"Кремлдеги тыңчынын" окуясы: Олег Смоленков деген ким?

Дом Олега Смоленкова Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Стаффорддогу Смоленковдун үйү

Дүйшөмбүдө кечинде мурдакы орусиялык чиновник Олег Смоленковдун үй-бүлөсү Вирджиния штатынын Стаффорд шарчасындагы үйүн таштап чыгып кетти.

Мунун алдында эле бир нече америкалык басылмалар Смоленков "америкалык атайын кызматтын орус өкмөтүндөгү өтө баалуу тыңчысы" болгонун, анын бүлөсү ЦРУнун (Борбордук чалгын кызматы) жашыруун операциясынын негизинде убагында АКШга чыгарылып кеткенин жазышкан.

Би-Би-Синин Орус кызматы экс-чиновниктин азыркы жашоосу тууралуу маалымат алууга аракет кылды.

9-сентябрда NBC телекомпаниясынын логотиби түшүрүлгөн микроавтобус келип кеткенден кийин, Орусиянын 3-даражадагы мурдакы мамлекеттик кеңешчиси Олег Борисович Смоленковдун Стаффорд шарчасындагы америкалык тынч жашоосуна бүлүк түштү.

Журналисттер үйдүн коңгуроосун кагууга аракет кылып жатканда, эки кара унаа келип токтогон. Андан түшкөн кишилер өздөрүн "үй ээсинин досторубуз"деп тааныштырып, журналисттер эмне үчүн келишкенине кызыккан. "Жеке менчик үйдү" тез арада таштап кетүүгө кеңеш беришкен.

Эртеси күнү таң заардан үйдүн жанына АКШдагы алдыңкы ММКлардын ондогон телекамералары тизилди. Үйдүн эшик, терезелери бек жабылып турду. Коңшулары орус чиновнигинин бүлөсү кечинде үйдөн чыгып кеткенин айтышты.

Коңшуларынын бири Грэг Талли кабарчыларга сүйлөп берип жатып, Смоленковдор бир жылдай мурун көчүп келгенин ырастаган. Бирок шашылыш түрдө кайда чыгып кетишкени тууралуу анын кабары жок экен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Олег Смоленковду кантип издешти?

АКШнын чалгын кызматы 2017-жылы орус өкмөтүндө иштеген тыңчысын Орусиядан жашыруун алып чыгып кеткени тууралуу биринчилерден болуп CNN телеканалы өз булактарына шилтеме берип айтып чыккан.

Телеканалдын маалыматына караганда, атайын кызмат Дональд Трамптын администрациясы жашыруун маалыматтар менен иштөөдө каталыкка жол берип, америкалык тыңчы ачыкка чыгып калат деп чочулаган болушу мүмкүн.

Тыңчыны алып чыгып кетүү боюнча чечим 2017-жылы май айында Ак үйдө Трамп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Орусиянын элчиси Сергей Кисляк менен жолугушкандан соң кабыл алынышы мүмкүн деп айтылат макалада. Анткени америкалык президент күтүүсүз жерден орусиялыктарга Сирияга байланышкан өтө жашыруун маалыматты айтып жиберген. Ал маалыматты Вашингтон израилдик атайын кызматтан алган экен.

Жолугушуунун жыйынтыгы атайын кызматтын жетекчилигин Орусиядагы тыңчынын коопсуздугу тууралуу бир топ бушайман кылган деп кабарлайт Си-эн-эн.

Тыңчы тууралуу АКШ өкмөтү менен атайын кызматтын саналуу гана кишилери билген. Ал аркылуу алынган маалыматтар өтө баалуу болуп, ага теңдеш эч ким жок эле деп айтып берет телеканалдын булагы.

Бул маалыматты New York Times басылмасы дагы өз булактарына шилтеме берип жазып чыкты. Басылманын журналисттери бир нече айдан бери бул окуяны изилдеп келишкен экен.

New York Times "жогорку даражалуу тыңчы" америкалык атайын кызматка он жылдан бери иштеп келгенин ырастап, ага кеминде эки жолу - 2016-2017-жылдары Орусиядан кетүү тууралуу сунуш болгонун жазат. Анын Орусиядан "эвакуацияланышы" президент Дональд Трамптын аракеттери менен байланышы жок дейт аталган басылма.

Шейшембиде CNN телекомпаниясы орусиялык чиновникти алып чыгып кетүүгө Ак үйдүн жетекчисинин аракеттери себеп болду деген пикирин кайра айтып чыкты.

Бул жолу телеканал 2017-жылдын июль айында Гамбургда өткөн G20 саммиттиндеги Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусуна шилтеме берген.

Сүйлөшүүдөн кийин АКШ президенти жазылган сүйлөшүүлөрдү котормочудан бүтүндөй өзүнө алып, жолугушуудагы сөздөр тууралуу эч нерсени сыртка чыгарбоону тапшырган. Бул тууралуу билдирүү АКШнын атайын кызматын чуу түшүрдү деп билдирет телеканал.

Эртеси күнү эле америкалык басылмалар "жашыруун тыңчы" ким болгонун айтып чыгышты. Ал эми орусиялык басылмалар ким жөнүндө кеп болуп жатканын бат эле аныкташкан эле. Кыязы, сөз болуп жаткан чиновник Орусия президентинин администрациясында тышкы саясат бөлүмүнүн кызматкери Олег Смоленков болушу мүмкүн деп күн мурун жазып жатышкан.

Олег Смоленков кантип чыгып кеткен?

2017-жылы сентябрдын башында бир нече орусиялык интернет-басылмалар Черногориядан орус чиновнигинин бүтүндөй үй-бүлөсү дайынсыз кеткенин жазышкан. Смоленков жана анын жубайы Антонина үч баласы менен Москвадан Тиватка июлдун орто ченинде учуп кетишкен.

Туристтердин дайынсыз жок болуп кетишине Черногориянын полициясы эч кандай аракет көрбөгөнү айтылат. Бирок ошол эле убакта 2017-жылы Орусиянын Тергөө комитети "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, азыркыга чейин бул иш жабыла элек.

CNN, New York Times, "Коммерсант" басылмалары жубайлар 2018-жылдын 5-июнунда Вирджиния штатынын Стаффорд шарчасынан үч кабаттуу үйдү $925 миңге сатып алганын маалымдашты.

Олег Смоленков ким болгон?

Олег Борисович Смоленков 1969-жылы туулган. 90-жылдардын этегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлигенде иштеген. 2000-жылдардын орто ченинде Орусиянын Вашингтондогу элчилигинде каржылык жана чарбалык маселелер боюнча иш алып барган.

Маалыматтарга караганда, Вашингтондо жүргөн учурунда Смоленков ошол кездеги орус элчиси Юрий Ушаковдун ишенимине кирген. Ушаков азыр орус президентинин эл аралык маселелер боюнча кеңешчиси. Кийин Смоленковдун кызматтык тепкичи Ушаковдун таасири астында өскөндөй.

2008-жылы алар элчиликтен бир учурда кетишкен. Жарым жылдан кийин Юрий Ушаков Орусиянын өкмөтүндө аппарат жетекчисинин орун басары болгон. Смоленков дагы өкмөткө ишке келген.

Төрт жылдан кийин Владимир Путин президенттик креслого кайтып келгенде Ушаков сырткы саясатты тейлеген анын жардамчысы болуп дайындалат. Анын артынан эле администрацияга Олег Смоленков келип, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүндө иштеп калган.

2010-жылы Дмитрий Медведевдин жарлыгы менен Смоленков Орусиянын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси чинин алган. (AbA)

Тектеш темалар