Кулчулуктун башталганына 400 жыл, консерваторлорду ачууланткан долбоор

Африкалык кулдарды салган биринчи кеме Англиянын кол алдындагы Вирджинияга 1619-жылдын август айында келген Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Африкалык кулдарды салган биринчи кеме Англиянын кол алдындагы Вирджинияга 1619-жылдын август айында келген

Америкадагы кулчулуктун башталышынын 400 жылдыгына карата New York Times Magazine журналы тарыхтагы расалык теңсиздик боюнча масштабдуу долбоор баштады.

Таасирдүү республикачылар муну "калп" жана "пропаганда" деп сынга алып, аны бир учурдагы "Правда" басылмасына салыштырышкан.

"1619" долбоорунун материалдары басылманын гезит жана журналына жарыялана баштады. Жума күндөн баштап, сайтына чыгат.

Бул долбоор окумуштуулар, публицисттер жана демократ саясатчылар тарабынан жылуу пикирлерге арзыды.

Бирок, республикачыл жана консервативдик публицисттер муну тарыхты кайра оңдоп жазуу катары, расалык ажырымга түрткөн аракет катары сынга алып жатышат.

Долбоордун аталышы алгачкы жолу африкалык кулдарды салган кеме Британиянын кол алдындагы Вирджинияга келген жылга байланыштуу коюлган. Бул - 1619-жылдын августу эле. Кийин Вирджиния АКШнын штаты болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Kyle LaHucik
Image caption New York Times басылмасынын кулчулуктун тарыхына арналган саны

Кулчулук кийинки 250 жылга чейин уланып, плантациялык экономиканын негизин түзгөн.

Аталган долбоор кулчулуктун тарыхый аспектилерин эле карабай, расалык теңсиздиктин маданиятка, экономика, саламаттыкты сактоого, жана башка коомдук турмушка тийгизген таасирине токтолгон.

Долбоордо кара терилүү алдыңкы авторлордун расалык теңсиздик тууралуу репортаждары, тарыхый эсселер, поэзия, иллюстрация жана сүрөттөрү жарыяланат.

Америка коомундагы кулчулук мындан 150 жылдай мурун токтогонуна карабастан, расалык сегрегация жана мыйзамдын күчүнө ээ болгон расалык дискриминация кийинки жүз жылдыкка чейин уланган, деп жазат долбоордун алкагында биринчи жарыяланган баяндаманын автору Ханна-Жонс.

Бирок бул долбоор коомчулуктагы эки ача пикирлерге жем таштап, талкууларды күчөттү. (AbA)