Сирия: Хан-Шейхун өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өттү

Сириянын оппозициялык күчтөрү шейшембиде Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарын таштап, артка чегинди. Бул шаар көтөрүлүшчүлөрдүн негизги таянычы эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Хан-Шейхун - Сириянын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги жолдогу стратегиялык шаар

Хан-Шейхунду "Хайят Тахрир ал-Шам" жихаддык тобунун жоочулары кармап турган.

Сириянын негизги союздашы Орусия сириялык армиянын аракеттерин колдоого алды. Ошол эле маалда Кытайдын Сирия боюнча атайын өкүлү "Ислам мамлекети" жихаддык тобунун активдешип кетүү коркунучу тууралуу эскертти.

Стратегиялык пункт

Куралдуу оппозиция тарабынан соңку беш жылдан бери кармалып турган Хан-Шейхун шаарын сириялык армия камалоого алып, чабуул коюп жаткан эле. Ага Орусиянын аба күчтөрү колдоо көрсөттү.

Оппозиция өкүлү Би-Би-Сиге берген маегинде шаардан чегинип кетишкенин ырастады. Бирок "Хайят Тахрир ал-Шам" жихаддык тобунун билдирүүсүндө күчтөрдү "кайра жайгаштыруу" болуп жатканы айтылат.

Британияда жайгашкан "Адам укуктары боюнча сириялык мониторинг борбору" (SOHR) дагы Хан-Шейхун өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөнүн маалымдады.

Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Идлибдеги деэскалация тилкесинде орусиялык күчтөр бар экенин айтты.

Кытайдын Сирия боюнча атайын өкүлү Сирии Се Сяоянь "ИМ" экстремисттик тобунун күчтөнүүсүнө жол бербөө үчүн Асаддын өкмөтү менен оппозиция ортосунда сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.

"Бул жерде "Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдар кайрадан баш көтөрүп жатат жана анын белгилерин көрүп турабыз. Терроризм менен күрөш аягына чыгышы керек",-деди кытай дипломаты.

Ушул эле сыяктуу кооптонгон көз карашты New York Times басылмасы жазып чыкты. Америкалык жана ирактык аскер күчтөрүндөгү булактарына шилтеме берип, басылма "ИМ" тобу Сирия менен Иракта кайра күчтөнүп баштаганын жазды.

Идлиб провинциясына чабуул

Идлиб - президент Башар Асадка оппозиция болгон күчтөрдүн көзөмөлүндөгү акыркы провинция. Аймакта ошондой эле он миңдеген куралдуу радикал топтор бар экени маалым.

Сириянын өкмөтү жана Орусия аскер операциясы террорчуларды жок кылуу максатын көздөй турганын айтып келүүдө.

Бирок ошол эле маалда Идлибде өлкөнүн башка аймактарынан сүрүлүп чыккан түрдүү оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү баш калкалап жатат.

Соңку айлардагы чабуулдардан бир нече жайкын тургун курман болду. БУУнун эсебинде, учурда Идлибде үч миллион чамалуу жайкын тургун бар. Алардын ар бир үчүнчүсү балдар экени айтылууда. Болжолу 40 пайызы мурда оппозиция көзөмөлдөгөн аймактардан сүрүлүп келишкен.

Идлибден сырткары куралдуу оппозиция Алеппонун батыш тарабындагы Хама шаарын кармап турат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыштагы кабарчысы Себастьян Ашер:

Бул кырдаалда президент Асаддын жетишкендиги - Хан-Шейхундун Сириянын негизги экономикалык магистралында жайгашканы болду. Бул жол Дамаскты Хомс менен Алеппону байланыштырат. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги жол. Ошондуктан өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунун бирден-бир максаты ушул жолду көзөмөлгө алуу болгон.

Хан-Шейхунду алдырып жиберүү Идлибди көзөмөлдөп жаткан жихадчылардын жана көтөрүлүшчүлөрдүн коалициясы саналган "Хайят Тахрир ал-Шамдын" репутациясына чоң сокку болду. Анын негизги өзөгүн "Ал-Каидадан" бөлүнүп чыккан "Ал-Нусра Фронтунун" (көп өлкөлөрдө террористик уюм деп табылган) согушкерлери түзөт. (AbA)