"Брексит": Парламент “келишимсиз Брекситти” токтотту

The House of Lords Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түнкү саат бирдеги талкуу

Британ парламенти "келишимсиз Брекситке" бөгөт койгон мыйзамды кабыл алды. Эми мыйзам долбоору Лорддор палатасында жума күнү каралат.

Буга чейин Британиянын премьер-министри Борис Жонсон парламенттин ишин беш аптага токтотуп турууну Королевадан суранган. Ал премьер-министрдин өтүнүчүн колдогон. Ошондуктан парламент 9-сентябрда ишин токтотуп, 14-октябрда гана улантат. Айрым депутаттар Лорддор палатасы мыйзамды кароого жетишпей калышы мүмкүн деп маалымдашты.

Консерваторлор партиясынын Лорддор палатасындагы өкүлү оппозициядагы Лейбористтер менен түн ортосуна чейин сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мунаса тапты. Эми мыйзам долбоору парламенттин иши токтогонго чейин кабыл алынат.

Шейшемби күнү өкүлдөр палатасы жайкы эс алуудан кайтып келип, дароо премьер-министрге каршы жүрүштү баштаган. Добуш берүүдө 328 депутат колдоо көрсөтүп, өкмөттү парламентте күн тартипти аныктоо укугунан ажыраткан.

Борис Жонсон добуш берүүнүн алдында эле парламент "Брексит" мөөнөтүн жылдырууга аракеттенсе, кезексиз шайлоо маселесин көтөрө турганын айткан.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Премьер-министри Борис Жонсон кезексиз шайлоо маселесин көтөрөм деп эскерткен

Британиянын тарыхында саясий кризистер көп эле болгон. Бирок өкмөттүн парламенттин күн тартибин аныктоо укугунан ажыраганы, Жонсондун парламенттин ишин беш аптага токтотуу аракетинен кийинки соттук териштирүүлөр жана "Брексит" мөөнөтү жакындап келгени Британияны саясий туңгуюкка кептегендей.

Консерваторлор партиясынын айрым өкүлдөрү менен оппозициядагы Лейбористтер партиясы 31-октябрда Британиянын Евробиримдиктен "келишимсиз" чыгуу процессин токтотту. Жонсон өзүнүн партиясындагы анын демилгесине каршы чыккандар кезексиз шайлоодон кооптонуп партиянын буйругун аткарат деп ойлогон. Бирок алар Жонсондун сунушун колдогон жок, натыйжада алар партиянын өзүнөн чыгып калды. Учурда өкмөт парламенттеги көпчүлүк коалицияны жоготту.

Талдоочулар "Брексит" мөөнөтү жылат деп жоромолдошууда. Ошондой эле "Брексит" боюнча кайрадан референдум өткөрүлүшү да мүмкүн. Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин кезексиз шайлоого даяр экенин белгиледи.

Ал аңгыча Түндүк Ирландиянын партия лидери кезексиз шайлоону колдобой турганын айтып чыкты. Партия "Брексит" мөөнөтү жакындап калганда шайлоо өткөрүү "акылга сыйбаган" иш деген пикирде.

Кезексиз шайлоо өткөрүү үчүн депутаттардын үчтөн экиси Жонсондун сунушун колдошу керек. Премьер-министр кезексиз шайлоо долбоорун шаршемби күнү жарыялашы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин кезексиз шайлоого даяр экенин билдирди

Жонсон 17-октябрда өтө турган Европа Биримдигинин саммитинде "Брексит" келишимин оңдоп, Британияга ылайыктуу макулдашууга жетерине ишендирүүдө. Парламенттеги каршы депутаттар өз кезегинде "келишимсиз Брекситти" жокко чыгарууну көздөп турат.

Талдоочулардын баамында, Британия кезексиз шайлоо өткөрсө, аны "Брексит" боюнча экинчи референдум деп атаса болот дешүүдө.

"Брексит" боюнча талкуу күчөп жатканда, анын экономикалык кесепеттери боюнча талкуу уланууда. Өзгөчө "келишимсиз Брексит" региондогу экономикага чоң сокку болот. Европа мамлекеттеринин ички дүң өндүрүмү 19 триллион долларды же дүйнөдөгү экономиканын 20 пайызын түзөт. Бул аймактагы олку-солку абал дүйнөлүк экономикага таасир этээри калетсиз.

Учурда Дональд Трамптын соода согушунан улам дүйкөлүк экономика кризиске кептелди. Кытай менен АКШ валюта согушун баштайт деген дагы кооптонуулар айтылууда. Фунт кунун жоготсо, экономикалык кризис тереңдейт. (AT)

Тектеш темалар