"Чоң жетилик": Орусия үчүн чыккан талаш

Трамп и Макрон Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дональд Трамп менен Эммануэль Макрон Орусияны клубга кайрадан кошуу боюнча кайчылаш пикирде

Бүгүн Франциянын Биарриц шаарында "Чоң жетилик" саммитин жыйынтыктап жатат.

Жекшемби күнү Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифтин сүйлөшүүлөргө катышканы америкалык делегация үчүн күтүүсүз болду. Ал эми ишемби күнү өнүккөн өлкөлөр клубуна Орусияны кайрадан кошуу боюнча талкуу кызуу жүрдү.

Дүйшөмбүдө "Чоң жетиликтин" лидерлери Амазондогу чытырман токой өртүнө каршы күрөшүү боюнча техникалык план жана каржылык жардам боюнча сөз кылмакчы. Франциянын президенти Макрон Бразилиядагы кризис эл аралык масштабга айланды деп белгиледи.

"Чоң жетилик" "Чоң сегиздикке" айланабы?

Орусияны "Чоң жетиликке" кайрадан кошуу тууралуу АКШ президенти Трамп сөз кылды.

"Айрымдар Орусияны кайрадан кошууну каалашат. Менимче, бул кадам дүйнөлүк коомчулукка пайдалуу болот. Менимче, бул туура кадам болот. Мени колдогондор бар, азыр бул маселени талкуулап жатабыз. Кандай чечим кабыл алынарын билбейм, бирок кечээ күнү Орусия тууралуу сөз болду",-деди Трамп.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Саммитте "Брексит" көйгөйүнөн тарта эл аралык соода, Иран маселеси жана Амазондогу токой өртү талкууга алынды

АКШнын лидери Сирия жана Иран боюнча Москва менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү каалайт. Анткени Орусия Жакынкы Чыгыштагы чоң оюнчулардын бирине айланды.

Бирок Трамптын сунушу колдоо тапкан жок. Франциянын лидери Макрон Украинадагы кырдаал чечиле электе Орусияны "саммитке чакырууга эртелик кылат" деген пикирин айтып, бул кадам дүйнөдөгү "алдыңкы өлкөлөрдү алсыз көрсөтөт" деп кошумчалады. Мындай пикирди Европа Кеңешинин башчысы Дональд Туск дагы колдоду.

Орусия Крым аймагын басып алгандан кийин "Чоң сегиздик" саммитине чакырылбай калган.

Ага карабастан Дональд Трамп 2020-жылы АКШда өтө турган "Чоң жетиликтин" саммитине Орусиянын президенти Путинди конок катары чакырам деп билдирди.

Трампка күтүүсүз болгон окуя

Жекшемби күнү "Чоң жетиликтин" сүйлөшүүлөрүнүн бирине Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф катышты. Бул кадам Дональд Трамп үчүн күтүүсүз болгону айтылууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Президент Эммануэль Макрон Украинадагы кризис чечилгенден кийин гана Орусия саммитке чакырылат деген пикирин айтты

Кыска жолугушуудан кийин Зариф "Твиттер" баракчасына сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өткөнүн, бирок "алдыда көп кыйынчылыктар бар экенин" жазды.

Саммиттин алдында Зариф Франциянын президенти Макрон менен жолуккан. Президент Макрон Иран менен АКШнын ортосундагы мамилени жумшартууга аракеттенүүдө.

АКШ 2015-жылы Иран менен жетишилген өзөктүк долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кеткенден бери эки өлкөнүн мамилеси бузулду. Бирок келишимге кол койгон Европанын беш өлкөсү макулдашууну сактап калууну көздөп турат.

Сүрөттүн автордук укугу Javad Zarif
Image caption Мохаммад Зариф Биариццедеги сүйлөшүүлөрдүн сүрөтүн жарыялады

"Чоң жетиликтин" саммити 24-26-августта Биаррице шаарынды өтүүдө. Ага Франция, Германия, Улуу Британия, Италия, Канада, АКШ жана Жапония катышууда. Саммитте "Брексит" көйгөйүнөн тарта эл аралык соода, Иран маселеси жана Амазондогу токой өртү талкууга алынды.

Саммитке 1998-жылдан тарта алдыңкы экономикага ээ болгон "сегиз" мамлекет (Орусиянын катышуусу менен) катышып келген. 2014-жылы июнь айында Орусия Крым аймагын басып алгандан кийин клуб Сочидеги саммитке баруудан баш тартып, Брюссель шаарында "Чоң жетиликтин" саммиттин өткөргөн. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар