"Талибан" менен диалог токтоду, кырдаал кандай болот?

US troops in Logar province, July 2018 Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ооганстанда 14 миң АКШ аскери жайгашкан

Дүйшөмбүдө АКШнын генералдарынын бири талибдер менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин, Ооганстандагы жоочуларга каршы туруу үчүн америкалык аскерлердин акивдешүүсү мүмкүн экенин айтты.

Анын алдында Дональд Трамп "Талибан" жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү токтото турганын билдирген эле. Ошол эле маалда Ооганстандан америкалык аскер күчтөрүн чыгарып кетүү маселеси күн тартибинен түшө электигин белгилеген.

Ооганстанда АКШнын 14 миңдей аскери жана 8000 миңдей НАТО аскерлери бар. Дохадагы "Талибан" жана АКШ администрациясы ортосундагы сүйлөшүүлөр 2018-жылдын октябрынан бери жүрүп келүүдө. Бирок расмий ачык сүйлөшүүлөргө улай эле АКШ президенти жашыруун жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенген.

Ал жолугушуу АКШ президентинин шаар сыртындагы резиденциясында өтмөк болуп, өтө жашыруун даярдыктар көрүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн максаты 18 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу болгон.

Би-Би-Синин Ооган кызматынын редактору Давуд Азаминин пикиринде, "Талибан" келишимге Дохада кытайлык жана орусиялык өкүлдөрдүн катышуусунда кол койгусу келген болушу мүмкүн. Балким Трамп бул сүйлөшүүлөрдөгү негизги ролду өзү ойногусу келди.

Трамп америкалык күчтөрдү чыгаруу үчүн талибдер менен соодалашууга барган болушу мүмкүн деп жоромолдосо болот.

Орус бийлиги дагы көптөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Талибдердин делегациясы үч жолу Москвага келип кеткен.

"Орусия бир нече жылдан бери Ооганстандагы тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөргө катышып келүүдө. Бул жараянда Орусия негизги оюнчу болгусу келет. Конфликт чөлкөмгө таандык болгондуктан, региондогу башка өлкөлөргө тескери кесепетин тийгизүүдө. Андан сырткары Орусия региондо таасирин арттыргысы келет. Мына ушул жерден ал АКШ менен атаандашууда",- деп белгилейт Азами.

Азаминин пикиринде, Орусия бул жерде АКШнын өз алдынча ролу болушун каалабайт. Орусия өзүн ири эл аралык оюнчу катары көрөт.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн бузулганынан Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотууга аракет кылып келаткан АКШнын өзүнө жаман болот деп жатат талибдер.

"Талибан" Ооганстандагы согуштук аракеттерин улантат",-деп айтылат талибдердин расмий өкүлү Забизулла Муджахиддин билдирүүсүндө. Анын айтымында, сүйлөшүүнүн ишке ашпай калганынан АКШнын өзү азап тартпай койбойт, бул кадам "АКШнын Ооганстандагы аскерлери менен объектилеринде жаңы курмандыктарга алып келет".

Талибдердин айтымында, Вашингтон менен жетишилген келишимдер боюнча 23-сентябрда Кабулда Ооганстандын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү баштамак.

"Талибандын" билдирүүсү Дональд Трамп алар менен 8-сентябрга пландалган сүйлөшүүлөрдөн баш тарткандан кийин чыгып отурат. Трамп Кабулда 12 адам курман болгон теракттардан кийин Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдирген.

Соңку жылы АКШ менен талибдер сегиз жолу сүйлөшүү өткөрүп, Ооганстандан америкалык аскерди алып чыгуу, кан төгүүнү токтотуу жана бул өлкөнү эл аралык терроризмдин очогуна айландырбоонун кепилдиктерин көп талкуулашты.

АКШ менен "Талибандын" келишими эмне жөнүндө эле?

АКШ менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы тынчтык келишимдин шарттары боюнча Вашингтон жыйырма аптанын ичинде 5400 аскерин Ооганстандан чыгарып кетмек.

Буга чейин АКШнын Ооганстандагы атайын өкүлү "Талибан" кыймылы менен жетишилген тынчтык келишимин өлкөнүн президенти Ашраф Ганиге көрсөткөнү кабарланган.

Ооганстандагы "Талибан" кыймылы учурда 2001-жылдан бери эң чоң аймакты башкарып келет. Алар ооган өкмөтүн АКШнын куурчагы деп аташып, президент Ашраф Гани менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартышты.

АКШнын Ооганстандагы атайын өкүлү жар салган келишим Катардагы сүйлөшүүлөрдө жетишилген. АКШ менен "Талибан" кыймылы тогуз жолу жолуккан. Ооган өкмөтү "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүүлөргө катышпагандыктан, келишимди сынга алат деп күтүлүүдө.

Келишимге ылайык, талибдер Ооганстанда "Ал-Каида" сыяктуу террордук топторду жайгаштырбайт, Вашингтон болсо аскерлерин өлкөдөн чыгарып кетет.

"Келишимге кол коюлса, биз 135 күндүн ичинде беш аскердик базабызды жаап, өлкөдөн чыгып кетебиз деп макулдаштык",-деди Залмай Халилзад.

Учурда Ооганстанда 14 миң АКШ аскери жайгашкан. "Талибан" кыймылынын өкүлү Залмай Халилзад айткан келишимге макул болушканын Би-Би-Сиге "смс" аркылуу тастыктады. Бирок АКШ ооган өкмөтү менен талиптер сүйлөшүүлөрдү баштаганда гана аскерлерин чыгарып кетмекчи. Ошондой эле эки тарап ок атпоо келишимин сыйлашы керек.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани келишимди дыкат карап чыккандан кийин гана суроолорго жооп берерин билдирди. Ал талибдер келишимди сыйлабайт деген пикирде болуп жатат.

Ал аңгыча, ооганстандыктар АКШ-"Талибан" келишими күрөш менен келген эркиндикке коркунуч жаратышы ыктымал деп кооптонушууда. 1996-жылдан тарта 2001-жылга чейин талиптер Ооганстанга катаал мыйзамдарды киргизип, аялдардын укуктары тебеленген.

Ооган согушунун таржымалы

2001-жылы АКШ башында турган коалиция Ооганстанга аскерлерин киргизгенден бери абал турукташа элек. 18 жыл мурун бийликтен кулатылган "Талибан" кыймылы мурда жоготкон аймактардын көбүн кайрадан көзөмөлүнө алган. Би-Би-Синин иликтөөсү талиптер Ооганстан аймагынын 70 пайызында активдүү иш алып барарын аныктаган.

2001-жылы согуш башталгандан бери АКШ башында турган коалиция 3500 аскерин жоготту. Алардын 2300 америкалык аскер. БУУнун 2019-жылы февраль айындагы баяндамасында, Ооганстанда 2001-жылдан бери 32 миң жайкын тургун мүрт кеткенин жар салды. Ал эми Браун университети 58 миң ооган коопсуздук кызматкери, 42 миң согушкер каза болгонун билдирген.

АКШнын аскердик аракеттери менен 2001-жылдан бери он миңдеген талип куралчандары кармалып же жок кылынды. Бирок ага карабастан "Талибан" кыймылы алсырап калды деп айтууга болбойт. Он жыл мурун АКШ менен ооган өкмөтү өлкөдө 15 миң согушкер бар деп болжогон. Бүгүнкү күнү согушкерлердин саны 60 миңге жетти деп айтылууда.

Өткөн жылы талибдердин чабуулдары көбөйүп, ооган армиясы кыйынчылыкка туш болду. Ооган аскерлери туруштук берүүгө аракеттенип жатат. Бирок кишилей жоготуулар көп болуп, аскер башчыларынын жөндөмдүүлүгү чоң маселе бойдон калууда. Ошондой эле армияда коррупция күч алды, логистикалык көйгөйлөр чечиле элек.

Өлкөдөгү саясий тирешүү коопсуздукка терс таасир этүүдө. 2014-жылы президенттик шайлоодон кийин эки атаандаш топ Бирдиктүү улуттук өкмөт түзгөн. Ага карабастан эки саясий күч көптөгөн маселе боюнча мунаса таба албай келет.

Андан тышкары регионалдык мамлекеттер дагы кызматташуусун күчөтүшү керек. Ооганстанда тынчтыкты орнотуу үчүн АКШ, Кытай, Орусия сыяктуу ири державалардан тарта Индия, Пакистан, Иран жана Сауд Арабия сыяктуу регионалдык оюнчулар дагы бири-бири менен мунаса табуусу өтө маанилүү. Ошондой эле Ооганстандын ички оюнчулары дагы кызматташууга жол ачышы зарыл.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар