Муундар кагылышы: жаштардын "кондэ" кишилер менен тиреши

Корей тилиндеги "кондэ" сөзү менен улуу муундагы текебер, жадатма, "мен баарын билем", "жаштар мени гана угуш керек" деген кишилерди аташат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түштүк Кореяда "кондэ" сөзү жөн эле мазактаган сөз эмес, эми кеңири түшүнүккө да айланууда. Мурда "кондэ" деп, өтө талапчыл, өзүнүкүн бербеген, дайыма меники туура деген мугалимдерди аташчу.

Эмнеге бул сөз кеңири түшүнүккө айланды?

Миллениалдардын (Y мууну -социологдор жана демографтар 1981-2000-жылдары туулган муунду ушундай аташат) көз карашында, мындай "кондэ" кишилер - жумуш баарынан маанилүү деп эсептеген улуу муундагылар. Булар көбүнчө жетекчилик кызматтарда, бийликтин түрдүү тепкичтеринде иштешет. Жаштар болсо жумушту максатына жетүүнүн бир инструменти гана деп эсептейт.

Статистика боюнча дүйнөдө миллениалдар 2020-жылга барып, жумушчу күчүнүн 50 пайызын түзөт. Түштүк Кореяда азыр алар 20 пайыз. Бирок алар эмитен эле өз таламын талашууда.

Алар эмнеге жетише алды? Сырттан караганда эч нерсеге деле жетишпегендей. Ичтен үңүлгөндө, Кореядагы өзгөрүүлөр көзгө көрүнөрлүк. Анткени бул өлкөдө жакынкы жылдарда эле патриархалдык түшүнүктөр көп эле.

Кантсе дагы "кондэлер" али багына элек. Жеңишке чейин дагы бир топ бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Кондэнин" күчү - иерархиялык түзүмүндө

Миллениалдарды дагы көп сапаттары үчүн сынга алышат. Айталы, өтө эле ишенимдүүлүгү, айланасындагылардын баары ага милдеттүү болгондой мамиледе жүргөнү.

Демографтардын тили менен айтканда, "кондэ" - Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жарык дүйнөгө келгендер (бэби-бум).

"Кондэнин" күчү - алардын иерархиялык түзүмүндө. Ага ылайык жаш муундагыларга улуу муундагы кызматкерлердин кадырынан шек саноого уруксат беришпейт.

Түштүк Кореядагы жаштар эми "кондэ" болгусу келишпейт, өзгөчө жумушта.

"Кондэ" сөзү эми эки муундун ортосундагы келишпестикти туюндурган түшүнүккө айланды. Азыр бул абдан курчуп бара жатат.

"Кондэ" дүйнөсүндөгү жашоо

Жаш муундагылардын "кондэ бийликке" каршы маанайынын негизги себеби эле - Түштүк Кореяда иерархиялык түзүмдүн үстөмдүгү. Ушундан улам бардык жамааттарда мүмкүнчүлүктөр чектелүүдө деп эсептешет.

Кандай гана уюмдун, компанияда болобу мындай түшүнүктөр кеңири жайылган.

Түштүк Кореяда миллениалдар жеке жашоосу менен жумушунда тең салмактуулук болушун, "кондэнин" алдында азырак отчет берүүнү каалашат.

"Кондэнин" күчү дал ушул иерархиялык түзүмүндө. Ага ылайык жамааттагы жаш кызматкерлер улуулардын чечимдеринен шек санабашы керек. Мындайга сейрек учурда гана жол берилет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Кореяда миллениалдар жеке жашоосу менен жумушунда тең салмактуулук болушун, "кондэнин" алдында азырак отчет берүүнү каалашат

Муундар тирешинин бир сызыгы жумушка болгон мамиле аркылуу дагы өтүүдө. Жумуш берүүчүгө лоялдуулукту сактоо керек дегенден ажырым жаралып жатат.

"Менин муунумдагылар жумушту жашоосунун бир эле бөлүкчөсү сыяктуу карайт. Башкача айтканда, жашообузду куруудагы бир инструмент катары",-дейт 29 жаштагы Ан Даян.

Миллениалдардан айырмаланып, улуу муундагылар жумушту биринчи орунга коюшат. Алар авторитардык коомдо төрөлүп, эр жетишти. Ал эмес учурунда чачынын канчалык узун-кыска болорун дагы мамлекет аныктап берген күндөр болгон. (Маселен, 1970-жылдардагы аскердик режим учурунда узун чач койгонго уруксат берилген эмес).

Улуу муундагылардын жашоосунда тандоо укугу өтө аз болду. Алардын карьералык өсүшү тыгыз рамканын ичинде, "өлкөнүн курулушуна берилген жаран, мыкты атуул" деген чакырыктын алдында өттү.

Чунан университетинин социология боюнча профессору Ли Бёнхун улуу муундагылар үчүн өздөрү иштеген компаниянын максаттары, тапшырмасы жеке максатынан өйдө турган дейт. Ошондуктан аларды азыр жаш муундагылар такыр түшүнүшпөйт.

Бирок маданият бир түндө эле өзгөрүп кетпейт эмеспи. Кантсе дагы тирешүүнүн арты менен айрым өзгөрүүлөр бар. Майда болсо дагы өзгөрүүлөр байкалат. Айталы, акы төлөнгөн эмгек өргүүсүнө ар ким каалаган учурда чыга алат деген эреже кирди. Мурда андай жобо жок эле. Атайын түзүлгөн график менен гана берилчү.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Миллениалдардан айырмаланып, жогорку муундагылар жумушту биринчи орунга коюшат

Ушул жылдын апрелинен тарта өкмөт жумушчу саатын аптасына 52 саат кылып өзгөрттү. Аялы төрөгөндө эркектерге дагы эмгек өргүүсү берилет. Мындай өзгөрүүлөр төрөлүү көрсөткүчү өтө төмөндөп кеткенден дагы улам кирип жатат. Өкмөт ушундай жол менен миллениалдарга стимул бергиси келет.

Жаш муундагылар кеч үйлөнүп, жумуштагы оорчулуктарды шылтоолоп, бала күтүүдөн дагы баш тартууда.

Азырынча жумуш саатынын кыскарышы чоң компанияларга (300дөн ашуун кызматкери болсо) гана тиешелүү. Бирок бул дагы мурдагы улуу муундар иштеп келген сааттарга салыштырганда өтө чоң кыскаруу болду.

Эми болсо Түштүк Кореядагы миллениалдар кондэлердин көзөмөлүн дагы жоготууну кыялданышат.

Мындай болушу толук мүмкүн. Анткени бара-бара алар эмгек рыногун ээлеп калат эмеспи.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Кореядагы миллениалдар "кондэлердин" көзөмөлүн дагы жоготууну кыялданышат

Түштүк Кореянын статистика (KOSTAT) комитетинин маалыматына таянсак, миллениалдар учурда өлкө 22,2% түзөт. 2020-жылга барып дүйнөдөгү жумушчу күчүнүн жарымын ушул муундагылар ээлеп калат деген божомол бар.

Кореяда дагы бир жаңы сөз пайда болду. Бул дал ушул жаш муундагыларга таандык. "Ворабел" - "worabel", "work-life balance" деген англис сөзүнөн алынган. Бул жумуш менен үй-бүлө ортосундагы тең салмактуулук дегенди билдирет.

"Ворабел" жана "кондэ" сөздөрүн коомдогу баалуулуктардын өзгөрүп жатканын көрсөткөн символ катары карап жатышат.

Макала айрым кыскартуулар менен сунушталды. Толугу менен BBC Worklife сайтынан англис тилинде тааныша аласыздар. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар