Маалымат согушу жаңы баскычка чыктыбы?

Twitter "Гонконгдогу кырдаалды курчутууга багытталган" деген негизде 936 аккаунтту жапты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Гонконгдогу каршылык жүрүштөрү үч айдан бери уланууда

Коомдук сайт жүздөгөн аккаунттарга бөгөт коюп, мамлекеттик ММКлардын жарнамасын илүүгө тыюу салды. Эстеп көрөлүчү, мурда коомдук сайттын өкмөттөр менен чатакташкан учуру болду беле?

Twitter бөгөт койгон аккаунттар кытай бийлигине түз байланышы бар деп болжоп жатышат. Алар акыркы күндөрү Гонконгдогу митингчилерге карата активдүү чабуулга өтүшкөн.

"Бул билдирүүлөр Гонконгдогу саясий араздашууну жайылтып, нааразылык жүрүштөрүнүн мыйзамдуулугунан күмөн санатуу үчүн атайын жасалган. Бул мамлекеттин колдоосу алдында, дыкат координацияланган операцияга окшош көрүнгөнүнө бизде ишенимдүү далилдер бар",-деп айтылды Twitter компаниясынын расмий билдирүүсүндө.

Кытайдын материктик бөлүгүндө "Твиттерге" расмий түрдө бөгөт коюлган. Бирок ошого карабастан, миллиондогон кишилер VPN аркылуу кирип колдонушат.

Батыштын ири веб-платформалары өлкөдө иштебейт. Кытайдын өзүнүн Weibo деген коомдук сайты бар.

"Твиттер" - Кытай бийлигине доомат койгон биринчи коомдук сайт эмес. Өткөн аптада Telegram өзүнүн IP даректерине чабуул болгонун айтып чыккан.

Bloomberg маалыматына таянсак, Telegram жай айында эң көп көчүрүп алынган Гонконгдогу популярдуу тиркемелердин бири болду. Аны кытай бийлиги толугу менен жаап салган. Бирок ошого карабастан колдонуучулар ага VPN аркылуу кирүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Twitter
Image caption Twitter ушул сыяктуу билдирүүлөрдү айыптады

Орусиядагы абал

Telegram Орусияда ыңгайсыз жагдайга кабылган. Өткөн жылдын апрель айында Роскомнадзор Telegram администрациясынан Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) шифрлерин берүүнү талап кылган. Андан сырткары тиркемеге 800 миң рубль (болжолу 13,5 миң доллар) айып салган.

Федералдык коопсуздук кызматы мындан үч жыл мурунку Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууну ишке ашыргандар чабуулга даярданып жатканда "Телеграмды" колдонгонун айтып, ошондон кийин маселе жаралган.

Telegram шифрлерин берүүдөн кескин баш тарткан. Андан кийин мекеме IP даректерине бөгөт койгон чечимин кабыл алды. Компаниянын негиздөөчүсү Павел Дуров бөгөт коюла электе эле Федералдык коопсуздук кызматынын талабын аткаруу техникалык жактан такыр мүмкүн эмес деп айткан эле.

Ушундай эле дооматты орусиялык көзөмөл органы башка дагы батыш техногиганттарына койду. Бирок айыппул менен эле чектелди. Facebook жана Twitter компаниясы орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын берүүдөн баш тартты.

Сүрөттүн автордук укугу Zuma/tass

2018-жылдын соңуна чейин Орусия аймагында Facebook коомдук сайтына бөгөт коюлат деп эскертишкен. Бирок андай болгон жок. Ушул жылдын башында корпорация жалган маалыматтарды тараткан деген шек менен жүздөгөн орусиялык баракчаларды жаап салды. Өчүрүлгөн баракчаларга катталгандар саны болжолу 790 миңдей болгон.

Иран: "Инстаграмдан" башкасы

Коомдук сайттар ар дайым көйгөйгө кабылган өлкөлөрдүн бири - Иран.

Иран Батыштын коомдук сайттарынын баарына бөгөт койгон. Колдонуучулар бир гана "Инстаграмды" колдоно алышат. Бирок январдын башында аны дагы жабуу сунуштары айтылган эле.

Көпчүлүк колдонуучулар тыюу салынганына карабастан, коомдук сайттарга жолун таап кирип, катталууга аракет кылышат. Маселен, адистер Ирандагы "Фейсбук" колдонуучулар санын бир миллион деп эсептеп жүрүшөт.

Бул жерде кытайлыктар "Твиттерди" VPN аркылуу жашыруун кирип колдонгондой эле, ирандыктар дагы "Фейсбукка" жол табышкан. (AbA)