Дүйнө банансыз калабы? Өсүмдүк илдети Латын Америкага жетти

Банандын эң көп тараган кавендиш сорту өстүрүлгөн плантацияларды жок кылып жаткан өсүмдүк илдети Латын Америкага жетти. Адистер Fusarium TR4 грибогун Колумбиянын аймагынан табышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мындан улам жакынкы жылдарда банансыз калабызбы деп, кабатырлангандар бар. Буга негиз барбы?

Бүгүнкү күндө банан дүйнөдөгү миллиондогон кишилер үчүн маанилүү азык жана каражат табуунун булагы болуп калды. "Панамалык илдет" кишилер үчүн коркунучтуу эмес. Бирок ал банандын бүтүндөй түрлөрүн, анын ичинде кавендиш сортун дагы жок кылат. Адатта мындай бананды өстүрүү жеңил деп саналып келген.

Бананга жабышкан илдет

TR4 грибогу биринчи жолу 1990-жылдары Малайзия жана Индонезияда пайда болуп, кийин коңшулаш Кытайга тездик менен тараган. Мындай илдет өсүмдүктүн тамырын жана структурасын жабыркатат.

БУУ "панамалык илдет" банан өндүрүүгө олуттуу коркунуч жаратып, аны биротоло жок кылууга мүмкүн болбой жатканын эскертти. Андан сырткары грибок (жугуштуу оору таркатуучу жана түрдүү нерселерди ачытуучу өсүмдүк микроорганизми) жерде отуз жылга чейин кала берет экен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Буга чейин TR4 (Tropical race 4) Азия, Австралия жана Африка аймактарына тарап, бирок Латын Америкага жеткен эмес эле.

Колумбиядан өсүмдүк илдетин алгачкылардан болуп аныктаган Вагенинген университетинин окумуштуулар тобу болду. Колумбия менен коңшулаш Эквадор дүйнөдөгү эң ири банан экспорттогон өлкө. Окумуштуулар өсүмдүк идети чөлкөмгө чоң чыгымдарды алып келиши мүмкүн деп айтууда.

Кавендиш сорту 1950-жылдары фузариоздук грибок банандын популярдуу болгон Гро-Мишель сортун жок кылгандан кийин пайда болгон эле.

Айыл чарба адистери өсүмдүк илдетинен коргонуу үчүн фермелер колдонгон каражаттар айлана-чөйрөгө зыянын тийгизет деп тынчсызданууда.

Банан өндүргөн гиганттардын бири Fyffes кавендишке альтернатива боло турган сортту табууга кызыкдар. Бирок азырынча бул идея гана бойдон турат. (AbA)