АКШнын жаңы ракеталары: жарыша куралдануунун жаңы доору

АКШнын ракеталык сыноолору Сүрөттүн автордук укугу AFP

БУУнун Коопсуздук Кеңеши бейшембиде кезексиз жыйынга чогулуп, Россия менен Кытайдын сунушу боюнча АКШнын канаттуу ракеталарды сыноосун талкуулаган жатат. Жаңы ракеталарды сыноо АКШ орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарга тыюу салган келишимден чыгып кеткенден кийин болуп жатат.

Россиянын ББУдагы туруктуу өкүлү Дмитрий Полянский бул маселени кароо сунушу Россия менен Кытайдан түшкөнүн ТАССка билдирди.

"АКШнын орто радиустагы ракеталарды чыгаруу жана жайгаштыруу пландары жөнүндө билдирүүлөрүнө байланыштуу Биз Кытай менен бирге бул маселени кароо керек деп чечтик",-деди Дмитрий Полянский.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны ачык форматта өтөт, БУУнун баш катчысынын өкүлү баяндама менен чыгып сүйлөйт.

Ракеталык жарыша куралдануу

АКШ өткөргөн ракеталык сыноолорду эксперттер дүйнөдө жарыша куралдануунун жаңы доору башталганын билдирет деп жатышат.

Сыноо жекшембиде Калифорниянын Сан-Николас аралында өткөнү белгилүү болду. Ракета 500 чакырымдай аралыкка учуп, бутага тийген.

Пентагондун билдирүүсүндө март айында эле миң чакырым алыска уча турган ракеталарды сыноо ниети болгону айтылат. Ошондой эле ноябрда орто аралыкка атыла турган баллистикалык ракеталарды сыноодөн өткөрүү каралууда.

Орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарга тыюу салган келишимге ылайык, 500дөн 5500 километр аралыкка чейин учкан ракеталарды колдонууга тыюу салынган эле. Келишимге 1987-жылы Рональд Рейган менен Михаил Горбачев кол койгон. Бирок бул келишимден АКШ менен Орусия чыгып кетти.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Россиянын ракеталык комплекси 9M729

АКШ келишимден чыккан себебин Орусиянын талаптарды бузганы менен түшүндүргөн. Орус бийлиги жашыруун жол менен жаңы үлгүдөгү ракеталарды иштеп чыгууда. Ал ракеталар 500 чакырымдан алыс бутага жетет деп айыптаган. Бирок орус тарап жаңы иштелип жаткан ракетасы 500 чакырымдан алыс атылбай турганын айтып чыкты.

Вашингтон мындай ракеталарды жок кылууну Москвадан талап кылып, мөөнөт берген эле. Буга жооп кылып, орус тарап дагы келишимден чыгып кеткен.

"Россия жооп бербей калбайт болуш керек. Бул канчалык симметриялык жооп болот, Россия өзүнүн ракеталарын Кубага же Венесуэлага жайгаштырабы, азыр айтыш кыйын. Бирок орустардын орто аралыктагы ракеталарын Европага жайгаштыруу же өлкөнүн Азия бөлүгүнө жайгаштыруу өзүнчө бир вариант. Бул үчүн Россиянын 9М729 ракетасы бар",-дейт Максим Старчак, Куинс университетинин эл аралык жана коргоо саясаты борборунун илимий кызматкери. (КС)

Тема боюнча башка макалалар