Суу таңкыстыгы массалык миграция жана согушка алып келет

Планета калкынын саны өсүп жатканы, экономикалык активдүүлүк жана этти көп колдонуу - суу таңкыстыгына алып келиши мүмкүн. Вашингтондогу Дүйнөлүк ресурстар институту "суу өтө таңкыс болгон очоктор" жаралганына көңүл бурууда.

Индиянын тогуз штатында суу таңкыс болуп, оор кырдаал түзүлдү Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Индиянын тогуз штатында суу таңкыс болуп, оор кырдаал түзүлдү

Суу ресурстарынын жетишсиздиги чыр-чатактарга жана массалык миграцияга алып келип, миллиондогон кишилер жер которууга арагасыз болот.

Мексика менен Чилиден тарта, Африка жана Түштүк Европанын, Жер Ортолук деңиздин туристтик аймактарына чейин суунун тартыштыгы курч маселеге айланат.

Глобалдык көйгөй

Жер Ортолук деңиздин жээктериндеги аймактарда туризм сезонунда сууга болгон талап кескин жогорулайт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жер Ортолук деңиздин жээктериндеги аймактарда туризм сезонунда сууга болгон талап кескин жогорулайт

Дүйнө калкынын үчтөн бири - болжолу 2,6 миллиард чамалуу киши "суу таңкыстыгы олуттуу көйгөйгө айланган" өлкөлөрдө жашайт. Ал эми 17 өлкөнүн аймагындагы 1,7 миллиард киши "суу такыр эле жетишпеген" абалда күн кечирүүдө. Бул Дүйнөлүк ресурстар институтунун маалыматы.

Жакынкы Чыгыштагы онго чукул өлкөнүн көп аймактары кургакчылыктын азабын тартып, суу таңкыстыгы олуттуу маселеге айланды. Индияда болсо суу пайдалануу жана суу ресурстарын жөнгө салуу туңгуюкка кептелди. Мындай жагдай оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Экономикадан тарта, калктын саламаттыгына чейин таасирин тийгизет.

Пакистан, Эритрея, Түркмөнстан жана Ботсванада дагы суу ресурстары жетишсиз.

Жагымсыз кабар

Дүйнөлүк ресурстар институту гидрологиялык үлгүлөрдү негиз кылып алып, Жер бетиндеги суунун деңгээлин изилдеп жүрөт.

карта

Индия суу ресурстарынын таңкыстыгы жаралган өлкөлөрдүн тизмесинде 13-орунда. 36 штаттын тогузунда ушундай маселе жаралды. Өлкөнүн кээ бир аймактары акыркы убактарда кургачылык жана суу ташкындарынан жапа чекти.

Дүйнөлүк ресурстар институтунуну баяндамасында эгерде чукул чара көрүлбөсө, Мексика дагы Индия сыяктуу оор кырдаалга кабылары эскертилген.

A girl walks past a tent in the Moroccan desert in May 2018
Getty
Суусу таңкыс мамлекеттер

Катар | Израиль | Ливан | Иран | Иордания | Ливия | Кувейт | Сауд Арабия | Эритрея | БАЭ | Сан-Марино | Бахрейн | Индия | Пакистан | Түркмөнстан | Оман | Ботсвана

  • 1.7 млрд.адам суу жетишпеген өлкөлөрдө жашайт

Булак: WRI Aqueduct, Hofste et al. 2019

Мексиканын 32 штатынын он бешинде суу жетишсиз. Суу менен камсыздоо системасы дагы өтө чабал. Айталы, суу түтүктөрүнүн абалы жакшы эмес.

Чилинин 16 облусунун онунда суу өтө курч маселеге айланган. Анын ичинде баш калаа Сантьягодогу кырдаал дагы жакшы эмес.

Докладда Москва менен Бээжин дагы "суу тартыштыгы курч" делген шаарлардын катарында аталган. Бирок Кытай менен Орусия жалпысынан бул категорияга кирген эмес.

Италиянын көпчүлүк аймактары, Түркиянын 81 провинциясынын 27синде суу тартыш.

ТАРдын айрым аймактары, Ботсвананын 17 округунун ону, Намибия жана Анголанын кээ бир аймактарында суу таңкысытыгы куручуп жатат.

Суу көп керектеле баштады

Соңку жарым кылым ичинде сууну айыл чарбасы үчүн колдонуу эки эсеге өстү. Керектелген суунун 67 пайызы сугат үчүн колдонулат.

таблица

1961-жылга салыштырганда, 2014-жылы өндүрүш үчүн керектелген суу үч эсеге көбөйгөн. Ал жалпы колдонулган суунун 21 пайызын түздү.

Үй-тиричиликке жалпы керектелген суунун 10% колдонулат. Бул 1961-жылга салыштырганда алты эсеге көп.

таблица

Керектелген суунун аз гана бөлүгү үй жаныбарларынын үлүшүнө тийет. Бирок аларга тоют даярдоо үчүн кеткен чыгымдарды эске алуу керек. 2012-жылдагы изилдөөгө таянсак, 12 пайыз суу мал чарбасы үчүн колдонулган. Адистер этти аз колдонуу менен дүйнөлүк суу ресурстарына болгон талаптарды азайтса болот дейт.

Климат жана чыр-чатактар

БУУнун божомолунда 2030-жылга барып, суу таңкыстыгы 24 миллиондон 700 миллионго чейинки кишини жер которууга мажбур кылат.

Суунун таңкыстыгынан миллиондогон кишилер жер которууга аргасыз болот Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Окумуштуулар суу таңкыстыгы регионалдык чыр-чатак, согуштардын тутанышына кошумча фактор болуп калат деп эсептейт

Бир катар "очоктор" азыр эле байкалып турат. Суу ресурстары үчүн болгон күрөш согуштун тутанышына кошумча фактор болуп калышы мүмкүн. Бул Израиль, Ливия, Йемен, Ооганстан, Сирия жана Иракка тиешелүү.

Качкындарды кабыл алган өлкөлөр дагы суу таңкыстыгынан айласы кетет. Анын ичинде Иордания жана Түркия дагы бар.

Азыркы учурда суусу мол саналган өлкөлөр дагы кургачылыктан улам көйгөйгө кабылып калышы мүмкүн дейт изилдөөчүлөр. Маселен, Украина жана Молдовада кургачылыктын кесепеттери оор болушу мүмкүн.

Суунун таңкыстыгынан миллиондогон кишилер жер которууга аргасыз болот Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Суунун таңкыстыгынан миллиондогон кишилер жер которууга аргасыз болот

Көңүл жубатканы

Социалдык-экономикалык маселеге байланыштуу суу таңкыстыгы жаралган региондордо суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу менен кырдаалды жайгарса болот. Буга мисал катары сингапурлук системаны көрсөтүшөт. Анда суу топтоо жана бөлүштүрүү системасы мыкты жолго коюлган.

Сингапур төрт жол менен алынган сууну колдонот: импорттолгон, деңиздин туздуу суусунан тазаланган, атайын көп баскычтуу тазалоодон өткөн жана жамгырдан топтолгон.

Израиль дагы сууну топтоо, колдонуу технолгиясы боюнча лидер өлкө саналат. Ошондуктан суу таңкыстыгынан кыйын кырдаалга кептелген Индия сыяктуу өлкөлөр ушул мисалдарды карап көрүшү керек.

Макаланы даярдоого Би-Би-Синин айлана чөйрөнү коргоо маслелери боюнча баяндамачысы Навин Сингх Хадка көмөк көрсөттү