"Арсенал" футболчулары криминалдык тирештин ортосунда калды

"Арсенал" футболчулары Месут Өзил жана Саид Колашинац жаңы сезондун биринчи беттешине чыкпай калды. Алар коопсуздук маселесинен улам чыгарылган эмес. Мындай окуя Англия Премьер-лигасынын тарыхында мурда болгон эмес эле.

Сүрөттүн автордук укугу Press Assotiation
Image caption "Арсенал" жарым коргоочусу Месут Өзил оюнга чыкпай турат

Эки оюнчуну көчөдө кылмышкерлер тоноп кетүүгө аракет кылып, бирок анысы ишке ашпай калган. Полиция кол салгандарды кармай элек. Дагы кол салуу болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам, футболчулар убактылуу беттешке чыкпай калды. Чыгыш Европадагы дагы бир кылмыштуу топ болсо футболчуларды коргоп чыкканы белгилүү болду.

Өзил "Арсеналдагы" белдүү оюнчулардын бири жана аптасына 300 миң фунт айлык алат. Колашинац команданын коргоочусу жана негизги курамдагы оюнчу. Экөө тең Германияда эмигранттардын бүлөөсүндө туулган. Өзилдин теги түркиялык, ал эми Колашинац босниялык.

25-июлда Месут Өзил менен Саид Колашинацты белгисиз кишилер бычак менен коркутуп, тоноп кетүүгө аракет кылат.

Лондондун түндүгүндөгү Голдерс Грин районунда скутер минген эки киши (шлем кийип алгандыктан жүзү көрүнбөйт) футболчулар бара жаткан "Мерседести" токтотушкан. Видео байкоодон алар унаанын Өзил олтурган эшигин ачууга аракет кылганын көрүүгө болот. Колашинац унаадан чыга калып, аларга тоскоолдук кылууга аракет жасаган.

Футболчулар окуя болгон жерден качып кетишкен. Скутер айдагандар бир топко чейин алардын артынан ээрчип алган. Ошондо Өзилдин тааныштары иштеген түрк ресторанына токтошуп, полиция чакырышат.

Кол салгандар кимдер экени тууралуу маалымат айтыла элек.

Бир нече күндөн кийин окуя ушуну менен эле бүтпөгөнү белгилүү болду. Эки футболчунун үйү тең кайтарууга алынды. Колашинацдын жубайы Бэлла Лондондон Германияга чыгып кеткени айтылды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Арсенал" футболчуларына кол салуу

Sun басылмасы полициядагы булактарына шилтеме берип, кол салгандар Лондондун түндүгүндөгү кылмыштуу топтордун бири экенин жазып чыкты. Болжолу алар футболчуларды тоной албай калганына жана Колашинац куралы жок аларга каршылык көрсөткөнүнө арданып калган болушу мүмкүн.

"Буга чейин алардын максаты жөн эле оюнчулардын сааттын чечип алуу болсо, эми алар эмнеси болсо, ошонун баарын тартып алууну каалап жатышкандай",-деп жазат басылма.

"Арсенал" тууралуу жазып жүргөн Goal.com журналисти Чарльз Уоттс "Твиттер" баракчасына 25-июлдан кийин дагы футболчуларга бир нече жолу кол салуу аракети болгонун жазды.

8-августта полиция теги түркиялык эки кишини кармады. Алар кол салуу болгон күнү Месүт Өзилдин үйүнө келип, күзөтчүлөр менен чатакташкан. Сот булардын ишин 9-сентябрда карайт.

Полиция окуяны өтө олуттуу деп баалады. Эки оюнчу тең сезондун алгачкы беттешине чыгарылган жок. Мурда мындай окуя дегеле премьер-лиганын тарыхында болгон эмес. Клуб түз эле коопсуздуктан улам оюнчуларын чыгарбаганын ачык айтты.

Иликтөө иштери уланып жататат. Times басылмасынын маалыматына караганда бул окуяга Чыгыш Европадан чыккан дагы бир кылмыш тобу аралашууда. Алар футболчуларды коргоого алабыз деп, орой түрдө эле кийгилишкен.

"Арсенал" 17- августта өз талаасында "Бернлини" кабыл алат. Оюнга Өзил менен Колашинацдын чыгары белгисиз. (AbA)