Шотландиянын соту Жонсондун парламент жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп тааныды

Жонсон_Брексит Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Шотландиянын соту премьер-министр Борис Жонсондун парламенттин ишин убактылуу токтотуп койгону мыйзамсыз деп тааныды. Эми акыркы бүтүмдү Британиянын Жогорку Соту чыгарууга тийиш.

Парламенттин ишинин токтоп калганын мыйзамсыз деп таанууга Шотландиянын жогорку жарандык сотунун үч судьясы тең колдоп добуш берди.

Улуу Британиянын өкмөтү парламенттин ишин убактылуу токтотуу өтүнүчү менен королевага августтун аягында кайрылган, королева буга макул болгон. Британияда монархия өкмөттүн сунушун дайыма аткарып келген.

Жонсон парламенттин ишинин токтоп турганы өкмөттүк жаңы программаны даярдоо үчүн керек деп жаткан. Жаңы программаны парламентке королева 14-октябрда алып чыкмак, бул демейде болуп келген тартип.

Премьер-министрдин бул кадамы парламенттин төмөнкү палатасындагы брексит маселеси боюнча ага каршы чыгып келген көпчүлүктү нааразы кылды. Алар парламент брексит процессине толук кандуу катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат деп өкмөттүн жүрүшүн конституцияга каршы деп сындашкан.

Парламенттин ишин токтотуу чечими канчалык мыйзамдуу болгонун аппеляциялык кароо Британиянын Жогорку Сотунда шейшембиде болот.

Брексит эми эмне болот, Жонсондун кандай жолу бар?

Улуу Британиянын парламентинин төмөнкү палатасы премьер-министр Жонсон"брексит" бүткөнгө чейин шайлоо өткөрүү планын четке кагып, октябрдын ортосуна чейин тыныгууга кетти. Ал аңгыча парламент кабыл алган "брексит" жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Кырдаал мындан кийин кайда барат?

Парламент кандай чечсе, ошондой болот деген жөнөкөй жооп бар, бирок Британияда азыр сырттан караганда акылга сыйбаган ар кандай варианттарды карап талкуулап жатышат.

Сыртынан караганда баары түшүнүктүү. Парламент 14-октябрга чейин иштейт. Ɵкмөт бул убакытта Евробиримдик менен брекситтин жаңы варианты жөнүндө бир чечимге келүүгө аракет кылат. Тил табышпаса, анда мөөнөттү 2020-жылдын 31-январына чейин узартат. Бул маселе Евробиримдиктин 17-18-октябрда боло турган саммитинде каралат. Ошондон кийин гана Британия парламенти кезексиз шайлоону качан өткөрүү жөнүндө маселени кароого киришет.

Бирок премьер-министр Борис Жонсон менен анын министрлери соңку күндөрү бир эле учурда "брекситтин" мөөнөтүн узартуу жөнүндө мыйзамды аткарарын жана кандай гана болбосун 31-октябрда Британияны Евробиримдиктен чыгарып кетерин убада кылып жатышат.

Формалдуу алганда Жонсон мындай мүмкүнчүлүк бар: мыйзам андан мөөнөтту жылдырууну же чыгуу келишиминин жаңы вариантын ЕБ менен макулдашууну талап кылат, бирок ал парламентте колдоо табууга тийиш.

"Демек, мен Брюсселге барып, келишим түзгөнгө жетишем, баары бир биз 31-октябрда чыгып кетебиз",-деп айтты журналисттерге Борис Жонсон 6-сентябрда.

Бирок Жонсон кантип келишимге жетишери азыр бүдөмүк болуп турган маселе. Биринчиден, ЕБ мурдакы эски позициялар боюнча жаңы сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес деп көп жолу кайталады, экинчиден, эки тараптын көп билдирүүлөрүнө караганда, алдын ала эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок, анткени Британия келишимден эң талаштуу пункт болгон Ирландиянын чек арасы жөнүндөгү маселени алып салууну талап кылууда, анын ордуна эч кандай сунуш берген жок.

Бул маселе боюнча эң соңку болуп Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкар Жонсон келген учурдагы басма сөз жыйынында үн катты.

"Биз бул туюктан чыгуу боюнча ар кандай конструктивдүү сунуштарды караганга даярбыз. Бирок биз укуктук кепилдиктердин ордуна жөн эле убадага көнө албайбыз",-деди ирландиялык премьер.

Дагы кандай варианттар бар?

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Түзүлгөн кырдаалдан чыгууга Жонсон үчүн кандай жол бар? Ал кандай гана болбосун 31-октябрда өлкөнү Евробиримдиктен чыгарып кетүүнү убада кылып премьер болгон, азыр болсо анын колунда чыгуунун мөөнөтүн жылдырууну талап кылган мыйзам турат. Эгер төмөнкү палата 15-октябрдагы шайлоого макул болсо, анда Жонсон Евробиримдиктин 17-18-октябрдагы чечүүчү саммитине чейин бул мыйзамды жокко чыгарганга, балким, жетишмек. Бирок андай болбой калды.

Укуктук нормалар менен саясий салттар аралашкан, чаташкан система азыр ушундай болуп турат, ошондуктан Британияда премьер-министр дагы кандай арга таап мыйзамды айланып өтөт деп кызуу талкуулап жатышат.

Ɵкмөттүк булактар менен саясатчылардын талкуусунан белгилүү болгон варианттар төмөнкүлөр:

  • премьер мыйзамды аткаруудан баш тартат, депутаттар сотко берет, өкмөт ал чечимге арызданат, иш создугат, ал аңгыча "катаң брексит" өзү келип калат;
  • дагы бир сценарий боюнча өкмөт мыйзамдын мыйзамдуулугун талашып сотко кайрылат;
  • мыйзам талап кылгандай, премьер Брюсселге кат жиберип, мөөнөттү жылдырууну өтүнөт, анын артынан эле экинчи катты жиберип, өкмөттүн өзү мөөнөттү жылдырганга каршы экенин билдирет;
  • премьер Евробиримдикти мөөнөттү жылдырууну өтүнөт, бирок биримдиктеги бир өлкө менен сүйлөшүп, мөөнөттү жылдырууга аны вето койдурганга жетишет.

Бул варианттар, акыркыдан башкасы, ишке ашыш үчүн, талкууга катышкандардын пикири боюнча кылымдарды карыткан британ мыйзамдарынан негиз боло турган толтура илинчек таап чыкса болот.

Ал эми Евробиримдик менен келишимге келсек, азыр бул сөздө теория көп болуп жаткандай: Евробиримдиктеги 27 өлкө "брексит" боюнча маселеде бир пикирде келатат.

Ырас, барган сайын биримдиктеги саясатчылар Британиянын позициясына кыжаалат болуп баштаганы байкалууда.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-ив ле Дриан телеканалдагы ток-шоуда Франциянын позициясы жөнүндө суроого: "азыркы шартта - жок, биз аны менен ар бир үч айда алек боло бермек белек" деп жооп бергени бар.

Нидерланддардын тышкы иштер министри Сигрид Кааг газетадагы маегинде ушундай эле маанайда сөз кылган.

"Эч бир келечеги жок бүдөмүк ишке караганда жаман болсо да айкын иштин артык экени көрүнгөн учур келип калды",-деген Кааг.

Бирок, бул билдирүүлөргө карабастан, эл аралык талдоочулар ЕБ Британияга убакыт берет, керек болсо аны 31-январдан кийин деле узартып жиберет деп жатышат. Британиянын төмөнкү палатасы кабыл алган мыйзам боюнча брексит мөөнөтү боюнча парламент чечип койсо, өкмөт эч кайда кете албайт. (КС)

Тема боюнча башка макалалар