциясы ультиматум тилинде болгонун жазды. "Эгерде көз карандысыз талапкерлер катталбай турган болсо, биз 8-сентябрдагы шайлоо тыянактарын жокко чыгарууну талап кылабыз",-деп айтылган кайрылууда.

Митингдер бир айга чукул убакыттан бери уланып жатат. Буга Москванын думасына болгон шайлоого оппозициялык талапкерлердин катталбай калышы себеп болгон.

27-июлдагы жана 3-августтагы митингдер уруксатсыз өтүп, эки миң үч жүздөй киши кармалган. Орусиянын Тергөө комитети "массалык башаламандык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон эле.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Оппозициялык маанайдагы талапкерлердин көбү камакка алынып, ушул берене менен айып тагылууда. Оппозиция лидерлеринин бири Алексей Навальный 30 суткага камалды.

Орусия бийлиги нааразылык жүрүштөрүн "сырттан каржыланган" деп айыптап келүүдө.

Кытай ички ишине кийгилишпөөнү талап кылды

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Гонконгдогу митингдер боюнча Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Раабдын билдирүүсүнө кытай бийлиги кескин реакция жасады.

Рааб Гонконгдун каршылык жүрүштөрүнүн күч менен басылганы боюнча көз карандысыз иликтөө өткөрүү тууралуу айткан эле.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигин өкүлү "Британия Гонконгдун үстүнөн башкарган жылдар өтүп кетти, ички ишине кийгилишп, кеңеш берүүгө эч кандай укугу жок" деп жооп берген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Гонконгдун администрация жетекчисине биртан министринин түз чалганын басым катары айыптаган.

Кыргызстандын мурдакы президенти Алмазбек Атамбаевдин камалышы

Сүрөттүн автордук укугу 24.kg
Image caption Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин камакта калды

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слеварев жергиликтүү басылмаларга берген маегинде Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына кармалып турган мурдагы президенттин абалы жакшы экенин айткан.

Атамбаев кармалгандан кийин эле анын мурдакы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов жана бир нече тарапташы кармалды. Күбө катары Атамбаевдин жанында жүргөн ЖКнын эки депутаты жана журналисттер суракка чакырылганы белгилүү болду.

Бишкектин милициясы башаламандыктар учурунда кырктай киши кармалганын айтты. Жума күнү түндөсү Бишкектин борбордук бөлүгүндө башаламандыктар орун алып, милиция күч менен тараткан. Дем алыш күндөрү өлкөдө абал туруктуу болуп, эч кандай нааразылык жүрүштөрү катталган жок.

7-августта кечинде УКМК Кыргызстандын мурдакы президенти Алмазбек Атамбаевди күч менен суракка алып келүү аракети ишке ашпай калып, өлкөдөгү саясий кырдаал чыңалган. Бир нече киши жаракат алып, атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн офицери каза тапкан.

Эртеси күнү президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

"Алмазбек Атамбаев Конституцияны жана мыйзам талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн",- деди президент.

Жогорку Кеңеш дагы чукул жыйынга чогулуп, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматын уккан. Президент өзү дагы парламентке барып сөз сүйлөдү.

8-август күнү дагы Атамбаевдин тарапташтары менен милиция күчтөрү ортосунда кагылышуу болду. Жүзгө чукул киши жаракат алган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Бул окуялар Кыргызстанда Евразия Экономикалык Биримдигинин өкмөттөр аралык жыйыны өтүп жаткан күндөргө туура келди. Атамбаев кармалган күнү Чолпон-Ата шаарына Орусия Федерациясынын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь премьер-министри Сергей Рума, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышкан ЕЭАБ жыйыны өтүп жаткан эле.

Кыргызстандагы окуялар дүйнөлүк дөө-шаа басылмалардагы жаңылыктардын баш сабына чыкты.

Лондондо жайгашкан PRISM команиясынын саясий тобокелчилик боюнча адиси Тобиас Воллмердин айтымында, эки лидердин "жеке пикир келишпестиги" өлкөдөгү кырдаалга таасир этти. Атамбаевдин жакын санаалаштары коррупция боюнча айыпталгандан кийин, мурдагы президент менен аракеттеги президенттин тиреши жалпы коомго ачык чыга баштады. Камакка алынгандардын арасында эки премьер-министр дагы бар.

Бирок президент Жээнбеков мурдакы президент менен мамилеси "жеке келишпестиктен" эмес деген пикирде.

"Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш",-деди президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезексиз жыйынындагы кайрылуусунда.

Май айында С.Жээнбеков мурдагы президентти жоопко тартууга жол ачкан мыйзамга кол койгон. Көп өтпөй 27-июнда өлкөнүн парламенти Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратты. Муну мурдагы президент саясий куугунтук катары мүнөздөп, суракка баруудан баш тарткан.

Тобиас Воллмер Атамбаев "өзүнө карата колдоо канчалык деңгээлде экенин туура эмес эсептеп алган" деген пикирде. Ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык эксперттер кыргызстандыктар туруктуулуктуу жогору баалап, мурдагыдай башаламандыкка жол бербөөгө үндөгөнүн айтышууда. (AbA)