Бай өлкөлөрдөгү өлүмдүн негизги себеби - рак

Дүйнөдө жүрөк, кан-тамыр ооруларынан каза тапкандар мурдагыдай эле көп. Бирок экономикасы кубаттуу, бардар өлкөлөрдөгү өлүмдүн негизги себеби рак илдети болуп жатканы айтылды.

Ребенок после химиотерапии Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мындай тыянак масштабдуу изилдөөдөн кийин белгилүү болду. Изилдөөнүн жыйынтыгы Lancet журналына жарыяланган.

Окумуштуулар соңку 12 жыл ичинде (2005-2016) жүрөк, кан-тамыр ооруларынан жапа чеккен 21 өлкөдөгү 162 миңден ашуун кишинин (35-70 жаштардагы) маалыматтарын изилдешип, мындай илдет кирешеси орто жана төмөн өлкөлөрдөгү өлүмдүн негизги себеби болуп жатканын белгилешкен. Бул илдеттен көз жумгандар орточо алганда жоготуулардын 40 пайызга чукулун түзгөн.

Ошол эле маалда кирешеси жогору, бардар өлкөлөрдө жүрөк, кан-тамыр ооруларынан көз жумгандар 20 пайызды түзөт. Ал эми рактан өлгөндөр 50 пайызга барат.

Кардиологдордун баамында, 2017-жылы дүйнөдө болжолу 55 миллион чамалуу киши көз жумуп, алардын 17,7 миллиону жүрөк, кан-тамыр ооруларынан, 4,6 миллиону рактын ар кандай түрүнөн өлгөн.

"Акырындап жүрөк ооруларынын көрсөткүчү төмөндөп жатат. Бирок алдыдагы он жылдыкта дүйнөдөгү өлүмдүн негизги себеби - рак болуп калышы мүмкүн",-деген EurekAlert басылмасына изилдөөнүн авторлорунун бири Жиля Дажене.

Изилдөө масштабдуу болгонуна карабай, аны универсалдуу деп атоого болбойт дейт авторлор. Маселен, изилдөө жүргүзүлгөн 21 өлкөнүн катарына Батыш жана Түндүк Африка өлкөлөрү, ошондой эле Орусия же Австралия сыяктуу ири өлкөлөр кирген эмес.

Кирешеси төмөн өлкөлөр деп топтолгон маалыматтар негизинен Түштүк Азия жана бир нече африкалык өлкөлөрдөн алынган.

Ошондой болсо дагы жалпысынан медициналык маалыматтар дүйнөдөгү 900дөй шаар жана айылдан чогултулуп, анализденди, дейт филиппиндик профессор Тони Данс. Демек, маалыматтар жетиштүү жана андан тыянак чыгарган жөндүү.

Presentational grey line

Изилдөө жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн тизмеси: Аргентина, Бангладеш, Бразилия, Зимбабве, Индия, Иран, Канада, Кытай, Колумбия, Малайзия, БАЭ, Пакистан, Палестин автономиясы, Польша, Сауд Арабия, Танзания, Түркия, Филиппин, Чили, Швеция, ТАР.