Араб өлкөлөрү Израилдин Батыш жээкти аннексия кылуу планын сындады

Иордан өрөөнү Батыш жээктин үчтөн бир бөлүгүн ээлейт Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Иордан өрөөнү Батыш жээктин үчтөн бир бөлүгүн ээлейт

Араб өлкөлөрү Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун эгерде шайлоодо утуп чыкса, Батыш жээктин бир бөлүгүн аннексиялап алуу жөнүндө айткандарын катуу сынга алды.

Палестиндер көп жашаган Батыш жээктин аймагы 1967-жылы Израиль тарабынан жарым-жартылай оккупацияланган. Палестиналыктар Батыш жээги бүтүндөй аймагы менен болочоктогу көз карандысыз Палестина мамлекетине таандык болушу керек деп айтып келе жатышат.

Нетаньяху буга чейин эле Израиль коопсуздук үчүн Иордан өрөөнүндөгү кийгилишүүсүн сактап калат деп билдирген. Бирок бир да жолу "аннексия" сөзүн колдонгон эмес эле.

Израиль менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан палестиндик комиссиянын өкүлү Саеб Эрикат Батыш жээктин аннексия болушу "аскер кылмышы катары каралып, чөлкөмдөгү тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн жок кылат" деп айтты.

Араб мамлекеттеринин лигасы Израиль премьеринин айткандарын агрессия катары баалады.

Сүрөттүн автордук укугу AHMAD GHARABLI
Image caption Иордан өрөөнүндө көптөгөн палестиналыктар жан багышат

Ошондой эле Түркия, Иордания, Сауд Арабиясынын расмийлери дагы билдирүү жасап, израилдин аракетин сындап жатышат. Сауд Арабиясы Ислам кызматташтык уюмуна мүчө 57 өлкөнүн тышкы иштер министрлерин чукул жыйынга чакырды.

Биньямин Нетаньяху өзүнүн планын шайлоо алдында жарыялап олтурат. 17-сентябрда өлкө боюнча жалпы шайлоо өтмөкчү.

Израиль 1967-жылы Чыгыш Иерусалим, Батыш жээк, Газа жана Голан дөңсөөлөрүн оккупациялап алган. 1980-жылы Израиль Чыгыш Иерусалимди, 1981-жылы Голан дөңсөөлөрүн аннексия кылган. Бирок дүйнөнүн көп өлкөлөрү азыркыга чейин бул жерлерди Израилдин аймагы катары тааныбайт. (AbA)

Тектеш темалар