Гонконгдогу демонстрацияларды басууга Кытайда укук барбы?

US President Donald Trump with Chinese President Xi Jinping Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына Си "мыкты лидер" деп жазды

АКШнын президенти Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпинге кайрылып, Гонконг кризиси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады.

Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына Си "мыкты лидер" экенин жана Гонконгдогу тирешүүлөрдү "тез жана адамкерчиликтүү" жол менен чече аларын жазды.

Билдирүүсүнүн соңунда Трамп "жеке жолугушуу?" деген сунушун Кытайдын лидерине жолдоду. Ал ортодо АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Кытайга эскертүү берип, 1989-жылы студенттерди күч менен баскан аракетин кайра кайталоо чоң ката болорун эскертти.

"Американын эли Тяньаньмэнь аянтындагы окуяларды унута элек",-деди Болтон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гонконг өзгөчө макамга ээ болгону менен, Кытайдын таасири алдында

Гонконгдо демократияны жактаган митингчилер үч айга чукул убакыттан бери нааразылык акцияларын улантууда. Кытай бийлиги бир нече жолу демонстрацияларды токтоткула деген эскертүү берип, болбосо кийлигишүүгө аргасыз болорун эскертип келүүдө.

Эгерде Кытай кийлигишүү чечимин кабыл алса, кандай мыйзамдуу жолдор бар?

Кытай армиясын жөнөтө алабы?

Гонконг 1997-жылы 1-июлда Улуу Британиядан Кытайга өтүп, 50 жылдык мөөнөткө Кытайдын атайын административдик району макамын алган. 1997-жылы кабыл алынган мыйзамда так жазылган - Гонконгдун бийлиги өтүнгөндө гана Кытай аскерлерин жөнөт алат. Анда дагы Кытай армиясы "кырсыктын кесепетин жоюу жана коомдук тынчтыкты сактоо" үчүн гана кийлигишүүгө укуктуу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гонконг шаарында Кытайдын беш миң аскери жайгашкан

Талдоочулар Бээжинге эң жакын болуп, аларга гана жан тарткан Гонконг бийлиги дагы мындай өтүнүч менен кайрылбайт деген пикирде.

Кытай аскерлери ашыкча күч колдонбосо дагы, Гонконгго кирип келип, демонстрацияларды таратса, анда атайын макамы бар шаардын репутациясы талкаланып, экономикасына артыкчылык берген жагдайлар жок болуп, эл аралык коомчулуктун айыбына кабылат.

Кытай Гонконгду өткөрүп алгандан кийин беш миң аскерин шаарга жайгаштырган. Кытайлык окумуштуу Адам Ни калаадагы Кытай аскерлеринин "символикалык гана мааниси" бар экенин айтууда. Алар Гонконгдун ички маселесине кийгилишпейт.

Бирок 31-июлда Гонконгдогу Кытай аскерлери демонстранттарды таратып жатканын көрсөткөн машыгуу видеосун жарыялады. Анда аскерлер нааразылык акциянын "кесепети оор болот, тарап кеткиле же күч колдонобуз" деп үн күчөткүч аркылуу сүйлөйт. Мунун талдоочулар Бээжин тарабынан келген эскертүү жана психологиялык кысым катары кабыл алышууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гонконгдо демонстрациялар уланууда

Расмий Кытай Гонконгдун башчылары кризисти жайгара алат деген позицияны карманууда. Ошол эле учурда Кытай билиги "өрт менен ойногондор, күйүп жок болот" жана "сабырдуулукту алсыздык менен алмаштырбагыла" деген билдирүүлөрдү дагы тараткан.

Ага карабастан Ни мырза Кытайдын армиясын кийлигишсе, анын жергиликтүү жана эл аралык аренадагы кесепети оор болгондуктан, Бээжин андай кадамга барбайт деген пикирде. Андан тышкары бул стратегия кризисти андан ары дагы курчутушу ыктымал.

Кытай саясий кысым жасайбы?

Айрым эксперттер Кытай эмитен эле саясий кысымын баштады дешүүдө. Дал ушул себептен демонстранттар аракеттерин күчөтүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гонконгдун башчысы Керри Лэм карапайым элден алыстап кетти деп айыпталууда

Гонконгдун парламенти Бээжинге жан тартат. 2017-жылы нааразылык акцияларга карабастан парламент талаштуу мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык, Гонконгдун башчысына Кытай ырастаган гана саясатчылар талапкер боло алат.

Керри Лэм 2017-жылы шайланган жана демонстрацияларга түрткү болгон экстрадиция мыйзамын сунуштаган. Эгерде мыйзам кабыл алына турган болсо, кылмышка шектүүлөр Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадицияланат.

Гонконг университетинин профессору Диксон Миңдин айтымында, Бээжин "Керри Лэмди кызматтан кетирбей, экстрадиция боюнча мыйзамды толугу менен жокко чыгарбай" саясий кубатын көрсөтүп жатат.

"Бээжин калааса Лэм айым кызматтан алынабы? Албетте, бирок Бээжин коомдук пикирге карабай саясатын жүргүзө аларын көрсөткүсү келет",-дейт Миң.

Лэм айым кызматтан кеткен күнү да, анын ордуна Бээжин тандаган талапкер келээрин эске салалы.

Кытай демонстрациянын лидерлерине көңүлүн бурабы?

Нааразылык акциялар экстрадиция боюнча мыйзамдан улам тутанды. Гонконгдун тургундары Бээжин жаңы мыйзамга таянып оппозициячыл лидерлерди Кытайга кармап кетет деп кооптонууда.

Image caption Кытай бийлигин сындап келген Гуй Минхай дайынсыз жоголуп, кийин Кытай түрмөсүндө экени такталган

Керри Лэм экстрадиция боюнча мыйзам токтотулду деп жарыялаган. Бирок Бээжин бул мыйзамы жок эле Гонконгдун тургундарын кармап кеткен учурлар арбын.

Гуй Минхай Гонконгдогу китеп саткан дүкөндүн ээси болчу. Ал Кытай бийлигин сындаган китептерди ачык саткан. Минхай мырза 2015-жылы Таиландка эс алууга барып, дайынсыз жоголгон. Кийин ал Кытайдын түрмөсүндө табылган. Көрсө аны 2003-жылы болгон унаа кырсыгы үчүн күнөлүү деп таап, эркинен эки жылга ажыратылган экен.

Эки жыл абакта отургандан кийин Гуй Минхай бошотулган, бирок бир жыл өтө электе эле кайрадан камакка алынган. Андан бери активист тууралуу эч кандай жаңылык чыккан жок.

Талдоочулар Бээжин Гонконгдун активисттери эмес, экономикасын тушайт дешүүдө. Гонконг өзгөчө макамы үчүн экономикалык кубаттуу аймак бойдон кала берген. Бирок 1997-жылдан бери Шанхай менен Шэньчжэнь сыяктуу шаарлар Гонконгду кууп жетти. Гонконг Бээжинге каршылык көрсөтө берсе, расмийлер инвестицияларды жана соода жүгүртүүсүн башка шаарларга бурушу ыктымал. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар