Гонконгдо каршылык акциясына окуучулар менен студенттер кошулду

Дүйшөмбүдөгү митингге студенттер да чыкты Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Дүйшөмбүдөгү митингге студенттер да чыкты

Гонконгдо миңдеген окуучулар жана студенттер сабакка барбай, бойкот жасап, демократиялык каршылык акциясын өткөрүп жаткандарды колдоого алышууда. Маалыматтарга караганда, жаңы окуу жылынын биринчи күнүндө эки жүз мектепте он миңдей окуучу келген жок.

Окуучулардын бойкот жасаган убактысы эки күндүк ири иш таштоо жана чоң митинг өткөрүү чакырыктарына туш келди.

Ɵткөн ишемби-жекшембиде болгон каршылык акциялары полиция менен демонстранттардын ортосундагы эң катаң кагылыштын бири болуп калды.

Демонстранттар бензин бомбаларын ыргытып, өрт коюшуп, шаардык парламенттин имаратына кол салышты. Полиция аларды таркатуу үчүн көз бууган газ, резина окторду колдонуп, союл менен сабады.

Ишембиде каршылык акциясына чыккандар аба майданына барчу жолду бөгөп алышып, поезддер токтоп, жүргүнчүлөр терминалга чейин жөө барышка туура келди.

Кара кийимчен адамдар терминалдарга чейин кирүүгө аракет кылды, бирок аларды куралдуу полиция күчтөрү өткөзгөн жок.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Саясий кризис

Гонконгдо саясий кризис үч айдан бери болуп жатат, азыр анын аягы көрүнбөйт.

Кылмышка шектүү адамдарды Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршылык билдирүүдөн башталган митингилер токтобой жатат.

Нааразылык билдиргендер Бээжин Гонконгдун автономиялык укуктарын тепсеп жатат деп сынга алышууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Экстрадиция боюнча 20 өлкө менен келишим түзгөн. Анын ичинде АКШ жана Британия сыяктуу өлкөлөр менен. Бирок Кытайдын өзү менен эч кандай келишим жок. Сүйлөшүүлөр соңку жыйырма жылдан бери жүрүп жаткан эле.

Ɵкмөт бул мыйзамды кароону убактылуу токтоткон, бирок митингдер токтогон жок. Демонстранттар полициянын ашыкча күч колдонду деп айыптап, өзүнчө иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.(KC)