Кыргызстан: латын арибине көчүү демилгеси

Кыргыз окумуштуулары кыргыз латын жазмасынын жаңы долбоорун иштеп чыгышты. Анкара университетинин профессору Гулзура Жумакунова даярдаган долбоор Кыргыз улуттук университетинде талкууланды.

Image caption Гүлзура Жумакунова , Анкара университетинин тил, тарых, география факультетинин профессору

Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Азербайжан, Түркмөнстан, Ɵзбекстан сыяктуу өлкөлөр латын арибине өтүүнү эгемендик алгандан кийин эле башташкан. Латын арибине өтүү чечимин жакында Казакстан да кабыл алды.

Окумуштуулар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү латын арибин колдонуп жатканын мисал тартууда. Кыргызстан кирилл тамгасын колдонуп келатканына карабастан виртуалдык чөйрөдө өзүнчө жана чет өлкөлөрдөгү кыргыздар бирдиктүү колдонгон латын жазмасы керек деп жатышат.

Жаңы долбоордун автору профессор Гүлзура Жумакунова кыргыз тилинде латын арибин колдонуунун бүгүнкү зарылдыгы жана мааниси жөнүндө Би-Би-Сиге берген маегинде токтоло кетти.

Г. Жумакунова: Азыр дүйнө өз ара байланыш тили катары англис тилин колдонууда. Жазуу каражаты катары латын тамгасына өттү. Бул биздин тектеш өлкөлөрдүн бардыгы, эң акырында Казакстан өтүшү менен биз ошол тектеш өлкөлөр ичинен бир орток жазуу чөлкөмүнүн сыртында калып калдык. Мунун албетте, бир топ себептери бар деп ойлойм. Кыргызстан азырынча латын алфавитине өтүүнү кечеңдетип турганы менен, бул заманыбыздын зарылчылыгы болуп турат. Жалгыз калуунун өзү эле суроо жаратпай койбойт. Кыргызстан эмне үчүн түрк элдеринин, түрк республикаларынын ичинен жалгыз калды? Өсүп келе жаткан муундун латын тилин билип туруп, анан өзүнүн тилинде, жазуусунда муну расмий түрдө колдоно албай жатканы бизди ойлондурат. Биринчи кезекте тилчи окумуштууларды ойлондурушу керек. Анан муну мамлекеттин расмий жазуусу үчүн эмес элдин, коомчулуктун өз ара байланыштарында колдонуу үчүн элге жарандык коом катары биз бүгүн мына ушул талкууну өткөрдүк. Мен ушул долбоорду сунуштадым. Муну менен биз ошол азыркы колдонуудагы кириллицаны жоюп салалы же ошого өтө калалы маанисинде эмес, күндөлүк практикалык колдонуубузда мына ушундай долбоорлор болсо, анан эл талкууласа ошол чаржайыттыктан, ар түрдүүлүктөн, паспорттогу чаржайыттыктардан кутулуу максаты менен мына ушуну сунуштадым. Бүгүнкү долбоордун жыйынтыгы дагы талкууланып анан дагы калкка тарап ыңгайлуу, элпек жазуу катары тарап кете турган болсо, расмий эмес жазышмаларда, практикада колдонула берет деген ойдомун.

Би-Би-Си: Кыргыздардын мурда кабыл алынган латын алфавити бар эле. Ошол алфавиттен бүгүнкү сунушталып жаткан жаңы долбоордун эмне өзгөчөлүгү жана айырмасы бар?

Г. Жумакунова: Учурдагы кирилл алфавитинде орун алып калган мүчүлүштүктөрдүн жаңы жазууда болбошуна өзгөчө көңүл бурулду. Алар кайсылар десеңиздер, кирилл алфавитине кирбей калган өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүгүбүз болгон артчыл, каткалаң -кы тыбышы жана сызылма жумшак -гы тыбышы "кыргыз" дегендеги эки тамга кошулду. Кыргыз, кагаз, комуз, тогуз деген сөздөрдөгү кездешкен тамгалар. Бул тыбыштар кыргыз тилинин негизги улуттук өзгөчөлүктөрүнүн бири катары классификациялык мааниге ээ. Мисалы үчүн кыргыз тилин түрк тилдеринин ичинен классификациялаганда ушул тамгалары бар тилдердин арасына кирет. Кээ бирөөлөр айтып жатышат -к, -г менен эле кала бербейт белек, -кы, -гынын эмне кереги бар деп? Бул эч мүмкүн эмес. Биз өзүбүздүн тилибиздин улуттук өзгөчөлүгүн жоготуп, башка бир класска кирип калышыбыз мүмкүн.

Тектеш темалар