Alibaba негиздөөчүсү Жек Ма пенсияга кетти. Компания кандай колго өтөт?

Кытайлык Alibaba Group электрондук соода аянтчасынын негиздөөчүсү Жек Ма директорлор кеңешинин төрагалыгынан кетерин бир жыл мурун билдирген эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жек Ма Alibaba компаниясын 1999-жылы түптөп, 20 жыл ичинде электрондук соода менен алектенген дүйнөдөгү ири корпорацияга айлантты.

Ал Кытайдагы эң бай бизнесмендердин бири. 2018-жылы анын байлыгы 40 млрд. доллар деп бааланган. Башкаларга окшобогон иш ыкмасы Маны белгилүү байлардын катарына кошту.

Отставкага кетүү тууралуу ниетин Жек Ма 2018-жылдын 10-сентябрында билдирген болчу. Өзүнүн туулган күнүнө туш келген корпорациянын 20 жылдык маарекесинде кызматын тапшырып бере турганын убада кылган экен. Ал 55 жашка толуп, шейшембиде туулган күнүн белгиледи.

Анын ордуна директорлор кеңешин учурда корпорациянын аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан Дэниэл Чжан ээлейт.

Жек Ма кызматтан кеткенден кийин кайрымдуулук иштерине жана билим берүү боюнча долбоорлорго көбүрөөк көңүл бурарын айтып келген.

АНАЛИЗ

Каришма Васвани, Би-Би-Синин бизнес кабарчысы

Өктөм сүйлөбөгөн, тартынчаак көрүнгөн Дэниэл Чжан өзүнүн мурунку жетекчисине такыр окшобойт.

Компанияда ага Сяояо-цзы деген каймана ат берип коюшкан. Бул ысым Кытайдын уруш өнөрү тууралуу китептеги каарман. Ал өзү мушташка чыкпайт, бирок башкаларды уруш өнөрүнө үйрөтүүдө алдына киши салбайт.

Мындай репутация чоң компания оңой эмес кырдаалда жашап жаткан чакта керек болушу мүмкүн. Анткени азыркы маалда кытай экономикасынын өсүүсү жайлап калды.

Чет өлкө базарларына чыгуу боюнча айтсак, бул жаатта иштер жакшы деле эмес.

Бир жагынан Батышка чыгууга АКШ тарабынан тоскоолдуктар болуп жатат. Ал эми Түштүк Чыгыш Азияны жана Индияны алсак, аналитиктердин пикиринде жергиликтүү менталитет, жана ал жердеги базарлардын өзгөчөлүгүнөн улам түшүнбөстүктөр бар.

Эң негизгиси Дэниэл Чжан эми Жек Мадай өзүнүн кол алдындагылардын жана эл аралык бизнес өкүлдөрүнүн сүйүүсүнө, урмат-сыйына арзый алабы деген маселе.

Сүрөттүн автордук укугу STR

"Кытайлык Жобс"

Жек Ма Кытайдын чыгышындагы Ханчжоу шаарында жакыр бүлөдө төрөлүп, өскөн. Өзүнүн карьерасын англис тил мугалими катары баштаган.

Отуз үч жашында биринчи жолу компьютер сатып алган. Интернеттен "пиво" деген сөздү издеп көрүп, бир дагы кытайлык бренд чыкпаганына таң калган экен.

Компьютердик технологиялар боюнча атайын билими жок туруп, батиринде отуруп алып, Alibaba компаниясын негиздейт. Өзүнүн досторун интернетте соода аянтчасын түзүү үчүн акча салууга көндүргөн. Бул анын биринчи аракети эле.

"Alibaba - бул анын үчүнчү аракети болду. Ага чейин эки жолу умтулуп көргөн. Ал интернетте чоң мүмкүнчүлүк бар экенин дароо аңдаган. Бирок зарыл болгон жолду табууга бир топ убактысын коротту",-дейт Ма тууралуу китептин автору Данкан Кларк.

Соңку жылдары Alibaba компаниясы электрондук соода аянтчасынан интернет-гигантка айланды. Азыр анын айдоочусуз башкарылган унааларды чыгаруу боюнча долбоору, кинокомпаниясы бар.

Данкан Кларктын пикиринде, Жек Ма бизнестеги ийгилигине харизмасы жана стратегиялык ой жүгүртүүсү аркылуу жетти. (AbA)

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Тектеш темалар